ЖЫЛДЫЗДАРДЫН АТАК-ДАҢККА ЧЕЙИНКИ ТУРМУШУ

Сырттан караган адамга дүйнөгө аты тараган атактуу жылдыздардын жеке жошоосу жомоктой эле сезилет. Ыр-бий, көңүл ачуу, дүйнө жүзүнө сапар тартуу, деги эле бекер келген акчаны чачып, жыргал жашоону башынан кечирип жүргөндөй туюлушу мүмкүн. Бирок, көпчүлүк эмнегедир алардын ушул атак-даңкка келгенге чейинки башынан өткөргөн турмуштун татаал сыноолору жөнүндө биле беришпейт. Анда, кээ бир атактуулардын көпчүлүккө таанымал боло элек чагындагы турмушунан кыскача маалымат.

СИЛЬВЕСТР СТАЛОННЕ

Сталонненин актёрдук карьерасы оңой эле түптөлө калган эмес. Ата-энеси жаңы эле Италиядан Нью-Йорк шаарына көчүп келгенден кийинки кыйынчылык учурларда Сильвестр төрөлөт. Жаш кезинен эле келечекте актёр болууну самагандыктан, өз максатына жетүү үчүн кандай гана жол менен болбосун акча табууга бет алат. Башында Нью-Йорктогу ири зоопарктардын биринде арстандар камалуучу темир торлорду тазалоочу болуп ишке орношот. Андан кийин пицца ташуучу кызматкер да болуп иштейт. Кийинчерээк театрга жөнөкөй жумушчу катары кирип, таланттуу,келечектен көптү үмүттөндүргөн сахна актёру болуп чыккан. Эске салсак, Сталонне актёрдук кесибин порнофильмдерден баштаган эле. 1970-жылы "Вечеринка у Китти и Стада" аттуу тасмада башкы рольго тартылып, көпчүлүктүн көзүнө илинген. Порнофильмдеринин акыркысы 1976- жылы тартылган "Итальянский жеребец" аттуу тасма.

АЛЛА ПУГАЧЕВА

1966-жылы Ипполитов-Иванов атындагы орто окуу жайын бүтүргөндөн кийин Алла музыкага аралаша баштайт. Айыл жерлерине багытталган гастролдук сапарларынан эч кандай майнап таппагандан кийин орто мектептердин бирине музыка мугалими болуп ишке орношкон. Балдар менен жакшы тил табыша албагандыктан, бир аз убакыттан кийин кайрадан чыгармачылыктын жолуна кайтып келет.

ЖЕННИФЕР ЭНИСТОН

Бойго жетип, өз оокатын өзү өткөрүүгө жарап калгандан кийин алгач чакан ашканалардын биринде официант болуп эмгектенет. Кенедей кезинен эле атактуу актриса болууну самаган Женнифер атасынын каршы болгонуна карабай, Бродвейди багындыруу максатында шаарды көздөй бет алат. Тилекке каршы, иши оңунан чыкпай, ал жактан да кайрадан эле официант болуп ишке орношкон. Айта кетсек, Энистон учурунда өтө эле толук кыз болгондуктан, театрларга ишке албаганынын дагы бир себеби ушул эле. “Жок дегенде 10 килограммга арыктап, анан бизге кайрылсаң болот”,- деген сөздөрдү уккандан кийин тез эле диетага отуруп, 12 килограммга арыктаган. Ушундан кийин кинодогу биринчи ролго ээ болот.

ЛОЛИТА

Россия эстрадасындагы белгилүү ырчы жана телеалпаруучу Лолитанын жылдыз болгонго чейинки турмушуна көз чаптырсак, чын эле бооруң ооруйт. Үйбүлөсү кедей тургандыктан, жетинчи классынан тартып эле акча таап, өзүн гана эмес, оорукчан апасын дагы багууга туура келет. Алгач мектепте пол жууп акча тапса, кийинчерээк бала бакчага тарбиячы болуп ишке орношкон.

ИГОРЬ КРУТОЙ

Азыркы убактагы эң бай адамдардын катарындагы белгилүү композитор Игорь Крутой да бир убакта жөпжөнөкөй музыка мугалими болчу экен. Окуусун жаңы бүтүргөн музыкант жигит алгач жаш таланттарга баян аспабында ойноо боюнча сабак берчү. Кийинчерээк Гайворон районунун Бандуров айылындагы таланттуу жаштар Крутойдон музыкадан сабак алып тарбияланышкан.

ЭМИНЕМ

Тогузунчу классты аяктап жатып беш жолу сынакка киргенине карабай кийинки класска өтпөй калат. Баласынын бул жоругуна апасы кубанып: “Эми иштеп акча таппасаң, көчөгө кууп жиберем”,- деген сөздөрдү айткан. Болочоктогу атактуу рэп ырчысы Эминем өзү жашаган жердеги чакан ресторандардын бирине ашпозчу болуп жумушка орношот, ошол эле учурда официанттын да милдетин аткарчу экен. Иштеп жүрүп, кызмат ордунда рэп окуй бергендиктен, кожоюнунан бир нече жолу эскертүү алып, жумуштан айдалып кетүү коркунучуна да кабылган.

ЗЕМФИРА

90-жылдардын ортосунда Земфира Рамазанованы өзүнүн жакындарынан башка эч ким таанычу эмес. Беш жашынан тартып эле ырдоого кызыккан таланттуу ырчы кыздын алгачкы угармандары көчөдө эле басып бараткан элдер болчу. Анткени,Земфира жер астындагы өткөөлдөрдө өзүнчө топ түзүп алып гитара менен ырдап турчу экен.

ЖАСМИН

Ай чырайлуу, назик үндүү ырчы айым Жасмин кесиби боюнча медсестра болгондуктан, ырчылыкка чейин бир жылдай өз кесиби менен райондук эмканалардын биринде иштеген. Кесиптештеринин айтуусу боюнча, колу жеңил, боорукер, элпек кызматкер болчу. Айта кетсек, ушул жерде иштеп жөргөн кезинде болочок жолдошу менен таанышкан эле. Бирок, Жасмин күйөөсү Вячеслав Семендуев менен былтыркы жылы үйбүлөлүк чыр-чатактардан улам ажырашып кеткенин билсеңиз керек.

МАДОННА

Дүйнө жүзүнө таанымал Мадонна да турмуштун кыйынчылыгын башынан өткөрүп, бир кезде жөнөкөй жумушчулардын катарында болчу экен. Университеттеги окуусун бүтүрбөстөн эле музыкага болгон кызыгуусу артып, келечегин кеңейтүү максатында Нью-Йоркту көздөй бет алат. Чөнтөгүндө болгону 35 доллары гана болгондуктан, алгач акча табуу үчүн жумуш ордун издештире баштайт. Мадонна Нью-Йорктогу карьерасын “Dunkin Donuts” деген кичинекей ашканада пончик сатуучулуктан баштаган. Кечкисин болсо ыр-бий менен алектенчү экен.

ДИМА БИЛАН

Учурда популярдуулуктун туу чокусунда турган ырчы жигит Дима Биландын да атактуулукка аттанган жолу татаал болуп, турмуштун ар тараптуу кысымдарына кабыл болгон. Дима музыкалык мектепте окуп жөргөн кезде ата-энеси каражат жактан бир аз кыйынчылыктарга учурайт. Ал эми жаш ырчы жигиттин музыкага болгон кызыгуусу артып, музыкалык аспап сатып берүүлөрүн суранганда эптеп тапкан акчаларына аккордеон сатып беришкен эле. Буга ыраазы болгон Дима ата-энесине жардам берүү максатында тамакка кошулуучу аш­көктөрдү өстүрүп, аялдамаларда туруп сатчу экен.

МАША РАСПУТИНА

Маша Распутина Кемеров областынын Уроп айылында төрөлгөн. 10-классты аяктагандан кийин Алла Агеева (Машанын өз аты) турмуштун татаал бурулушуна кабылат. Ата-энеси менен шаарга эс алууга келип,тааныштарынын жардамы менен ишке орношуп калат. Учурдагы белгилүү ырчы Маша ал кезде иш кагаздарын даярдоочу секретарь болуп иштеген экен.

ЭШТОН КЕТЧЕР

Миллиондогон кыздардын жүрөгүн багындырган атактуу модель жана актёр Эштон Кетчер да балалыгында көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон. Эштон 13 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, байкеси Майклдын жүрөгүн алмаштыруу үчүн операция жасалгандыктан, үйбүлөсү материалдык кризиске учурайт. Ошол кезде Эштон Айова штатындагы колледждердин биринде билим алып жүргөндүктөн, окуусуна акча табуу үчүн кечкисин жергиликтүү заводдордун биринде катардагы кызматкер болуп ишке орношкон.

СОФИЯ РОТАРУ

София айылдык дыйкандын үйбүлөсүндө төрөлүп, айыл жергесинде чоңойгон. Ата-энеси алты баласын тең жаш кездеринен эмгектенүүгө үйрөтүшкөн эле. Алардын арасында София дагы ушундай бекем тарбия алган. Кичине чагынан эле талаа жумуштарына кол кабыш кылып, кара жумушту катыра аткарган. Ал эми чоңойгондо болсо турмуштун дагы бир кыйынчылыгы башына түшүп, базарда жемиш сатып оокат кылчу экен.

АНИТА ЦОЙ

Жолдошу Москва шаарынын мэриясында иштегенине карабастан Анита эстрададан жылдызы жана электе базарда кийим сатып соода кылчу. “Бир жолу отурсам, болбогон себептер менен базардын күзөт кызматкерлери товарларымды алып кетип калышкан. Артынан барып, “мэрияда күйөөм иштейт, азыр чалып айтам” десем, ”күйөөң мерияда иштесе, сен бул жакта эмне кылып жүрөсүн?” деп ишенишкен эмес эле. Чын эле чалгандан кийин өздөрү кайра апкелип беришкен”,- деп эскерет базардагы күндөрү жөнүндө ырчы.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан