БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮНӨ КАМ КӨРҮҮ

Бөлмө гүлдөрү жаз келип күндүн жылышы менен өсүүсүн тездетет. Жыл бою жалбырактары көктөп, көбөйүп, гүлү менен бизди кубандырышы үчүн бул учурда аларга кандай кам көрүү керек?

КЫРКУУ

Кышкысын көпчүлүк бөлмө гүлдөрүнүн өсүмү сабагына тартып узарып кетет. Мисалы, көп өстүрүлгөн фикус, монстера, герань, бегония, гибискус сыяктуу гүлдөрдү алсак. Мындай гүлдөрдү кыркуу зарыл. Натыйжада капталдарынан жаңы жалбырак, бутактары чыгып, туурасынан чоңоюп формасын өзгөртөт.

КОТОРУУ

Гүлдөрдү жаңы отургузуу же которуу үчүн эң жакшы убак март-апрель айлары. Былтыр жаңы отургузган гүлдүн тамыры жайылып, кенен орунду жана азык-заттарды талап кылат. Ошондуктан чоңураак идишке отургузуп, топурагын жаңылоо керек. Ал эми 3-4 жылдык гүлдөрдүн топурагынын үстүнкү катмарын алмаштырып койсоңуз, 2-3 жылга чейин кайра отургузууну талап кылбайт. Орхидея, декабрист, кислица сыяктуу бөлмө гүлдөрү гүлдөп турса бул процессти коё туруп, жай мезгилинин башында отургузсаңыз болот.

СУГАРУУ ЖАНА АЗЫКТАНДЫРУУ

Өсүүсүн тездетип баштаган бөлмө гүлдөрү көбүрөөк сугарууну талап кылат. Ошого жараша аз-аздан, бирок бат-баттан сугарыңыз. Суу бөлмө температурасында болушу кажет. Ал эми которулбай калган гүлдөрдү минералдык жана органикалык заттар менен азыктандыруу да керек. Атайын бөлмө жана бакча гүлдөрү үчүн жер семирткичтерди өлчөмү менен колдонуңуз. Ал эми үй шартында жасалган минералдык жана органикалык азык-заттар тууралуу гезиттин кийинки санынан окусаңыз болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан