ВАРИКОЗ – КАН ТАМЫРДЫН ООРУСУ

Варикоз оорусу өтүшүп кетсе оңою менен айыкпай турган жараны пайда кыларын, ал гана эмес өлүмгө дейре жеткирерин билесизби? Андыктан бул дарт тууралуу Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Байсакеев маалымат берет.

ООРУНУ КАН ТАМЫРДА КАНДЫН ТУРУП КАЛУУСУ ШАРТТАЙТ

– Адам организминде артерия (кызыл түстө) кан тамыры канды жүрөктөн органдарга ташыса, вена (көк түстө) канды органдардан жүрөккө ташыйт. Артерияга караганда вена кан тамырларынын капталдары жукараак жана серпилгичтиги азыраак. Адамдын эки бутундагы негизги эки вена кичи жамбашка барганда бир өзөктүү венаны түзүп, биригет.

Вена кан тамырларында кан өтөрдө ачылып, өткөн соң кайра жабылып турчу бетме-бет жайгашкан клапандар бар. Клапандардын арты менен кан артка агып кете албайт. Бирок баш мээдеги жана анын кабыкчасындагы веналарда клапандар жок. Веналардагы клапандардын иштөөсү кайсы бир себептерден улам бузулганда кан ылдый карай эркин агып, бир жерлерде туруп калат. Венанын ошол жердеги бөлүгү кеңейип, серпилгичтигин жоготуп, түйүндөр жаралат. Териге жакын жайгашкан жердеги түйүндөр сыртка көрүнүп калат. Кыскасын айтканда, кан тамыр сезгенгенде варикоз оорусу жаралат.

Варикоз бутта, жамбашта, жатында, түз ичегинин оозунда, эркектердин жумуртка баштыкчасында көп кездешет. Түз ичегинин оозунда чырмалышкан веналардын сезгенүүсүнөн геморрой жаралат. Эркектердин жумуртка баштыкчасындагы вена кеңейсе варикоцеле дарты пайда болот. Аял кош бойлуу кезде салмак кошулат да, бутка күч келет. Жатындагы түйүлдүк чоңойгон сайын кичи жамбаштагы венаны кысып, анын иштешинин өзгөрүшүнө алып келет. Бирок төрөттөн соң алар калыбына келет. Антсе да айрымдарда андай өзгөрүүлөр калыпка келбей, акырындап варикозго айланып кетет.

Төрөттө туура эмес катуу ыйынууда кичи жамбаштагы венага күч келип, венадагы клапандар тытылып кетет. Бул варикоздун пайда болушуна жеткирет. Бутту дамамат кайчылаштырып отурууда жыныстык мүчөдө аталган оору пайда болот.

Спортчулар физикалык жактан активдүү болгондуктан буттарына күч түшөт. Бул акырындап варикозду жаратышы мүмкүн. Буттагы варикоз оорусу көп кездешкендиктен ушул жаатта сөздү улайбыз.

БУТТАГЫ ВАРИКОЗ

Дарттын келип чыгышын шарттоочу себептер:

Дамамат отуруп же туруп иштөө

Оор жумушта иштөө, оор нерселерди көтөрүп иштөө

Аз кыймылдуулук, физикалык активдүүлүктүн жоктугу

Семирүү

Тукум куучулук

Буттагы жаракаттар

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Кан тамырларда жылдызчаларды (торчо) элестеткен түйүндөрдүн жаралышы, бара-бара көлөмүнүн чоңоюшу, санынын көбөйүшү
  • Буттун сайгылашып, ачышып, ысытып, талып, лукулдатып оорушу, карышып калышы. Лукулдатып оорутуу түнкүсүн күчөйт
  • Кечкисин тизенин, кызыл ашыктын тегерегинин шишиши
  • Теринин өңүнүн өзгөрүшү
  • Оору өтүшүп кеткенде оңою менен айыкпай турган жаралардын пайда болушу

    ДИАГНОЗ
  • Кан тамырдын УЗИси
  • Ангиография
  • Кандын анализи
  • Компьютердик томография жана башкалар

    ООРУ ӨТҮШҮП КЕТКЕНДЕ ЖАРАЛУУЧУ ООРУЛАР

Тромбофлебит. Буттагы варикоз бар жер кандайдыр бир жаракатка учураса, мисалы, адам жыгылса, бир нерсе катуу тийсе, ошол жерде кан уюп тромбофлебит дарты келип чыгат. Басканда, кыймылдаганда уюган кан үзүлүп кетсе, канга кошулуп жылып өпкөгө барат. Өпкөдөгү кан тамырлардын бир жерине тыгылып, канды бүтөп, аба жетишсиздиги жаралат. Дароо операция жасалбаса адам каза табат.

Трофикалык жара. Бул оңою менен айыкпай турган жара түрү. Оорунун башталыш стадиясында бут шишийт, кычышат. Тери жукарат. Териде темгилдер пайда болот же көгөрөт. Дарт чыйрыгуу, буттагы карышуу менен коштолот. Жаралар пайда болот, канайт. Жаранын бетинде микробдор көбөйүп, ириңдетип жиберет.

ВАРИКОЗГО ЧАЛДЫГУУ КОРКУНУЧУ БАРЛАР

  • Тукумунда варикоз оорусу менен ооругандар барлар, оор жумушта иштегендер, бутунан жаракат алгандар. Иши дайыма туруп же отуруп иштөөгө байланышкандар (кеңсе кызматкерлери, чачтарач, сатуучу, ашпоздор жана башка)
  • Арыктоо максатында диета кармап, өтө арыктап кеткен кыз-келиндер. Буттагы вена кан тамырын булчуң эт, майлар курчап, канчалык бир деңгээлде кысып кармап турат. Адам өтө арыктап кеткенде булчуңдар, аны менен кошо веналар бошоп, акырындап варикоз чыгып кетет.

    ДАРЫЛОО

Оорунун оор же жеңил экендигине карап дарылоо ыкмасы колдонулат.

  • Дары-дармек, дары май, дары ванна, компрессиондук байпак кийүү сунушталат
  • Склеротерапия. Варикоз жерге ийне менен атайын зат (гель) куюлат, бул 3-5 ирет жүргүзүлөт. Ал зат кан тамырды бүтөйт да, кан ал жерден айланып өтө баштайт. Кан өтпөй калган вена акырындап ичкерип, билинбей калат.
  • Тромбэктомия. Бул тромбофлебит дартында жасалчу операция. Кан тамырды бүтөп калган уюган кан алынат.
  • Трофикалык жараны дарылоо. Эгер туура дарылабаса дарт ракка өтүп кетет. Дарылоо жылдап созулат. Адатта дары-дармек, физиотерапия керектелет. Дарылар жардам бербей турган учурда операция жасалат.

Эскертүү: бутунда варикозу барлар учак менен 4 сааттан ашык уча турган болсо, бутуна компрессиондук байпак кийип учуулары зарыл. Болбосо варикоз жерге кан уюп калып, тромбофлебит дартын жаратат.

  • Лазердик коагуляция.

Венага лазердик катетер менен таасир эткенде кан тамырдын керегелери жабышып, бүтөлөт. Акырындап кан тамыр тутумдаштыргыч тканга айланып, 4-6 айда билинбей калат.

  • Радио жыштыктуу коагуляция

Венанын ичинде радио жыштыктуу генератор менен башкарылуучу өткөргүч киргизилет. Өткөргүч жылып, кан тамырдын капталдарын бириктирип, жабыштырып кете берет. Иштен чыккан кан тамыр кийин билинбей калат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-03-23 02:15:38
10 жыл алдын баса албай калганмын,буттарым уюп,талып,туну менен карышып калат эле.Бир кун жумуштагылар суйлошуп отурганда бутумду конул болуп карасам,тамырларым когоруп кеткен экен.Шым кийип журуп,анан да озуно арнаганга убакыт жок болсо,тамырын эмес,башкасы жарылса да карабай калат экенсин.Кундо 15 мунот дээрлик озум учун убакыт таба албай калам,себепчи интернет.
0
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан