КАКАПО – УЧПАГАН ТҮНКҮ ТОТУ КУШ

Табият уникалдуу өзгөчөлүккө ээ жаныбар, канаттуу, курт-кумурска түрүнө бай. Алардын бири – уча албаган тоту куш.

Жер бетинде какапо тоту кушунан болгону 209 гана калды. Какапо бир гана Жаңы Зеландияны мекендейт жана уча албаган түнкү канаттуу болуп эсептелет. Аны үкү сымал тоту куш деп да аташат. Какапо – Жаңы Зеландиянын жергиликтүү маори элинин сөзү, бизче которгондо “караңгыдагы тоту куш” дегенди билдирет.

Денесинин узундугу 60 сантиметрге, ал эми салмагы 2-4 килограммга чейин жетет. Бир нерседен корккондо качып кутулуунун ордуна бир орунда катып туруп калышат. Ушунусу менен жеңил курмандык болуп беришет. Денесинен балдын жытына окшош жыт чыгып турат. Буттары күчтүү болгондуктан, дарактарга жакшы чыгат жана бутак-шактарда жакшы кармалып тура алат. Кайра жерге канаттарын жайып секирип түшөт.

Көбүнчө аскалардын жаракаларына, дарактардын коңулдарына баш калкалайт. Күндүз убактысынын көбүн уясында өткөрүп, түн киргенде тамак издеп чыгат. Жыт билүү сезими күчтүү өнүккөндүктөн, түнкүсүн бир жерден экинчи жерге жакшы жүрө алат.

Мөмө, урук, нектар, өсүмдүк ширеси менен тамактанат. Жалбырак, жаңы чыгып келе жаткан бутактарды үзбөй эле чайнайт. Көбүнчө дакридиум дарагынын уругу менен азыктанат. Какаполор 2-5 жылда бир көбөйөт, болгондо да дакридиум көп түшүм берген жылдары. Декабрь айында эркеги уя жасайт да, ага барчу жол салып, таптайт. Анан катуу үн чыгарып ургаачысын чакыра баштайт. Акыры ургаачыларынын бири таап келет. Ургаачысы жупташуучу куракка 5-11 жыл дегенде жетет. Бирден төрткө чейин жумуртка тууп, басып чыгарат. Душмандары болуп келемиш, мышык, арс чычкан, адам эсептелет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан