БАШ ООРУСА...

Баштын баары ооруса

Оорутуу акырындап күчөп, башты бир нерсе кысып жаткан сымал оорутса, анда булчуңдардын чыңалуусу. Башкача айтканда ийин, желке, бет булчуңдарынын жана тарамыштарынын чыңалуусу.

Кеңеш: баштын минтип оорутушу стресстин, коркуп-чочулоонун, депрессиянын терс таасири. Чай же башка суусундук ичип, тынчтанып, нервденбөөгө тырышуу кажет. Басылбай жатса баш оорунун дарысын ичүү оң.

Баштын жарымы

Баштын оң же сол тарабы курч түрүндө ооруп, оорутуунун улам күчөөсү инсульттун кабарчысы болушу мүмкүн. Оорутуу менен кошо кыймылдын бузулушу (тең салмакты сактай албоо), көрүүнүн начарлашы, булдуруктап так сүйлөй албай калуунун белгилери бар же жок экенин байкоо керек. Эстен танып калуу коркунучу да болушу мүмкүн.

Кеңеш: Аталган белгилер болсо дароо “Тез жардам” чакыруу зарыл.

Чыкый

Чыкыйдын тегерегинин оорушу – чарчоонун белгиси. Оору кайталана берсе акырындап баш сөөктүн алдындагы басым көтөрүлөт. Ошондой эле чыкыйдагы оорутуу моюн остеохондрозунан улам баштын чыкый тараптагы нервинин кыпчылып калуусунан кабар берет.

Кеңеш: Отуруу же жатуу керек. Өзүңүздү бош коюп, эч нерсе тууралуу ойлонбоого, эс алууга аракет кылыңыз. Эгер оорутуу кетпесе врачка кайрылыңыз.

Төбө

Төбө моюн остеохондрозунун айынан оорушу мүмкүн. Кээде оорутуу кускунун келиши, баштын айланышы, кулакта үндүн угулушу менен коштолот.

Мындан тышкары төбө инфекциядан, вирустуу оорудан, кан, нерв системинин жана мээнин рак ооруларынан да ооруйт.

Кеңеш: Олуттуу оору өнүгүп кетпеши үчүн кечиктирбей дарыгерге көрүнүп, текшерилүү, дарылануу кажет.

Желке тарап оорутса

Желкедеги оорутуу – артериалдык кан басымдын жогорулашынын белгиси. Оорутуу менен кошо кулакта үн угулуп, баш айланат, көз чыбырчыктайт (“чаар чымын” учат).

Кеңеш: Кан басымды текшерип, так диагноз койдуруу үчүн невропатологго кайрылуу зарыл.

Маңдайдын бир тарабы

Лукулдатып, улам күчөгөн оорутуу шакыйда кезигет. Катуу оорутуу бир нече сааттан бир нече күнгө дейре созулушу мүмкүн. Ар кандай үн, жыт, жарык адамдын жинин келтирет.

Кеңеш: Оорутуу башталганда ойлонбой, тынч жатып уктоо керек. Эгер уйку жардам бербесе анда дары ичүү кажет. Дени сак жашоо образын карманып, таза абада көп болуу сунушталат.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nursul
2021-03-16 21:25:14
Кудай сакта менде ушул көйгөй да. Башым жарылчудай чыдатпай оорутат.
0
momun74
2021-03-19 23:13:17
Баш оору кетпей койдуго лечение кылсамда жардам бербейт жатат
0
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан