КҮНҮНѲ 6 ЛИТР СҮТ БЕРГЕН ЭЧКИ БАГЫП, КИРЕШЕ ТАБЫҢЫЗ

Акыркы 10 жыл аралыгында эл сандан сапатка ыктап, малдын эт, сүттү мол берүүчү породаларына басым жасап жатканы байкалат. Андай породалардын бири – англия-нумибиялык породадагы эчки. Жандыктын бул түрү учурда Нарын жана Ысык-Кѳл облусунан башка аймактарда багылууда.

Породанын аталышы
– Англия-нумибиялык

Чыгарылган ѳлкѳсү – Англияда жергиликтүү эчки менен нумибиялык эчкини аргындаштыруудан алынган (Нумибия – Африканын Нил ѳрѳѳнүндѳгү аймактын шарттуу аталышы. Убагында Нумибия падышалыгы ѳкүм сүрүп, кийин жок болуп кеткен. Нумибия эли учурда Египеттин аймагында жашайт)

Багыты – эт, сүт. Бирок сүтү үчүн кѳп багылат

Сүтүнүн майлуулугу – 4,5-8 пайыз

Сырткы кѳрүнүшү – денеси, моюну, кулагы узун, желини чоң

Ѳңү – бир ѳңдѳгүсү аз кездешет, кѳбүнчѳ 2-3 ѳңдѳ. Мисалы,
ак-кара же ак-күрѳң-кара аралаш

Боюнун бийиктиги – 75-82 сантиметр

Салмагы – 60-80 килограммдын тегерегинде

Кандай климатка ыңгайлашкан – жылуу климатка. Ал эми суукка жана нымга чыдамсыз

БАШКА ПОРОДАДАГЫ ЭЧКИГЕ КОШСО СТРЕСС БОЛОТ

Биринчи тууттагы ургаачы эчки суткасына 2,5-3 литр сүт берет. Кийинки туутунан тартып сүтү кѳбѳйүп отуруп, суткасына 6 литрге чейин жетет. Башка породадагы эчкилердин сүтүнѳ караганда бир топ майлуу. Ошондуктан сыры абдан даамдуу. Сүтүнүн курамы эненин сүтүнүн курамына жакын жана антиаллергендүү. Бир тууганда 2-5 улак тууйт. Бир жылда 2 ирет тѳл бере алат, бирок бул саламаттыгына кескин терс таасир тийгизет.

Күн жылууда жайытка жайылат. Бирок фермада кармап багууга да болот. Кышында жылуу, шамал тийбеген сарайда багып, алдына саман тѳшѳп коюу сунушталат.

Рационуна келсек, туугандан кийин сүтү кѳбүрѳѳк болушу үчүн 1 күндѳ 1 эчкиге 5 килограмм чѳп, 2 килограмм жем, силос же жашылча-жемиштерден 1 килограмм берилет. Сүттү кѳбѳйтүүчү зыгыр уругун, укропту жем-чѳбүнѳ кошуп берсе жакшы. Ошондой эле ашкабак, сабиз, алма, алмурут, капуста же алардын кабыктары, күнкараманын күнжарасы да берилет. Липа, мажүрүм талдын ичке шактарын жалбырактары менен кошо берсе да оң. Чалканды шыпыргыдай кылып байлап, кургатып, кышта берсе да болот. Дарактардын күздѳ түшкѳн жалбырактарын чогултуп, аны кышта бергендер бар. Акырда бор, туз убак-убагы менен турушу зарыл.

Кызыгы, аталган породадагы эчкилерди башка малга, мисалы, уй, койго жакын кармаса же башка породадагы эчкилерге кошсо стресс болуп, сүтү азайып кетет.

Чүй районунун Васильевка айылынын тургуну Митал Халматов англия-нумибиялык породадагы 20 чебич жана 3 текени Орусиянын Красноярск крайынан ар бирин 18 000 рублдан алып келгенин айтат. Учурда ѳлкѳдѳ аталган породадагы эчкилердин ургаачылары 35-38 миң, ал эми текелери 60 миң сомго чейин, улактары 12 миң сомдун тегерегинде сатылып жатканын кошумчалайт. Таза кандуу нумибия эчкисинин баасы 100 000-150 000 сомду чапчыйт.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ika8086
2021-03-22 18:06:03
огоо бул жакта гиссар койлор жолдо калатго анда
0
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан