Алиясбек Алымкулов: «РОЗА ОТУНБАЕВАГА КАДИМКИДЕЙ БООРУМ АЧЫЙТ»

Бейне

Өзүнүн ишин эле эмес, тарыхты, “Манасты”, адабиятты мыкты билген, илебинен сөз эмес, ыр куюлган адам маңдайымда отурду. Карап отуруп, төрт-беш ай мурун эле башына эки ок тийип, өмүрү кылдын учунан кайтканына ишене албай кетесиң. Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловдун ой чабытына өзүңүз да күбө болуп көрүңүз, окурман.

ТААНЫШЫП КОЮҢУЗ
Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич 1971-жылы 5-майда Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында төрөлгөн.
Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин жана ТИМдин Дипломатиялык академиясында эл аралык мамилелер магистратурасын политология багыты боюнча аяктаган.
Алгач “Буудай” ишканасында, андан соң “Түтүк- металлургиялык соода үйү” ЖАКсынын Тажикстан, Ооганстан жана Кыргызстандагы расмий өкүлү, “Кыргыз-орусиялык түтүк компаниясы” ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
2010-жылдын май айынан бери Жаштар иштери боюнча министрликтин башчысы.
Үй-бүлөлүү, 2 ширин кыздын атасы. Жакында дагы балалуу болом деп кубанып жүргөн кези.

– Алиясбек мырза, "Жылдын адамы" деген наамды быйыл кимге ыйгарар элеңиз?
– Кыйын болуп калды го, бирөөнүн атын аташ. Ошентсе да эркектер кетенчиктеп турганда жоопкерчиликтерди моюнга алып, кыйын кезеңде иштеп жатканы үчүн Роза Отунбаеваны атамакмын. Көрүп турам да, канчалык кыйынчылык тартып жатканын. Бюджетте акча жок. А бирок аны туш тараптан талап жатышат. Алгач урушуп кирет, анан суранып калат, кээде көзүнө жаш алат. Айрыкча коогалаңдардан каза тапкан эр-азаматтардын жаш балдарын, кары-картаң аталарын көргөндө. Эне катары, аялзаты, эже катары карап, кадимкидей боорум ооруйт.
– Сизди ийгиликтүү ишкер деп атоого болот. Саясатка аралашпай койсоңуз болор беле? Андан көрө ишканаңыздагы жүздөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылсаңыз, балким, көбүрөөк пайда келмек...
– 7-апрелге чейин көпчүлүккө таанымал эмес Алияс аттуу жигит болчумун. Апрелден кийин гана Алиясбек болдум. Ошол кездеги Алиясты сагынып кетем. Анткени турмушум жөнөкөй болчу. Бирок “Кыргызстанга кичинекей болсо да пайда келтирсем...” деген ой көкүрөгүмдө жашачу. Москвадан Ооганстан менен Тажикстанга кетүүчү товарды Кыргызстан аркылуу өтө тургандай оодарып кеткенимде жетекчилер таң калып, чакырып алышып, “салыктар сенин чөнтөгүңө түшпөгөндөн кийин сага эмне пайда?” деп сурашкан. Ошондо орусиялык жетекчиме: “Сизге айырмасы кайсы? Мамлекет бай, тиешелүү акчаны төлөп жатат. Мага болсо, айырмасы чоң. Менин атам мугалим, ал эми апам оорукчан болгондуктан, иштеген эмес. Биздин ишибизден мамлекеттин казынасына салык иретинде акча түшүп, ал жок дегенде 5 врачка же 10 мугалимге айлык болсо, мен ошого кубанам”,- дегем. Ошентип жүрүп эле саясатка аралашып кеттим.
Өзүм саясатты такыр жактырбаган адам­­­­мын. Бирок заман ушундай, эгер саясатка сен аралашпасаң, ал өзү үйүңө чейин кирип келип жатпайбы. Бул жаман жагы. Экинчиден, министр болом деп жутунган жокмун. Эки ирет бул кызматтан баш тарттым. Бирок 7-апрелде жабыркаган жаштар “сага гана ишенебиз” деп туруп алышты. Ыраматылык апам айтчу эле, “жүрөктө балалыктын тазалыгын сакта. Ошону көпкө чейин сактай алсаң, адам болосуң” деп. Азыр бизге күн сайын жок дегенде жыйырма адам өз маселесин айтып кайрылышат. Бирөөнүкүн чечип бересиң, кай бирөөнүкүн чече албай каласың. Андайда түнү бою уктай албай чыгам. Ошондон улам “азырынча чиновник болуп, бузула элек окшойм” деп ойлоп калам. Өткөндө, атын атабай эле коёюн, бир чиновник “эмне эле ак карга болуп жатасың? Мындай жүрүшүң менен чиновник боло албайсың” дейт. “Сендей “чоң” болбой эле койдум” дедим мен дагы.
– Шайлоо боюнча сурабай коё албайм. Эгер өкмөттүн башына мурдагы бийликтин эле адамдары келчү болсо, анда 7-апрелдин, кан төгүүнүн кереги бар беле?
– 7-апрелдеги революция, тилекке каршы, өз максатына жетпеди. Баягы 2005-жылдагыдай эле буржуазиялык төңкөрүш болуп калды. Бийликтеги команда гана алмашты. Биз мындайды күткөн эмеспиз. Элге боорум ачыйт, үмүтү акталбай калган сыяктуу. Эл эми эч кимди аябайт.
– Жаштарга кандай нуска бере аласыз?
– Ыраматылык Кусейин Карасаев: “Кыргыз – абдан ийкемдүү калк. Тилди да, илимди да, ар кандай иштерди да бат өздөштүрөт. Бирок жаман жери, пайдалуусуна кошо залалдуу нерсени да өзүнө сиңире берет”,- деп айткан экен. Мисалы, тамеки, арак-шарап качан эле кыргыздын тамагы болду эле? Бул биздин Совет доорунан алган “пайдаларыбыздын” бири. Ырас, кыргыздын тамагы болбогон соң андан баш тартыш керек.
– Чет мамлекеттерде билими, иш таж­­рыйбасы мыкты жаштарыбыз жүргө­нүн жакшы билебиз. Ошолорду мекенине кай­таруу үчүн эмне кылуу керек деген ойдосуз?
– Андан чочулап, ызы-чуу салуунун кереги жок. Мейли барышсын, окуп-иштеп тажрыйба топтошсун. “Алар кетип жатышат” деп кыйкыра берүүнүн ордуна ошолордун кайрылып келишине шарт түзүп, ошого ылайык экономикалык саясат жүргүзүү керек.
– Кандай музыкадан көңүлүңүзгө тынчтык табасыз?
– Классикалык музыкадан, анан кыргыздын көөнө күүлөрүнөн.
– Акыркы күндөрү көңүлүңүзгө эмне маселе тынчтык бербей жү­рөт?
– Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эмне көйгөй бар экенин байкап, өтүнүчтөрүн угуп, мындай жыйынтыкка келдим: азыр жаштарды курчаган үч коркунуч бар: фундаменталисттик ислам, кримчөйрө жана баңгилик. Жаш муундарды журт башында жүргөндөр саясий упай топтош үчүн, жеке амбициялары үчүн гана пайдаланып, анан унутуп таштап салып жатышат. Эгемендикти алганда төрөлгөн балдар азыр 19-20 жашка чыгышты. Учурунда жакшы мамиле, тарбия көрбөй өскөн муундан эртең биз эмнени талап кылып, үмүт этебиз?! Бийликтин кумарынан чыга албай калган чоңдор ушул нерсени ойлой жүрүшсө дейм.
– Балдарыңызга кандай атасыз?
– Апрелге чейин жакшы эле ата болчумун. Жумасына жок дегенде бир ирет чогуу сейил куруп, күнүнө бир жомок ойлоп таап, айтып берип, маселелерин сурап турар элем. Эми убактым жок. Кечкисин чарчап барып, бир жыттап алганыма ыраазы боло суй жыгылам. Ошентсе да балдарымды коомго тарбиялуу, ыймандуу адам катары кошууга аракет кылам.
– Жубайыңызгачы, кандай кожоюнсуз?
– Көп жолу ойлоп кетем, келинчегим экөөбүз тең эмеспиз деп. Менимче, ал менден бийик деңгээлде. Ошондой ойлор келгенде “неге мени тандадың эле?” деп сурап калам. Анын айтымында, бир да белегим мурункусун кайталабаптыр. Кандай сюрприз уюштурбайын, бири-бирине окшошчу эмес экен. “Сага керек экенимди, мени канчалык баалаганыңды сезип, сени тандагам” деп күлүп калат. Апам: “Аялга алсыз эркек кол көтөрөт. Акылдуу эркек акылы менен башкарат. Эл алдында эч качан кагып-силкип, шагын сындырба. Жумуштан келгенде 10-15 мүнөттүк убактыңды аябай, келинчегиңе көңүл бөлүп сүйлөш. Бала, күнүмдүк тиричилик менен алышып отуруп, аялдын ичи бышып, чүнчүп кетет. Ошого жеткизбе. Аялыңды үйдө алып отуруунун кереги жок. Иштесин, өзүнүн чөйрөсү, дос-таанышы, кызыкчылыгы болсун. Ошого шарт түзсөң, ашыкча уруш-жаңжалы жок жашайсың”,- дечү. Апам мурунку замандын кишиси болсо да, айткан акылы биздин күнгө жарап жатат.
Жараткан ушундай жарды маңда­йыма жазганына ыраазымын.
– Катуу жинденип турганыңыз­да тынчтануу үчүн эмне кыласыз?
– Өзүмдү кармабай бирөөгө катуу айтып алып, кайра кечирим сурап басынгым келбейт. Андыктан өзүмдү колго алууга аракет кылам. Ооба, дайыма эле мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт. Андыктан чуркап, машыгып кара жинди чыгарып салууга аракет кылам.
– Эки октон аман калганыңызга биз эле эмес, врачтар да таң калышты. Ок тийген маалда эмнени ойлодуңуз?
– Элди-жерди ойлодум деп калп айтпайын, биринчи эле асманды көргүм келди. Башымды көтөрсөм, кара булут каптап, жаан себелеп жаткан экен, ичимден өкүнүп калдым. Анан балдарым, сексендеги атамды аядым. Кокус жаманына кетсе, ал муңканып жүрүп өтүп кетмек. Ансыз деле төрт саат бою тынымсыз ыйлаптыр.
Буга чейин эч бир жерде айтпадым эле, сизге айтайын. 4-апрель күнү мени бет капчан бирөөлөр салып кетип, өлтүрүүгө аракет кылышты. Кандай кыйноо болгонун айтып отурбайын, эмнеси болсо да аман калдым. Бет капчандардын башчысы кечке мени тиктеп туруп чыдабай кетти. Шарт бурулуп, “улам бир тың чыккан баланы чаап сала берсек, эртең бизге ким күйөт? Бошотуп салгыла!” деп кыргызча сүйлөп жиберди. Ага чейин жалаң орусча сүйлөп жатышкан. Ал кишинин үнүн азыр миң адамдын арасынан таанысам керек. Ошентип, мени алып келип, үйгө жакын жерге ыргытып кетишти. 4 күн ичинде эле ушунча окуялар башымдан өттү. Кандай ойлойсуз? 4 күн үчүн ашыкча эмеспи?
– Албетте, ашыкча. Адам бир өмүр жашап деле сиз кабылган окуялардын бирин көрбөй өтүп кетиши мүмкүн. Ушунча сыноодон аман калыптырсыз, демек, сиз аткарчу дагы көп иштер алдыда. Аман болуңуз.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aminali
2010-10-26 00:28:31
AMAN BOLUWSA EKEN,JARATKANDAN TIN4TIK SURAIM ELIME.
0
antislav
2010-10-26 02:51:40
Rozaga boorun a4itip emne kilasin.jada kalsa KYRGYZ4A tuzuk suyloy albayt.uwunday prezident bol4u bele.
0
Debi
2010-10-26 12:35:50
Кудай ушундай тирүү күбөнү калтырып койсо да, адамдар дагы эле ким күнөөлүү экенин териштирип жатканы эмнени билдирет? чындыкты билгиси келген адам билмек. кеп чындыкты билгилери келбей, Кудайга каршы чыгып жатканыкта болуп жатат. А Кудайдан эч
0
Debi
2010-10-26 12:36:39
А Кудайдан эч ким кача албайт, эртеби кечпи... (Бакиевдерди, калдыктарын азыркыга чейин жактап жүргөндөрдү айтам).
0
Айнурочка
2010-10-27 11:02:01
antislav, кыргызча какылдап суйлогон Бакиевден эмне жакшылык кордун? а Отунбаева - она прежде всего мать, анын денгээлине жетиш ото кыйыыыын сен экообузго.
0
zhalyn
2010-10-27 13:03:44
у нее муж то узбек уважаемая Айнурочка!!!это во первых а во вторых она тоже из того круга из Акаевского и из Бакиевского и вообще последьняя тварь,не успела поднять флаг,уже сожрала миллиарды не может ответит куда деньги подевались,вот увидешь пенсионеры без пенсии останут
0
TEADOR
2010-10-28 03:33:31
zhalyn тебе respekt, полностью с тобой согласен !!!! по больше бы таких людей, которые не боятся ГОВОРИТЬ !!!!
0
Debi
2010-10-28 18:21:58
Роза эжедей адам бар болгону үчүн сыймыктанам! Бар болуңуз! Ушундай адамдар көп болсо экен!
0
Kesh
2010-10-29 15:53:51
Roza eje jok bolso KG chachyrap, Kulov Россияга bizdi tiuuloi otkorup bermek. Kyrgyz Roza eje bolgon uchun barbyz azyr.
0
zhalyn
2010-10-29 18:57:08
Kesh сенин башын барбы на плечах?КG не зависимая республика кантип откоруп берет?кичине соображать этип суйлоонор.Они жрали и будут жрать озунор кубо болосунар вот увидешь...
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан