ПАДЫШАЛЫК ҮЙ-БҮЛӨДӨ КАЙРАДАН ЧЫР

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл америкалык CBS телеканалына сенсациялуу маек беришти. Дүйнө эли ушул маек тууралуу сүйлөп бүтпөй жаткан кези. Бул жуптардын Улуу Британиядан кетип, падышалык үй-бүлөнүн жогорку тобуна тийиштүү милдеттерин аткаруудан баш тарткандан кийинки алгачкы маеги. Маек учурунда ханзаада Гарри алар экинчи наристесин күтүп жатканын, ал кыз экенин да жар салды. “Wall Street Journal” басылмасынын маалыматына ылайык, CBS каналы бул маекти трансляциялоо укугу үчүн журналист Опра Уинфринин Harpo Productions компаниясына 7-9 миллион доллар берген. Ал эми Сассекс герцогдорунун өкүлү “маек берүү үчүн герцогдорго төлөнгөн эмес” деп билдирген.

“БАЛАБЫЗДЫН ТЕРИСИ КАНЧАЛЫК КАРА БОЛОРУ ТУУРАЛУУ СӨЗДӨР БОЛГОН”

Интервьюну атактуу тележурналист Опра Уинфри алган. Маек 2 саатка созулуп, анда Меган Маркл падышалык үй-бүлөгө олуттуу айыптоолорду койду. Айыптоолордун урунттуу жерлери:

Меган Маркл:Кош бойлуу кезимде биздин наристебизге ханзаада титулу берилбей тургандыгы, ошондуктан анын падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн айырмаланып жан сакчысы болбой турганы айтылган. Муну алып коюуга алардын укугу жок. Алар биздин наристебизге келгенде салттарды өзгөртүүнү каалашты”. Журналист буга эмне себеп болгонун сураганда Меган Маркл: “Кош бойлуу кезимде үй-бүлөдө баланын терисинин өңү канчалык кара болот деген талкуулар болгон. Бул тууралуу мага Гарри айтып берген”,- дейт. Ханзаада болсо: “Мен бул сүйлөшүүлөр тууралуу эч качан айтып бербейм. Учурунда бул сүйлөшүүлөр мени нес абалда калтырган”,- деп жооп берди.

Ханзаада Гарри: “Мени эң капа кылган учур – британиялык ЖМКлар жубайымдын расасы тууралуу талкуулап жатканда менин үй-бүлөмдүн бирөө да үн катып койбогону болгон”.

Меган Маркл: “Падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү болуп турганда мени суицид тууралуу ойлор баскан. Өзүмдү жалгыз сезгем. Мындан тышкары үйлөнүү үлпөтүнөн кийин айдоочулук күбөлүгүмдү, паспортумду жана банктык карталарымды алып коюшканда өзүмдү туткунга түшүп калгандай сезгем”.

• Дагы бир кызык, жубайлар өздөрү үчүн гана үйлөнүү үлпөтү болушун каалап, алардын элге көрсөтүлгөн үлпөтүнөн 3 күн мурун экөө гана үлпөт өткөрүшкөнүн айтып беришти. Анда Кантерберий архиепископу гана катышкан. “Ал эми 19-майда башкалар үчүн спектакль болгон”,- дешет алар.

• Ханзаада жубайы менен апасынын жашоосунда көп окшоштуктарды көргөнүн айтат: “Жубайым апамдын тагдырын кайталап калбасын деп кабатырландым”,- дейт ал.

Ханзаада Гарри: “Меганга үйлөнбөсөм, үй-бүлөмдөн эч качан кетмек эмесмин. Бул үйлөнүү көзүмдү ачты. Атам менен агам кете албай жүрүшөт, мен аларга боорум ооруйт”.

• Жубайлар падышалык үй-бүлө аларды каржылоону токтотконун, алар америкалык Spotify жана Netflix компаниялары менен документалдык тасмаларды жана подкасттарды тартуу тууралуу келишим түзүп, каржылык көз карандысыздыкка жеткенин айтышты. Мындан тышкары ханзаада апасынан мураска калган акчасы бар экенин билдирди.

• Ал эми абысыны Кейт Мидлтон менен болгон конфликт боюнча Меган Маркл ЖМКлар жазгандан такыр башка окуя болгонун айтат. Үйлөнүү үлпөтүнүн алдында Меган Маркл Кейт Мидлтонду ыйлатып койгондугу тууралуу ЖМКлар көп жазышкан. Маркл: “Кейт экөөбүз үйлөнүү үлпөттүн алдында гүл көтөрүп чыкчу кыздардын көйнөгүнүн түсү боюнча келише албай калганбыз. Мен аны эмес, ал мени ыйлаткан. Бирок кайра гүл менен кат жиберип кечирим сураган”.

“ГАРРИ, МЕГАН ЖАНА АРЧИ ҮЙ-БҮЛӨНҮН СҮЙҮКТҮҮ МҮЧӨЛӨРҮ БОЙДОН КАЛЫШАТ”

Жубайлардын ачык маеги чоң сенсация жаратты. Падышалык үй-бүлөнүн аброюна шек келтирген олуттуу айыптоолордон кийин Букингем сарайы унчукпай отурган жок. Расмий билдирүү таратып, анда айыптоолорго олуттуу карай турганын жана бул боюнча маселе үй-бүлөнүн ичинде караларын билдиришти. “Гарри, Меган жана Арчи үй-бүлөнүн сүйүктүү мүчөлөрү бойдон калышат”,- деп жазылат билдирүүдө.

Ханзаада Уильям: “Биз расист үй-бүлө эмеспиз. Алардын билдирүүлөрү боюнча иним менен сүйлөшөм”,- деди. Ханыша Елизавета II да бул тууралуу небере-келини менен сүйлөшө турганын билдирди. Букингем сарайы Меган Марклдын айыптоолоруна изилдөө жүргүзүү үчүн көз карандысыз юридикалык компанияга кайрылуу чечимин кабыл алды.

Айрымдар падышалык үй-бүлөнүн таламын талашса, айрымдар “үй-бүлөнүн ичиндеги былыктар чыкты” дешет. Падышалык үй-бүлө боюнча эксперт Пенни Жуниор интервью падышалык үй-бүлө институту үчүн өтө олуттуу чабуул болду деп белгилейт: “Алар кандай максат менен мындай кадамга барышканын билбейм. Бул Гарринин үй-бүлөсү, каны, жаны да. Ал болсо ата-энесинин үйүнө өз колу менен граната ыргытты”.

Дагы бир эксперт Ингрид Севард: “Бул падышалык үй-бүлөнү өтө жаман айыптоо болду. Мен мындайды такыр уккан эмесмин”,- дейт.

CNN каналынын журналисти Макс Фостер: “Акыры алар баарын айтып алышты. Падыша сарайдагы ар кандай чектөөлөрдөн кийин жуптар азыр кандай жеңилденүү, бакыт табышканын көрүүгө болот”,- деген пикирде.

ДҮЙНӨНҮ ТАҢ КАЛТЫРГАН МЕГАН МАРКЛ КИМ?

Бул окуялардан улам баарыңарга эле "Меган Маркл ким? Анын ата-бабасы ким?" деген ой келсе керек. Эмесе, күчтүү эрки менен дүйнөнү таң калтырган Меган Марклды тааныштыралы. Маркл Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында төрөлүп-өскөн. Атасы тамыры Ирландия менен Голландияга кеткен киши, ал эми апасы афроамерикалык. Атасы телеканалда режиссёр болгон, апасы болсо социалдык кызматкер жана йога мугалими болгон.

Америкалык генеалог Гэри Бойд Робертс изилдөө жүргүзүп, Меган Маркл Англиянын падышасы Эдуард IIIтүн тукуму деген жыйынтыкка келген. Ошентип Меган күйөөсүнүн алыскы тууганы болуп чыккан.

Меган Маркл АКШдагы Түндүк-Батыш университетин бүтүргөн. 2002-жылы “Негизги госпиталь” сериалында дебюттук ролун жасаган. Актриса, фотомодель болуп иштеген. Кийин ал Лос-Анжелестен Канаданын Торонто шаарына көчүп барып, ал жактан “Форс-мажорлор” телесериалына тартылган. 2011-жылы Маркл кинорежиссёр Тревор Энгельске турмушка чыгып, 2013-жылы ажырашып кеткен.

2016-жылы ханзаада Гарриге турмушка чыккан. Ал эми 2020-жылы 8-январда Гарри менен Меган падышалык үй-бүлөнүн жогорку тобуна тийиштүү милдеттеринен баш тартууну чечкендиктерин жарыялашкан. Ханыша Елизавета II алардын чечимин кабыл алган. Алар каржылык жактан көз карандысыз. 2020-жылдын январь, февраль айларында Канадада жашаган жубайлар кийин АКШнын Калифорния штатына көчүп кетишкен. 2020-жылдын июль айында Санта-Барбара шаарынан үй сатып алышып, учурда ошол жакта жашашат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Gulizaa
2021-03-22 12:03:04
Биз кыздар принцке тийууну коюп,азыркы жашоодо эле бактылуу болобу.Эч нерсе идеалдуу эмес окшойт чё то
+2
AykaMer
2021-03-22 22:03:45
Бай болсоң да балээ,кедей болсоң анан бетер балээ... Ашып да кетпей артта да калбай ортодо жашаганга не жетсин...
+3
Ziasuiunbekova
2021-03-23 01:26:19
Баары бир Королеваны колдойм. Меган аябай амалкой аял да. Ал деген билген да кимге турмушка чыгып жатканын.
+5
Mylatka..
2021-03-25 15:46:19
Балким Гарри мн Мегандын башынан өткөргөн күндөрүнүн 5% гана айтылгандыр...балким жалаа жаап айтышкандыр.
+1
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан