“ЖАШООДОГУ ТЕККЕ КЕТКЕН КҮН – БУЛ СИЗ КҮЛБӨГӨН КҮН”

Чарльз Спенсер Чаплин америкалык жана англиялык кино актёр, сценарист, композитор жана режиссёр болгон. Үнсүз кино аны Голливуд легендасына айланткан. Бирок бул анын көрүүчүлөрүнө айта турган эч нерсеси болгон эмес дегенге жатпайт. Анын эң сонун цитаталары бар.

  • Мен жамгыр алдында сейилдегенди жакшы көрөм, анткени эч ким менин көз жашымды көрө албайт.
  • Жашоодогу текке кеткен күн – бул сиз күлбөгөн күн.
  • Дүйнөдөгү эң мыкты врачтар: күн, эс алуу, көнүгүү, диета, өзүңдү сыйлоо, достор. Жашооңуздун бардык этабында айтылгандарды карманыңыз жана дени сак жашоого ырахаттаныңыз.
  • Биз баарыбыз туристтербиз, Кудай биздин маршруттарды аныктап койгон турагент. Ага ишениңиз жана жашоонун ырахатын көрүңүз.
  • Жашоо – бул саякаттоо. Андыктан бүгүнкү күн менен жашаңыз. Эртең болбой калышы мүмкүн.
  • Күзгү менин жакшы досум, анткени мен ыйлаганда эч качан күлбөйт.
  • Мен периште болгон эмесмин, бирок адам болууга дайыма тырышкам.
  • Жашоо – бул ири пландан карасаң трагедия, ал эми алыстан карасаң комедия.
  • Кайсы жерде жашоо маанилүү эмес, ким менен жашоо маанилүү.
  • Жашоо – бул репетиция жасалбоочу пьеса. Андыктан көшөгө жабылып, сцена бүткүчө ырдаңыз, ыйлаңыз, бийлеңиз, колдон келишинче жашаңыз.
  • Менин кайгым бирөөгө күлүүгө себеп болушу мүмкүн, бирок менин күлкүм бирөөнүн кайгысы болуп калбашы керек.
  • Талаш-тартышсыз жашоо зериктирме, тажатма болуп калмак. Жашап жаткандардын бардыгы талкууну жаратат.
  • Адамдын чыныгы жүзү качан ал ичкенде билинет.


Канымжан Усупбековa

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан