БЫЧАКТАЛЫП КАЗА ТАПКАН АЯЛ. КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛГЕНДЕР КИМДЕР?

Мындан 8 ай мурун Жумгал районунда жаш келин кимдир бирѳѳ тарабынан ѳз үйүндѳ бычакталып каза болгон. Бирок бүгүнкү күнгѳ чейин сот иши аягына чыкпай келет. Каргашалуу окуянын чоо-жайын иликтеп кѳрдүк.

“ТЕРГѲѲ ИШТЕРИ УЛАНУУДА”

Башкы прокуратуранын басма сѳз кызматы тѳмѳнкүдѳй маалымат берди:

– 2020-жылдын 8-августунда Жумгал РИИБине Куйручук айылынын 35 жаштагы тургуну В.Т. ѳз үйүндѳ бычакталып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкѳн. Жумгал РИИБинин ыкчам тергѳѳ тобу барып, окуяны каттоого алган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши ѳлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгѳн ыкчам тергѳѳнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип келиндин жолдошу А.К. кармалган. Кылмыш иши боюнча экспертизалар дайындалган. Иш алгач Жумгал РИИБинде каралып, кийин Нарын ОИИБине ѳткѳн. Учурда тергѳѳ иштери улантылып жатат.

“КАЗА БОЛОРДОН МУРУН ТАЯК ЖЕГЕН ЭКЕН”

Кѳз жумган келиндин апасы Айгүл Исакова кѳкүрѳк күчүгүнѳн айрылганын айтып, буларга токтолду:

– Кызым В.Т. 1986-жылы Нарындын Эмгекчил айылында туулган. Алты бир туугандын кичүүсү. Ал 1-топтогу майып болчу. Бир жарым жашында колу очоктогу отко күйгѳн. Эки алаканы бүрүшүп калган, бирок жумуш жасай алчу. Тили кеч чыкты. Бир нерседен корксо сүйлѳбѳй койчу. 1-класска барганда сүйлѳбѳй коюп, ошо бойдон билим алган жок. Бирок психикалык жактан жабыркабайт.

Күйѳѳ бала экѳѳ кайдан таанышканын билбейм. 2016-жылы экѳѳ баш кошушту. Күйѳѳ бала кызымды уруп-согуп жүрүптүр, аны бул окуядан кийин кошуналарынан уктук. Бизге эч нерсе айтчу эмес. Бизге, тѳркүнүнѳ кѳп жѳнѳтпѳй, келсе да экѳѳ чогуу келишчү. Кызымдын телефону бар болчу, бирок жолдошу колуна карматчу эмес экен. Кызым мени менен сүйлѳшүп жатканда күйѳѳ бала жанында угуп турчу имиш.

2020-жылдын 8-августунда кызым киши колдуу болуп каза тапты. Сѳѳк жуугандардын айтымында, кызым ѳлѳрдѳн мурун эле таяк жеп жүргѳн окшойт. Денесинде эски тактар бар экен. Кылмышкер бычак менен денесине 3-4 жолу сайган. Жүрѳк тушуна, бѳйрѳгүнѳ жана далысына бычак мизи терең кириптир. Күйѳѳ баламдын кошунасынын айтымында, кызым каза болгондон кийин күйѳѳ балам ѳзүнүн бир тууганына “мен аялымды ѳлтүрүп алдым, келип кеткиле” деп телефон чалган экен. Бир тууганы болсо күйѳѳ баламдын кошунасына “байке, барып карап койчу” дептир. Кошунасы жалгыз бара албай, бирѳѳнү ээрчитип барат. Кѳрсѳ, күйѳѳ балам ѳзүнүн курсагын маки менен кичине тилип алып жерде жатыптыр. Ал эми кызым эчак жан бериптир. Эмне себептен экенин билбейм, бирок кылмышты башка кошунасына оодарып жатышат деп уктум. Күйѳѳ баламдын жакындары ишти Жумгал РИИБи эмес, Нарын ОИИБи карашын каалап жаткан. Кийин кайра Башкы прокуратура карасын деп калышыптыр. Анткени Куйручук айылындагы күбѳлѳр Бишкекке бара албай калсын деп жатышат окшойт.

“НАРЫН ОИИБи ИШТИ ЖАКШЫ ТЕРГЕГЕН ЖОК”

Кылмышка шектелген А.Кнын бир тууган агасы Талант Аписов менен байланыштык:

– Келинимдин ѳлүмүнѳ тиги же бул күнѳѳлүү деп так айта албайм. Анткени тергѳѳ бүтѳ элек. Иним “аялымды кошунабыз Д.С. баласы менен келип бычактады” деп жатат. Жумгал РИИБи жакшы иштеген эмес. Алар мыйзамды бузуп, чала тергегендиктен ишти Нарын ОИИБине котортконбуз. Бирок
тууган-туушкан, тааныш-билиш болуп отуруп, Нарын ОИИБи ишти жакшы тергеген жок. Биз нааразы болуп 15-мартта Башкы прокуратурага кайрылдык. Ишти мыйзам чегинде калыс жана акыйкат тергеп берсин деп ѳтүнүп жатабыз.

“КЫЛМЫШТЫ ЖОЛДОШУМ МЕНЕН УУЛУМА ООДАРЫП ЖАТЫШАТ”

Д.Снын жубайы Салтанат Кирова буларга токтолду:

– Аялынын ѳлүмүнѳ шектелген А.Кнын атасы жана бир тууган иниси 2020-жылдын 7-августунда Жумгал районунун Куйручук айылында жайгашкан үйүн бизге сатышкан. Бирок ал кишинин уулу А.К. үй сатылганын уккандан кийин эле чыр сала баштады. “Мен силерди жашатпайм” деп бизге атырылды. Ошондо атасына айтсак “уулумду тынчытып берем” деген. Кѳрсѳ, алар биз сатып алган үйдү ич-ара талашып жүрүшкѳн экен. А.К. ѳзүн оорукчанмын деп эсептейт. Жанына бычак алып жүргѳнүн элдин баары билет. Бирок элге пайызга акча берет. Ал бир нерсе кылып жибербесин деп үйдү мыйзамдуу түрдѳ ѳзүбүзгѳ каттатып алдык. 8-августта А.К. биз жашап жаткан үйгѳ келип, “жашаттырбайм, бирѳѳңдү мүрзѳгѳ, бирѳѳңдү түрмѳгѳ алып барам” деп коркутту. Күйѳѳм жинденип аны артынан кууп жѳнѳйт. 11-класста окуган уулум атасын жарым жолдон ээрчитип келет. Анан эртең мененки саат 10дордо жолдошум экѳѳбүз классташтар менен эс алууга кетип калганбыз. Кечинде келсек кошунабыз “А.К. аялын ѳлтүрүп салыптыр, ѳзү чала жан экен” деп айтышты. Кѳрсѳ, ѳзүнүн кичине жерин бычак менен тилип коюптур. Башында жолдошум айылдашы жана күбѳ катары суралып жаткан. Ал эми азыр А.К. кылмышты менин жолдошума жана 11-класста окуган уулума оодарып жатат. Экѳѳ сегиз айдан бери сурак берип жатышат. Шектүүнүн туугандары “биз Жумгал РИИБине ишенбейбиз” деп сотту улам жылдырып жатышат. Биздин эки балабыз бар, экѳѳ тең майып.

“КУРСАГЫН БЫЧАК МЕНЕН ТИЛИП АЛЫПТЫР”

А.Кнын кошунасы болом деген Ишенбек Күнтууганов буларды айтып берди:

– 8-августта А.Кнын иниси түшкү саат 4тѳрдѳ “агам аялым ѳлүп калды деп жатат, барып коюңузчу” деп мага телефон чалды. Жалгыз барып күбѳ боло албайм деп ойлоп бир кошунам менен бардым. Үйгѳ кирсем А.К. чечинип тѳшѳктѳ жатыптыр. Курсагын бычак менен кичине тилип алыптыр. “Эмне болду?” десем, “келиниң бул дүйнѳ менен кош айтышып кетти” деди. Эгер кошунасы ѳлтүрсѳ ошол замат мага Д.С. ѳлтүрдү деп айтмак.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nargiza1987k
2021-03-22 09:21:49
Тобоо кудайым боодо кырсыктан озун сактай кор
+2
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан