50 жылдан бери тааныш, 48 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жаткан жубайлар, кѳп жылдар бою теленин жүзү болгон диктор Бактыбек Мамытов менен жубайы Жамиля Омокеева маек тѳрүбүздѳ. Кѳздѳрүнѳн сүйүү, бакыт чачырап турган, тамашакѳй жубайлардын жашоосу мага жаңылык болду. Бактыбек агай 71 жашка келсе да, байбичесине ыр арнап, байбичеси аганын каалоосун рентген сыяктуу билип турат экен. Айтор, магдыраткан маек сиз үчүн.
– Саламатсыздарбы, Бактыбек ага, Жамиля эже? Маекти кантип таанышып калганыңыздардан баштасак.
Бактыбек Мамытов: – Мен жогорку окуу жайга кеч тапшырдым. Экзамен тапшырып жатканда дароо эле Жамиляга кѳзүм түштү. Кара тору, кѳздѳрү музоонукундай бакырайган сулуу кыз турат. Мен эле эмес, байкасам, башка жигиттер да кѳз салып жатышат. Экзаменге менден мурун кирип, “5” деп баарыбызга күлүп коюп кетип калды. Ошондон эле балекет башталды (күлүп).
Жамиля Омокеева: – Кыргызда туз насип буюрат дешет эмеспи, Бактыбек ошончо жыл окууга ѳтпѳй жүрүп, мен ѳткѳн жылы ѳтүп калганы да дал келүү болду окшойт.
– Кыз-жигит болуп дароо эле сүйлѳшѳ баштадыңыздарбы?
Б.М.: – Ооба, күтүп отурмак белек?
Ж.О.: – Мурун окууга ѳтѳрү менен студенттерди айыл чарба иштерине жѳнѳтүшчү эле, Бактыбекти староста кылып шайлашыптыр, ошол жактан жакшы таанышып калдык. Агаңар тармал чачтуу, шыңга бойлуу, келишимдүү жигит болчу. Азыр деле “сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт” болуп турбайбы (күлүп). Ошол кези кѳзүмѳ сүрѳттѳй тартылып турат.
Б.М.: – Тайпада муну жактырган кѳп эле жигит бар эле, баарын байкап, эжеңердин кѳңүлү мага токтоду окшойт.
Ж.О.: – Жигиттерди караганга да жетишпей калдым, тез эле илип кетти агаңар. Үч жыл сүйлѳшүп жүрүп, 3-курста баш кошконбуз. Үй-бүлѳ кургандан кийин мамиле башка этапка ѳтѳт эмеспи, агаңар аябай кѳтѳрүмдүү, сабырдуу адам. Мен болсо кѳп эркектин арасында чоңойгон жалгыз, эрке кыз элем. Чарт-чурт, чагылгандай тийген эркектей мүнѳзүм бар эле. Бул кишиге карап түзѳлүп жүрүп отуруп, азыр мен мындан да сабырдуу болуп чыга келдим. Чогуу жашаганыбызга 48 жыл, жалпы тааныш болгонубузга 50 жыл, ортодо 5 бала, мынча убакытта мүнѳздѳрүң деле сиңишип бир адамдай болуп калат экенсиң. Азыр аябай эле токтоомун.
Б.М.: – Кудай берет го анда (күлүп).
– Үй-бүлѳнү жаш кезде түптѳѳ ал кезде деле кыйын болсо керек, ээ?
Б.М.: – Үй-бүлѳ ѳзүңдүкү болгондон кийин тырмалаңдап тырышат экенсиң да. Жамиля экѳѳбүз студент кезде эле чакан үй салып алганбыз. Жаш кезде чарчоо дегенди билбей, жарык күйгүзүп алып таң атканча иштечүбүз. Уктабай, эртең менен ишке жѳнѳп кетчү элем. Азыр эле эч нерсеге жетишпей калдык.
– Бактыбек ага кѳп жылдар теленин жүзү болду, буга сиздин да салымыңыз бар болсо керек?
Ж.О.: – Телеге диктор керек деген кастинг болуп жатканын угуп буга айтып калдым. “Мына, ана” деп барбай жүрүп араң барды эле, ѳтпѳй калды. “Мени жактырбай калышты окшойт” деп койду. Карасам жарнама дагы деле кетип жатат, “мен үчүн бир жолу барып кѳр, ушул жолу болбосо мен сага айтпайм” дедим. Ошол жолкусунда Кудай жалгап ѳтүп кетти.
Б.М.: – Тагыраагын мен айтып берейин. Башы мындай башталган, окуп жүргѳндѳ бир журналист мени издеп келгенин айтып калышты. Эки беттик текст жазып радиого барып окуп берүүмдү суранып калды. Эртеси барып окуп бердим, бүткѳндѳн кийин “сенин үнүң, жүзүң да жакшы экен, биз менен келип байланышып тур” деди. Кол бош болуп калганда радиолорго барып интервью алып калчумун. Гонорар чыгып, ага стипендияны кошуп эжеңерди ресторанга алып барчу элем. Ошентип жүрүп теледе иштеп калгам.
– Негизи, үй-бүлѳнүн бекем, бакубат болушу кимден кѳз каранды?
Ж.О.: – Үй-бүлѳдѳ аялзаты кѳтѳрүмдүү болуш керек. Мен эрке болуп ѳсүп калдым, апам “Бактыбек бир мүнѳз бала экен, кѳңүлүн бир калтырып койсоң, артын карабай кетип калышы мүмкүн, андай мүнѳзүңдү ташта” деди. Аябай аракет кылдым, таарынып калса буга кѳрсѳтпѳй ыйлап алчумун. Бактыбектин мүнѳзү кайнатама окшош, ал аялзатына бир жаман сѳз айтпаган, токтоо мүнѳз адам эле. Жашоо тегиз кетпейт, оош-кыйышы болот, Бактыбек такыр уруш чыгарчу эмес, мен чыгарчумун. Кайра кечирим сураган да мен элем, анткени агаңар сүйлѳбѳй койчу (күлүп). Бактыбек кѳп жылдар теленин жүзү болуп, жылдызы жанып турду. Ашык болгон кыздар кѳп эле. Кээде кат жазып сумкама салып койгон убактар болгон. Азыр агаңарга рахмат айтам. Ошончо азгырыктан ѳзүн сактап, мага жакшы күйѳѳ, балдарына жакшы ата болуп берди. Жылдыз болгонун токтоо кѳтѳрдү. “Мен жылдыз элем” деп басып кетпей, очокту сактап калганы үчүн ичимден ыраазымын. 5 баланы чоңойтуп, балдарыбыз баары ордун таап, небере-чѳбүрѳлѳрдүн кучагындабыз. Ушуга шүгүр.
Б.М.: – Сыртыңдан деле ошентип сыймыктанып турсаң жакшы болмок (күлүп).
Ж.О.: – Ушул жерден сурап алайынчы, мага баш кошконуңа ѳкүнүч жокпу (күлүп)?
Б.М.: – Ата-энем тандап берген жок. Ѳзүм тандагам, эми ѳкүнсѳм деле ичимде да (күлүп).
– Сиздерди карап суктангандар кѳп болуш керек. 48 жыл чогуу жашап, бири-бириңиздерди жакшы түшүнүп калсаңыздар керек...
Ж.О.: – Кѳзүбүздѳн эле түшүнүшүп турабыз. Столдо балдар, келиндер болуп отурганда Бактыбек мени карап койсо эле, эмне дегиси келип жатканын түшүнүп калам. Бул дагы менин кѳз карашымдан түшүнѳт.
Б.М.: – Мен Жамиляны канчалык түшүнѳм билбейм, бирок Жамиля мени рентген сыяктуу эле кѳрүп турат. Бул такыр эле мени изилдеп бүткѳн тура, жашыра турган эч нерсем калбаптыр деп калам. Маанай түшүп турганын же бир тамак ичким келип турганын окуп коёт. “Ушундай тамак ичкиң келип жатабы?” деп сурайт. “Ооба” десем шак алып келип калат. Кантип бул менин ичимдеги каалоомду окуп койду деп таң калам (күлүп). Бир нерсени ойлонуп турсам билип алганын айтайын, кантип билет, ичиме кирип алабы деп ойлонуп эле отуруп калам. Менин мындай сыйкырчылыгым жок (күлүп).
Ж.О.: – Келиниме “атаң жакшы болбой турат” деп келип эле, мындан сурап калсам мен айткан диагноз чыгып калат. Ал “сиз кантип билип аласыз?” деп таң калат.
– “Тѳбѳмдѳ кѳтѳрүп жүрбѳсѳм да, тѳрүнѳн орун бердим жүрѳгүмдүн” деген Бактыбек агайдын саптары сизге арналыптыр. Кандай сезимдер болот мындай ырларын окуганыңызда?
Б.М.: – “Жакшы экен” деп коюп эле ары бурулуп жатып алат (күлүп).
Ж.О.: – Жатып албайм, ырларына ѳтѳ маани берип окуйм. Бактыбек негизи эмоциясын сыртка чыгарып “алтыным”, “жаным”, “тиги-бу” деп айта бербеген жан. Балдарына деле үзүлүп түшүп эркелетчү эмес. Эми эле неберелерине тѳгүлүп-чачылып эркелетип калды.
Б.М.: – Сен бороон-чапкын болуп турсаң, тартынам да анан (күлүп). Туура эмес айтып жатасың, балдарымды жакшы кѳрчүмүн. Болгону менден аз эле кичүү болуп турса, чоң атадай эркелете албайсың да. Небере деген ысык болот тура. Тээ тиги жактан кѳрүп эле ѳпкѳ-боорду чапкылап жатып каласың. Ыр боюнча, Жамиляга жаңы таанышканда эле ыр арнап баштагам. Кошоматчылыкты ошондо эле баштаган окшойм (күлүп).
– “Сүйүү жылдар ѳткѳндѳн кийин балдарга ѳтүп кетти, тиричилик ѳлтүрдү” дешет, сиздердики сакталдыбы?
Б.М.: – Жаш кездеги сүйүү башкача, ѳрттѳнүп ѳлѳрүңѳ-тирилериңе карабай тобокел кылдырган, башыңды айланткан башкача сезим да. Ал эми улгайганда ал башка бир формага ѳтүп кетет экен. Сыйлоо, аяр мамиле жасоо менен коштолуп калат тура. Болгону сүйүү менен курулган үй-бүлѳ бекем болот экен. Сүйүү, жүрѳк карыбайт тура, жашым 71ге келсе да, байбичеме арнап сүйүү тууралуу ыр жазганга ыктай берем. Эл укса кандай болот деп калам. Бирок болбой эле кѳкүрѳктѳн удургуп чыга берет экен. Кээде тартынып калам.
Ж.О.: – Анан мага ырларын окутат (күлүп). Сүйүү ааламды кармап турган нерсе экен, сүйүү менен жашаган ѳмүрүмѳ ыраазымын. Агаңардын ден соолугу болуп турса эле рентген болгонго да, медайым болгонго да ыраазымын.
– Маегиңиздерге чоң рахмат, ден соолугуңуздар бекем болсун!
Нуржамал Жийдебаева