КОЙ (21.03-20.04)
Чечилбеген маселелер жана талаш-тартышты жараткан кырдаалдар чыгат. Ушундан улам айрым сунуштан, бирөөлөр менен иштешүүдөн баш тартасыз. Жаңы идея менен иштесеңиз үзүрүн көрөсүз. Чет тилин же бизнес сырларын үйрөнүү ашыкча болбойт. Документтерге, акчага сак болуңуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тууралыгынан күмөн санасаңыз да баары бир чечим кабыл аласыз. Буга кырдаал аргасыз кылат. Бирок чечимиңиз туура болуп чыгат. Бийликке, аброй топтоого, көп акча табууга умтулууңуз жумушта көп кармалууга жеткирет жана өзүн актайт. Сүйүүдөн жолуңуз болот. Бирөөлөр үчүн белек алууңуз ыктымал.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жасаган ишиңиздин үзүрүн көрүүнү, даңкталууну самайсыз. Бирок жетекчиликтен ашыкча нерсени талап кылбаңыз, сөзгө каласыз. Соода менен алектенгендердин иши алга жылат. Тагдыр сизди жакшы адамдар менен табыштырат. Үйдөгү чоң маселени чечүү сизге жүктөлөт.Туугандардан кабар аласыз, мүмкүн, барып келесиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дин фанаттарынан, сөзүнө турбаган тааныштардан алыс болуу сунушталат. Жеке иш баштоо үчүн банктан же тааныштардан насыя алууну пландооңуз ыктымал. Айрымдар чет элдик адам менен виртуалдуу байланыш түзүшөт. Достор өзгөчө эс алуу жаатында сунуш айтышат. Тамак оорубашы үчүн муздак суусундуктарды ичпөө керек.
АРСТАН (23.07-23.08)
Акыркы кезде жашооңузда болуп өткөн окуяларга, жасаган иштериңизге анализ жүргүзүп, тагдыр менен ойноого болбой тургандыгын дагы бир ирет сезесиз. Жогорку билим алуу же курска жазылуу тилеги жаралат. Материалдык абалыңыз оңоло баштап, кубандырат. Эмоцияңызды сүйүктүүңүздөн катпай, ачык болуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жаңы идеялар менен иштесеңиз колдоо көрсөтүүчүлөр табылат. Акча каякка, эмнеге жумшалып жаткандыгын күндө жазып эсептеп туруңуз. Бул ашыкча чыгымды кыскартып, акча топтоого жеткирет. Сүйүктүүңүздүн кежирлигине чыдоого туура келет. Атаандаштар активдешет, сак болуңуз. Чач жасалгаңызды өзгөртсөңүз жакшы.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ушактан, ашыкча иштөөдөн, зыяны тийчү кастардан алыс болуу зарыл. Кызматтык роман баштап жиберүү сунушталбайт. Кандайдыр бир иш-чара уюштурууга катышууңуз мүмкүн. Таасирдүү адамдар менен мамилеңиз жакшырат. Үйдөгүлөр менен урушуп калбоо үчүн майда нерселерге көңүл бурбаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Күтүлбөгөн жерден олжолуу болосуз же бир нерсени сатып алып, кайра сатуудан киреше табасыз. Жаңы идея, долбоор менен иштөөдө бекем күн тартиби керектелет. Күчтүү харизмага ээ болуп, башкаларга оң таасир калтырасыз. Сизге табышмак болуп келген кайсы бир сырдын түйүнү чечилет.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ата-эненин же балдардын ролу жогорулап, аларга атайын убакыт бөлөсүз. Акыл жөндөмдүүлүк жогорку деңгээлде болот. Антсе да ийиндеги жүктү башкалар менен бөлүшүп, ойдогуну ишке ашырууда керектүү кадамдарды колдонуу оң. Романтикалык кечти уюштурууну унутпаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үй-бүлөнүн жыргалчылыгын ойлоо алдыңкы планга чыгат. Билимди колдонуп интернетте блог жүргүзүү же интернет сайт ачуу планыңыз болсо киришиңиз, ыңгайы келди. Тааныштардан көп жаңылыктарды угасыз. Жакыныңыз сюрпризи менен кубандыруусу ыктымал. Сырттагы буюмдарды уруулардан сактаңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өзүмчүлдүк кылып өзүңүзгө керектүүнү гана ала берсеңиз үйдөгүлөрдүн кыжырын келтиресиз. Кайсы бир иштер боюнча бирөөнүн кеңешине муктаж болосуз. Кырдаалдардан улам жашооңуз туура багытта кетип баратканын сезесиз. Ооруп калбоо үчүн көндүм эмес тамак-ашты абайлап жеңиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Энергия толук болуп, кыйынчылыктарды жеңүү оңойго турат. Позитивдүү ой жана иштериңиз чөйрөдөгүлөргө да дем берет. Кимдир бирөөгө карызынан кутулууга жардам бересиз. Эски буюмдардын ичинен керектүүңүз табылат. Тааныштар жаңы иш сунушташы мүмкүн. Унутулган достор менен кайрадан табышасыз.