«МЭЭСИНЕ СӨӨК САЙЫЛЫП КАЛГАН». Токмокто мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 эркектин окуясы

2021-жылдын 9-январында Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде 3 эркек ур-токмокко алынып, жыйынтыгында каза болгон. Бүгүнкү күнгө чейин алардын ата-энелеринин ыйы басылбай келет. Чуулгандуу окуянын чоо-жайын баяндайбыз.



“КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП 2 ЖАРАН КАРМАЛДЫ”

Чүй ОИИББи жана Токмок ШИИБи төмөнкүчө маалымат билдирди:

– 2021-жылдын 9-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде адамдар сабалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматтын негизинде айтылган дарекке ыкчам тергөө-оперативдик тобу барган. Окуя болгон жерден 3 эркектин түрдүү жаракаттарга кабылганы белгилүү болуп, “Тез жардам” кызматы чакырылган. Бирок жаракат алгандардын бири ошол жерден, экөө ооруканадан көз жумган. Окуя болгон жерден арактын бөтөлкөсүнүн сыныктары жана башка далил буюмдар табылган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда каза болгон жарандардын өздүгү такталып, алардын бири үй ээси 39 жаштагы Э.Т., экинчиси 32 жаштагы Д.А. жана үчүнчүсү 31 жаштагы М.Б. аттуу жарандар болгон. Аталган жарандардын баары Токмок шаарынын тургундары болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында Чүй ОИИББинин жана Токмок ШИИБинин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу жарандар Кемин районунун аймагынан кармалышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана каза болгон жарандар ошол күнү бирге ичимдик ичишкен. Кылмышка шектүүлөр 3 жарандын денесине оор жаракат келтиришип, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Кылмыш иши боюнча экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

“ҮЙ ЭЭСИНИН БАШЫ СЫНЫП, ОШОЛ ЖЕРДЕН ЖАН БЕРГЕН”

Зарылбүбү Ибраимова, маркум Д.Анын апасы:

– Уулум 1988-жылы Токмок шаарында туулган. Үйлөнгөн, бирок турмушу болбой ажырашып кеткен. Ал Бишкектеги “Кудайберген” базарында вулканизацияда иштечү. Токмок шаарында үйүбүз бар. Ал үй бош турган. Кошуналардын жана күбөлөрдүн айтымына караганда, уулум шаардан “үйүңөргө кимдир бирөө кирип жашап жатат” деген кабарды бирөөлөрдөн угуп, Токмокко барат. Барса, чын эле бирөө үйдүн эшигин ачып кирип жашап жүргөн болот. Үй ичинде тамеки чегип, арак ичип, чачып, үйдүн ашмалтайын чыгарыптыр. Балам кошуналардан сурап териштирсе, Болот (аты өзгөртүлдү) аттуу кошуна жашап жүргөн экен. Аны аялы үйүнөн кууп чыккан имиш. Уулум жинденип Болотту көчөдөн кармап, бир-эки жолу уруп коёт. Анан үйгө келип, уктап жатса, Болот кирип телефонун алып чыгып кетет. Балам телефонун таппай, кошуналардан үйгө ким киргенин сурайт. Алар Болотту көрүшкөнүн айтышат. Ошол күнү, 9-январда саат кечки тогуздар чамасында уулум үйдө отурганда Болот кеминдик эки бала менен кирип келет. Алардын жанында Болоттун аялы да болгон. Болот уулумдан өч алуу үчүн ал балдарды Кеминден чакырган болушу мүмкүн. Эмнеге экенин билбейм, бирок бешөө үйдөн чыгып, Э.Тнын үйүнө барышат. Барса, анын үйүндө эки аял, үч эркек отурган болот. Ошентип жалпы жонунан 10 киши топтолот. Анан ошо жерден эмнеден экени белгисиз, айтор, чатак чыгат. Биринчи менин баламды ур-токмокко алышыптыр. Андан соң М.Бны сабашат. Кийин үйдүн кожоюнун урушканда анын баш сөөгү сынып ошо жерден жан бериптир.

“УУЛУМДУН ОҢ КӨЗҮ ЧЫГЫП КЕТИПТИР”

– Кылмышка кимдер түзмө-түз катышканы азырынча белгилүү эмес. Учурда милиция Кеминден келген 2 жигитти суракка алып жатат. Тергөөчү “Болот аялы менен эрте эле кетип калыптыр” деди. Менин оюмча, Болот шериктери менен эч жакка кеткен эмес. Алар үчөөнү сабашкан соң Болот шериктерин Кеминге таксиге салып жиберген. Экөө кийимдеринин каны менен кеткен. Үч кишини экөө өлтүрүшү мүмкүн эмес. Мен Болоттун өзү менен сүйлөштүм. Ал “сиздин балаңыз Кеминдеги балдарды өзү чакырган” деп айтты. Кеминден келген балдардын бири Болоттун бир тууган бөлөсү экен. Баламдын телефону ошол бойдон жоголду. Эгер ал табылса баары ачыкка чыгат. Милициялар жакшы иштебей жатат. Кеминден барган экөөнү камап койду, ал эми Болот эркиндикте жүрөт.

Балам каза болгондон кийин 15 күн өтпөй атасы күйүттөн каза болду. Баламдын денесин көргөндө жаным чыкты. Укканым боюнча, сырттан кетмен-күрөктүн сабын чыгарып келип, ошону менен сабашкан. Уулумдун каракуш сөөгү сынып, сөөк ачылып калган мээсине сайылып калыптыр. Оң көзү чыгып кетиптир. Бети айнек менен тилинип, денесине төрт жолу бычак сайылган. Ал ооруканага жетпей жан бериптир.

“ИНИМДИН ЖҮЗҮ ТААНЫЛБАЙ КАЛГАН”

Кыял Эржанова, окуя болгон үйдүн кожоюну Э.Тнын эжеси:

– Иним 1981-жылы туулган. Үйлөнүп, ажырашкан. Ал Токмоктогу өзүбүздүн үйдө жашап жаткан. Курулуш тармагында иштечү. Тергөөчүдөн укканым боюнча, иним кеминдик балдарды таанычу эмес. Арасында аялдар да болгон экен. Аялдарды суракка алганда, алар “эрте эле кетип калганбыз” дешиптир. Бир кошунабыз Болот менен келген 2 эркекти иниме келип-кетип жүргөнүн көргөнүн айтты. Баары спирт ичимдигин ичип отурушканда чатак чыккан окшойт.

Күндүзгү саат үчтөрдө ичип отургандардын арасынан эки аял, бир киши кетип калат. Кошунабыз кечки саат 12лерде инимден кабар алып коёюн деп келсе үй караңгы экен. Ширеңке күйгүзсө ар кайсы жерде адамдар кан жалап жатыптыр. Ал коркуп милиция менен “Тез жардамга” чалат. Милициялар барып, ишти териштире башташат. Алар үйдө Болоттун болгонун аныкташып, аны үйүнөн кармашат. Милициялар Болотту суракка алганда, ал кеминдик эки эркек тууралуу айтат. Ал экөө өз үйлөрүнөн кармалды. Көрсө, экөө үйлөрүнө кийимдери кан боюнча барып, “үч кой союп келдик” деп айтышыптыр. Инимдин денеси таза экен, бирок башы таптакыр жанчылып калыптыр. Бир кулагында сыргасы бар эле. Ошондон тааныдык.

“УУЛУМДУН ДЕНЕСИН КӨРСӨТПӨЙ КОЮШТУ”

Калипа Муратова, каза тапкан М.Бнын апасы:

– Уулум 1990-жылы Токмокто төрөлгөн. Айылда трактор айдап иштечү. Бир баласы бар. 9-январда жумуштан келген болчу. Аңгыча телефону чырылдап калды. Уулум кимдир бирөө менен сүйлөшүп, сыртка чыгып кеткен. Ошол бойдон аны өлүкканадан таптык. Уулумдун денесин мага көрсөтпөй коюшту. Үйдөгүлөрдүн айтымына караганда, денесин айнек менен кескилешиптир. Биз 3 ата-эне биригип, кылмышкерлер аныкталып, жазасын алууларын талап кылып жатабыз.

Сөз болуп жаткан Болот менен да байланыштык, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Д.А. Токмокко 4-январда келип, өз үйүндө жашап жаткан. 9-январда Кеминден алысыраак эки тууганым келди. Аларды Токмокко эч ким чакырган эмес, өздөрү жумуштап келишкен. Меникине келишти эле, биз Д.Аны алып, Э.Тнын үйүнө бардык. Үйүндө 3 эркек, эки аял бар экен. 2 аял менен 1 эркек биз барарыбыз менен чыгып кетишти. Мен кызып калыптырмын. Аялым артымдан келип алып кетип калган. Кечинде ушундай жаман окуя болгонун уктум. Менин өз үйүм бар. Мен Д.Анын үйүнө кирип жашаган да, телефонун уурдаган да эмесмин.

Айтылган окуя боюнча учурда тергөө жүрүүдө. Тергөөнүн жана соттун чечими менен сиздерди кабардар кылып турмакчыбыз.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2021-03-16 12:43:43
Ар кандайго Болот дегендин айткандары. Апасына баланыз озу чакырган Кеминдеги балдарды дептир, озу болсо Токмоко оздору келген эч ким чакырган эмес дептир. Эмнеси болсо да жазаларын алышсын , байкуш энелерине эле кыйын оз ажалы менен эмес бироолор тарабынан, болгондо да мыкаачылык менен олтурулгон болсо(((эхх мыкаачылар
+3
Erlan_95
2021-03-17 14:27:14
Ушундай мыкаачыларбын тукуму курусун.
0
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан