Бул тууралуу ата-энелер тынчсызданып, врачтар талашып-тартышышат. Кеп баланы алып жүрүүдө колдонулуучу сумка-слинг жана “кенгуру” тууралуу болууда. Экөөнүн кайсынысы жакшы? Мүмкүн, экөөнүн тең терс жактары болуп жүрбөсүн?
СЛИНГ
Слингди колдонуучу энелер (жоолукка же шарфка баласын таңып көтөрүп жүргөн америкалык индейлер сымал) кийинки кезде көбөйүүдө. Алар жаңы туулган баланын керебетте жалгыз калбаганын, ошол эле кезде эки колдун бош болушун баалашат. Баланы атайын жоолук (шарф) менен таңып алып сейилдөөгө, үйдө жумуш кылууга, алтургай басып жүрүп эле баланы эмизүүгө болот.
Бирок ушул ыңгайлуу көрүнгөн слинг тууралуу талаш-тартыштар бар.
“КЕНГУРУ” РЮКЗАГЫ
“Кенгурулардын” түрү көп. Алып айтсак, кичинекей ымыркайлар жана басып, чуркап калгандарга чейин. Эң чакан “кенгуру” 2 аптага, кийинкиси 4 аптага толгондон тартып салып жүрүүгө ыңгайлашкан. Буларда баланы жаткырып алып жүрүүгө болот. Мында баланын омурткасына күч келбейт.
Окумуштуулардын айтканына караганда, 4 айга чейинки балдарды отургузуп алып жүрүүчү “кенгуруда” көтөрүүгө болбойт. Анткени алардын ката элек омурткасына күч түшүп, кыйшык болуп калуусуна, ушундан улам ички органдарына залака келүүсүнө коркунуч чоң.
“Кенгуру” рюкзагынын баланы салып көтөрүп жүргөндө анын омурткасына күч келтирбей турган сапаттуулары бар. Буларда баланын денеси жана омурткасы туура кармалат (рюкзактын атайын материалдардан жакшы жасалган бекем капталдары, арткы жөлөнгүчү жана отура турган жери баланын салмагын жамбашка, омурткаларга тегиз бөлүштүрөт). Рюкзактын боолору жана бел туштан курчоочу куру да жазы. Күндөн, шамал менен жаандан калкалоочу капюшону да бар.
“Кенгурунун” сапатсызында баланын салмагы акыркы омурткага жана жука чурайга түшөт (“кенгурунун” капталдары, арткы жөлөнгүчү жана отура турган жерине атайын материал колдонулбай жана жакшы жасалбагандыктан, салмак жамбашка тең бөлүнбөйт). Андыктан баланын акыркы омурткасына, алаасына күч келет. Алаасы кечке өйкөлүп жүргөндүктөн, баланын жыныстык органдарына зыянын тийгизет. Ал эми күч келгенден улам омуртка кыйшая баштап, ички органдарга зарп кетет.
“Кенгурулардын” бала энесин жана сыртты (көчөнү) карап отура турган түрлөрү да бар.
Эске алчу нерсе, бала көчөнү карап отурганда психикасына күч келет. Анткени ага көптөгөн элди, кыжы-кужу болгон автоунааларды, кызыл-тазыл өңдөрдү көрүүгө туура келет. Башкача айтканда, бала узакка телевизордун же компьютердин маңдайында отургандай болот. Булардан улам бала бат чарчайт. Убагында уктай албай, тамакты да жакшы ичпей, кежир, ыйлаак болуп чыга келет. Андыктан бала энесин карап отурганы жакшы. Болгону, мындай “кенгуруларды” короого чыкканда, эл аз жерде сейилдегенде колдонсо жакшы.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg