ПАМПЕРС ЗЫЯНБЫ ЖЕ...

Памперс – энелер үчүн ыңгайлуу буюм. Түндө туруп баланын алдын улам кургактабайсың, бир жакка чыкканда да жалаяктарды додо кылып алып жүрбөйсүң. Бирок ошол оңой колдонулуучу буюмдун зыяны жокпу? Ушул тууралуу сөз козгойлу.

ПАМПЕРСТИ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Памперс – адамды кир жуугандан жана үтүктөөдөн куткарчу буюм. Андыктан ата-эне балага көбүрөөк көңүл бура алат. Бирок бардык учурда эле ата-эне цивилизациянын бул жетишкендигин туура колдоно бербейт.
  • Ымыркайга биринчи ирет памперс кийгизгенден соң сөзсүз түрдө терисинде кызаруу жокпу, текшерүү кажет. Эгер кызаруу билинсе, анда башка маркадагы памперске алмаштыруу керек.
  • Памперс – сейилдөөдө, бейтапканага каттоодо алмаштыргыс буюм. Болгону, аны бир күндө 4-6 саат гана кийгизүүгө болот. Памперсти алгандан кийин, бала жылаңач жата турушу керек. Бул баланын жука чурайы “аба жутушу” үчүн зарыл. Анан кийин баланын алаасын нымдандыруучу крем менен майлап коюу туура.

Оң жактары:

  • Нымды соруу менен баланын териси үчүн жайлуулукту түзүп берет.
  • Колдонууда жеңил.

Терс жактары:

  • Зааранын заматта сорулуп кетиши баланын заара кылуу процессин сезбей калуусуна жеткирет. Башкача айтканда, рефлекс иштелип чыкпай калат. Дал ошондуктан дайыма памперс менен жүргөн бала горшокко өз алдынча заара ушатууну көп убакытка дейре үйрөнө албайт.
  • Дайыма памперс менен жүргөн бала заарасын кармап турууну, токтотуп калууну таптакыр билбей калат. Бул акырындап энурезге (зааранын токтобой калышы) алып келиши мүмкүн.
  • Окумуштуулардын айтуусунда, памперсти көп колдонуу уул балдарды кийин тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Анткени памперстин жука чурайды ысытуучу таасири бар. Демек, баланын умасы (урук калтасы) да ысыйт. Бул анын ичиндеги жумуртканын нормалдуу өсүшүнө зыян тийгизет. Ошентип, кийин бала тукумсуз болуп калышы мүмкүн.

САПАТСЫЗ ПАМПЕРСТЕН АБАЙЛАҢЫЗ!
Сапатсыз памперс начар кийим сыяктуу эле аллергияга алып келет. Алтургай жыныстык мүчөлөрдү сезгентип, ооруга чалдыктырышы да толук мүмкүн. Андыктан көчөдө арзан сатылган памперсти албаган оң. Памперсти дарыканалардан маркаларына карап, сертификатын сурап, анан сатып алуу зарыл.
Арзан памперстер заараны жакшы сиңирбей, сапатсыз материалы абаны өткөрбөй, денени кысат. Мындан тышкары терини дүүлүктүрүп, кычыштырат. Арзандарынын көбү калың болуп, бала жөрмөлөгөндө, басканда, ойногондо тоскоол болуп жүдөтүп, чүнчүтөт.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Памперстин зыяндуу жактары аны күн-түндөп колдонууда, сапаты начарларын пайдаланууда экендигин билдиңиз окшойт. Демек, памперсти чеги менен сапаттуусун колдонсо, зыяны жок.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aiklaus
2010-10-26 00:23:24
Urmattuu Super Info Pampers degen bul osu markanyn aty da.Al emi orus tilinde podgusnik she pelenka desek bolot.Kyrgyscha kadimkidei ele shalajak desek tuura kotorulat go deim?
0
Love_kg
2011-11-05 15:34:59
aiklaus, да правильно, памперс это просто название подгузника.
0
sanajet
2010-10-26 13:26:42
мен да макаланы ачканда эле ошол "Pampers" жалаяктары жонундо го деп ойлопмун. (aiklaus га кошуламын)
0
aminali
2010-10-27 01:04:57
PAMPERS marka ekenin bilebiz,keniri elge tuwunuktuu boluw u4un jaziwti da "shaiajak"dese e4 kim tuwunmok emes PAMPERS degen u4un kop4uluk kalk TUWUNYUP JATAT DA.
0
Love_kg
2011-11-05 15:35:54
aminali, надо было написать тогда жалаяк а в скобке (подгузник)...
0
edikad
2010-10-27 11:35:41
Бирок сиздер бир фирманын атына шек келтирип жатасыздар, ал фирма сиздерди сотко берсе болот... созду этияттап тандап жазсаныздар жакшы болмок урматтуу журналисттер...
0
Мика
2010-10-27 12:58:14
Сындайт десе эле баарынар укмуш акылдууболуп кетесинер да. Жалаяк деп койсо баарынын ою кадимки матаны ойлошу мумкун. Памперс калын элге жайылган, аны атайын бир фирма деп деле тушунбойт эч ким. Анан да памперстин шумдук аталыштагы турлорунун сыртында деле памперс деп тур
0
aminali
2010-10-27 15:32:06
Firmanin eeleri KIRGIZSTANdegen olko ar ekenin bilet boldu beken?sotko berbeit raxmat aitiwat kaira.
0
cosmopolit
2010-10-30 14:25:04
подгузник десе орусча жазып койуптур деп чыкмаксынар...жалаяк десе да бирдемени айтып чыкмаксынар...ошону учун тушунуктуурок памперс деп жазышты...орустар деле оздору подгузник дебей эле маркасына карабай жалпак тил кылып памперс деп алышкан...
0
zarya
2010-11-04 02:54:12
cosmopolit tup tura aitat
0
aiklaus
2010-12-06 22:31:43
Super infonu deerlik eldin baary okuit.Makalada osho elge kotormosun tushundurup ketse bolmok.Anan okugandan kijin ii oshondoi eken dep emkide bile shurot da.El oshoncho ele makoo emes da.She Super info Kyrgysdarga bolot dep ele shasa berdibi.Orustardyn sharnamalarynan uksanar podgusnik dep ele aityshat.
0
Tuzik
2010-12-24 22:20:04
Men Germaniada 1 jyl jurup jash baldardyn pampers kijip jurgondorun korgom,anan da zyian jagy jok ele kun tun dep kijgizishet a bizde ele Kyrgyzdar zyian dep chygyshat esli zyian bolso,nemester koboiboit ele da bul sozdu men kalp demekchimin. ,
+4
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан