70-ЖЫЛДАРДЫН ХИТИ «АК ЧЫНЫНЫН» КЫЗЫКТУУ ТАРЫХЫ

“Чаңкаганда чай ичкин деп сен мага

Белек кылып берген элең, жаш сулуу...” Быркырап сынып калган ак чыны тууралуу ырды билбеген киши аз болсо керек. Айтылуу Байдылда Сарногоевдин калемине таандык бул чыгарма тууралуу бир топ кызыктарды топтодук. Бул ырга обонду 10-классында чыгарган Бакай Нишарапов ырдын тарыхын айтып берди. “Ат-Башыга барсам ал жактан автору табылат, Ак-Талаага келсем ал жактан да табылат. Ага Байдыкенин да тагдырын кошуп жиберген учурлар болду. Мен ырчы болбогондон кийин “ыр меники” деп айткым келбей, ичимден күлүп тим болчумун”,- деп эскерет ал.

“7-КЛАССЫМДА МУЗЫКА САБАГЫНАН МУГАЛИМ БОЛГОМ”

– Музыка дүйнөсүнө мени Сейдин Оморбеков деген композитор жетеледи. Чымындарымды байкап, ата-энемдин уруксатын алып мага баян черткенди үйрөттү. Кийин музыкалык мектепке тапшырдым. Ал кезде музыканттардын да жоктугубу, 7-классымдан тартып бала бакчада музыка сабагынан мугалим болуп иштей баштагам.

10-класста “Ак чыны” ырынын обонун комуз менен чыгаргам. Обону жаралганы менен, текст таба албай жүрдүм. Ырдын тексти 1974-жылы жазылган. Улуттук университетте физика-математика бөлүмүндө 1-курста окуп жүргөн кезим эле. Таластан жаңы келип, студенттик концерттерде ырдап, баян чертип, чыгармачылыгым күч алып турган учур болчу. Жатаканада чогуу жашаган жигиттердин бири “сенин бир жакшы обонуң бар го, ошого текст таап, ырдап чыкпайсыңбы?” деп сунуштап калды.

“ЧЫНЫНЫ АЙЛАНТЫП ТУРУП БАЙДЫКЕМ ТӨГҮП САЛГАН”

– 17 жашта элем, Байдылда Сарногоевди таанычу эмесмин. Ал кезде Байдыке атактуу акын болуп калган экен. “Обонго текст табалы” деп мага сунуштаган жигит “сени бир мыкты акын менен тааныштырам” деп калды. Дал ушундай жаз жаңы келип турган мезгил эле. 3-4 жигит болуп “Панфилов” сейил багында жайгашкан сыраканадан Байдылда Сарногоевди таптык. Алыстан “ушу киши” деп көрсөтүштү. Плащынын жакасын тургузуп койгон, шляпа кийген адам экен. Биз столун тегеректеп туруп калдык. Тыңыраак балабыздын бири жүгүрүп барып сыра алып келди. Андан жутуп, өңүнө кызыл жүгүрүп, бизди жай карап алды. “Кана, балдар, мени эмнеге издеп келдиңер?” деди. Балдар мени тааныштырып, “бул жигиттин жакшы обону бар. Ошого калем учундагы жакшы ырларыңыздан болсо жазып берсеңиз” деп калышты. Ал “жаш жигиттердин сүйүүсү курч болот, аппак болот” деп ойлонуп калды. Столдун четинде туз салынган калың, кичине чыны турган экен. Тузду столдун үстүнө төгүп, бир карады. Чыны апакай, сызыгы да жок, оймосу да жок эле. “Кокустан ушул чыны колумдан түшүп кетсе эмне болот?” деди. “Жерге түшсө сынат” дедик. “Сынганда да чачырап кетет, калыбына келбейт” деп дагы ойго түшүп кетти. Оозубуз ачылып атактуу адамдын жанында эмне дээрибизди билбей тура бердик. Чыныны колуна кармап туруп эле акын төгүп кирди. Бири калем сабын сууруп, бирибиз салфеткага жулунуп, бири кагаз таап келип оозунан эмне чыкса шакылдатып жазып баштадык. Биз анткиче ал киши көп куплетти тоголотуп жатат. Токтоп, жазганга жетишип калышсын деген жок. Кулакка илинип калганын шатыратып жазып жатабыз. Ар кимибиз эки-үчтөн саптарды жазып калдык. 10 куплеттей айтты окшойт, анан “аман болгула, жигиттер” деп жакасын көтөрүп, колун чөнтөгүнө салып кетип калды. Балдар кагазга жазылгандын баарын чогултуп мага карматып коюшту. Жанагы саптарды бирде алдына коём, бирде үстүнө чыгарам, уктап жатышкан балдарды ойготуп сурайм, айтор, түнү менен кураштырдым.

“РАДИОГО БЕРБЕЙ КОЙСОМ ДА ХИТ БОЛУП КЕТКЕН”

– Ансамблде солист элем, ырды өзүм ырдап жүрдүм. Тез убакытта элге жайылып кетти. Бир күнү жанымдагы жигиттер “Ак чыныны" радиого бербейлиби” дешти. Элге таанымал болуп калган учурум эле, радиодон кубанып тосуп алышты. Мени үн жаздыруучу кабинетине киргизип ырдатып көрүштү. Ошол кезде үн оператору болуп пультта бир улуу адам отурган. “Мага бул ырдын текстин жазып бер, мен ырдап чыгам. Мындан да атактуу кылам” деди. Мен жашмын да, ичим тарыдыбы, “эмнеге бул ырдашы керек, өзүм эле ырдайм” деп текстти бербей, үн жазууну токтотуп кетип калдым. Капа болуп кетип баратсам жанымдагы балдар “кейибе, сен муну өзүң эле популярдуу кылып аласың” дешти. Ырдын да адамдыкындай тагдыры болот экен. “Ак чыны” студенттердин арасында тез эле хитке айланды.

“АЛТЫН ФОНДГО” ИЗДЕП КЕЛИП КИРГИЗИШКЕН”

– Мен окууну бүткөндөн кийин айылда келинчегим экөөбүз тең мугалим болуп иштеп жүрдүк. Ошол кезде Жалил Садыков баш болгон чоң комиссия ырларды “Алтын фондго” тандачу экен. Алар мени Таласка издеп келишиптир. “Ак чыны” деген ыр сеники деп жатышат, ырдын авторун таппай, “Алтын фондго” киргизе албай жатканбыз. Кана, ырдачы” дешти. Ырдап берсем “нотага түшүрө аласыңбы?” дешти, нотага түшүрүп бердим. Ошентип “Алтын фондго” өткөрүп алышты. Бир ай өтпөй гонорары келди, ошол кезде райкомдун секретарынын айлыгы 200 рубль болчу, мага 462 рубль берди. Ал акчаны атама берсем “сен математик болбой эле, ыр жазсаң болмок экен. Ушунча гонорар бир ырың үчүн келип жатса” деп аябай сүйүнгөн (күлүп). Эки куплет ырым үчүн ошончо акча алгам. Жакында Айбек Касымов жаңылап ырдап чыгып, үчүнчү куплетин кошту. “Чаңда жатты быркырап” деген куплетти эл өзү кошуп алган, оригиналында 2 эле куплет.

Кийин чыгармачылыктан алыстап кеттим. КГБда иштеп жүрүп пенсияга чыктым. Кызыгы Ат-Башыга барсам ал жактан автору табылат, Ак-Талаага келсем ал жактан да табылат, ага Байдыкенин да тагдырын кошуп ийген учурлар болду. Мен башка обон чыгарбагандан кийин, ырчы болбогондон кийин “автору менмин” деп айткым келбей, ичимден күлүп тим болчумун. Бир жолу Ысык-Көлдөн такси менен келе жатсам таксист жаш жигит кыңылдап ырдап калды. Мен чыдабай кетип жакшылап ырдап берсем, ыйлагысы келип кетсе болобу. “Ушу ырды ата-энем чогуу отуруп аябай жакшы ырдачу эле, аларды сагындым” деп жатпайбы. Көрсө, ата-энесинин көзү өтүп кетиптир.

Пенсияга чыккандан кийин мэриянын бир концертинде акыркы жолу “Ак чыныны” ырдагам. Андан кийин ырдай элекмин. Меники экенин сүрүштүрүп таап, маек алганыңарга рахмат.

Айбек Касымов, ырчы: “АК ЧЫНЫ” МЕН ҮЧҮН ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛДУ”

– Бул чыгарманы ата-энем, аяш аталарыбыз жакшы ырдашчу. Буга чейин эч ким ырдаган эмес, ырдап чыккым келди. Ырдап чыккандан кийин обону Бакай агайдыкы экенин билип, сураштырып таап алдым. Ал киши мага батасын берип, чыгарманын жаралуу тарыхын айтып берди. Сөзүн акын Байдылда Сарногоев жазган экен. “Ак чыныны” жаңылап ырдап чыккандан кийин улуу муундун жакшы пикирлерин угуп, баталарын алдым. “Ак чыны” мен үчүн ийгиликтүү ыр болду.

“АК ЧЫНЫ”

Сөзү: Байдылда Сарногоевдики

Обону: Бакай Нишараповдуку

Чаңкаганда чай ичкин деп сен мага

Белек кылып берген элең, жаш сулуу.

Колдон түшүп сынып калды кокустан, ай,

Атаганат, өмүрүнүн аздыгы.

Ак чыны, ак чыны,

Атаганат, өмүрүн аздыгы.

Ошол күнү чыны жатты быркырап,

Ар бир сынык өз алдынча буркурап.

Сен сынсаң да, сени сунган перизат, ай,

Жашаса экен жары менен ынтымак.

Ак чыны, ак чыны,

Жашаса экен жары менен ынтымак.

Кош бол эми, кооз гүлдүү ак чыны,

Сага жетпейт чынылардын актыгы.

Сен сынсаң да, сени сунган перизат, ай,

Жашаса экен, жары менен бактылуу.

Ак чыны, ак чыны,

Жашаса экен, жары менен бактылуу.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-03-16 10:14:45
Кайыненемдин эн жакшы коргон дежурный ыры болчу.
0
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан