ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ҮСТҮНӨН СЕКИРҮҮ ЖӨРӨЛГӨСҮ

Испаниянын Кастильо де Мурсия шаарында май айындагы майрамдардын алдында Эль Колачо аталышындагы диний жөрөлгө өткөзүлөт. Бул ымыркайлардын үстүнөн секирип өтүү. Жөрөлгө секирген адам ымыркайлардын жан дүйнөсүн тазалоо менен катар өзү менен кошо ооруларды, жамандыктарды алып кетет деген түшүнүккө негизделген. Секире тургандар эркектер, алар кызгылтым сары түстөгү кийимди кийип, беттерине желмогуздун кейпин элестеткен беткаптарды тагынышат. Анан колдоруна таяк кармап алып шаар аралап, жашоочуларды “коркутушкан” соң башкы аянтка барышат. Ал жерде жумшак төшөнчүлөргө ымыркайларды жаткырышат. Алардын үстүнөн секирип өтүшөт. Ымыркайлардын ата-энелери “жин-шайтандар эми коркуп калышты, эми алар балдарыбызга жолобойт” деп үйлөрүнө балдарын алып таркашат.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Janna19
2021-03-15 11:57:22
Жөрөлгөң менен жолдо калгыр.Случайно кулап кетсечи же басып алса анда эмне болот? Уккандан укпаганың көп.
+4
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан