Панкреатит оорусу өтүшүп кетсе уйку бези толук алынып салынат да, адам кант диабетине чалдыгат. Ал эми өнөкөт түрү убак-убагы менен кармап, азапка салат. Андыктан уйку безин сактоо керек. Мурун аталган оору менен орто жана улуу муундагылар ооруса, учурда жаштар арасында да көп кездешүүдө. Ушуга байланыштуу панкреатит оорусу тууралуу врач-гастроэнтеролог Болот Турусбековдон маалымат алдык.
УЙКУ БЕЗИ ГОРМОН ЖАНА ФЕРМЕНТТЕРДИ БӨЛҮП ЧЫГАРАТ
Панкреатит – уйку безинин сезгенүүсү. Аталган орган ашказандын артында орун алып, узундугу 15 сантиметрге чейин жетет.
Уйку бези тамак-ашты аш кылууда керектелүүчү ферменттерди, атап айтсак, амилаза жана липазаны иштеп чыгарып, 12 эли ичегиге куюп турат. Амилаза көмүртекти, ал эми липаза майларды бөлүп, ажыратууга катышат. Ферменттер 12 эли ичегиге барганда гана активдешип, тамак-ашты аш кылууга катыша баштайт. Аталган без сезгенгенде бездин клеткалары, аны менен кошо бездин иштөөсү бузулуп, ферменттер 12 эли ичегиге жетпей эле канга кошулуп, активдешип кетет.
Андыктан уйку бези ооруганда кандагы амилазанын деңгээли текшерилет.
Уйку бези инсулин гормонун да бөлүп чыгарат. Аталган гормон кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп турчу касиетке ээ. Курч кармаган жана өнөкөт панкреатит болуп 2 түргө бөлүнөт. Курч кармаган дартты дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт.
ЭМНЕДЕН УЛАМ ЖАРАЛАТ?
Курч кармаган жана өнөкөт панкреатитти аныктоодо төмөнкү ыкмалар колдонулат: УЗИ, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, кандын жана зааранын анализи. Адатта текшерүүдө уйку безинин түтүгүнүн ичкериши, бездин калыңдашы (кальцинаттар жаралат), өлгөн ткандардын ордуна ичине суюктук толгон барсылдактын пайда болушу жана башкалар аныкталат.
ДАРЫЛОО
Курч кармаган түрүнүн келип чыгышына жараша дарылоо жүргүзүлөт. Эгер керек делинсе операция жасалат. Уйку бези, жогоруда айткандай, инсулин гормону менен ферменттерди бөлүп чыгарат. Эгер ал толук алынып салынса, адам кант диабетине чалдыгып, өмүр бою инсулин менен ферменттерди алмаштыруучу дарыларды ичип калат. Андыктан хирургдар анын жок дегенде 15-20 пайызын сактоого аракет кылышат. Уйку бези 1 жылдын ичинде өсүп, калыбына келип калат. Эгер толук чирип калса, айла жок алууга туура келет.
Өнөкөт түрүн дарылоодо диета, дары-дармек, айрым учурда фермент да сунушталат. Фермент ич дамамат көөп турса, ич өтүү күтүлгөн учурда берилет. Эгер дарт өт баштыкчасынын таш оорусунан жаралган болсо, анда өт баштыкчасы операция жолу менен алынышы керек.
УЙКУ БЕЗИН КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ ҮЧҮН ТУУРА ТАМАКТАНУУ
Канымжан Усупбекова