ТЕНТЕКТИГИ КЕСИБИНЕ КӨЛӨКӨ ТҮШҮРГӨН КОРЕЙ АТАКТУУЛАРЫ

Акыркы убакта корей шоу-бизнесине “көз тийди”. Массалык түрдө ырчы, актёр-актрисаларды мектепте окуп жүргөндө башка окуучуларды сабаган, шылдыңдаган деп күнөөлөгөндөр чыгып, айрым атактуулардын үстүндө “кара булут” айланып турган учур. Жашоо – бумеранг деп бекеринен айтылбаса керек. Бир чети экрандан көрүп, чыгармачылыгын жактырган адамдарга боор тартасың. Экинчи тарабынын өзү күнөөлүү экен дейсиң. Күнөө коюлгандын баары чынында эле күнөөлүүбү же жалаа жабылып, карьерасына чекит коюлсун деген кара пиарбы? Айтор, алар ким десеңиз, макалага көз чаптырыңыз.

БУЛЛИНГ

Корей кинолорунда мектепте, университетте буллинг (кайсы бир окуучуга карата негативдүү иш-аракеттер, шылдың, күч колдонуу) маселеси тууралуу дорамалар байма-бай тартылып келет. Акыркы көргөн “Чыныгы сулуулук”, “Пентхаус”, “Мыкты угуу” сериалдарын деле эске салыңыз. Демек, бул чыныгы жашоодогу актуалдуу маселе. Буллингдин айынан окуучулардын арасында өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген учурлар да аз эмес. Окуучулар эле эмес, атактуулар интернеттеги хейтерлердин негативдүү билдирүүлөрүнүн айынан депрессияга түшүп, суицидге барган учурлар маалым. Кыргыз өлкөсү да мындай маселелерден куру эмес. Көмүскөдө турган мектептеги рэкетчилик, буллинг, аскердеги окуялар...

КИМ ЖИ СУ

Ызы-чууга актёр Ким Жи Сунун аты аралашканда менде өкүнүү сезими болду. “Алоолонгон жүрөктөр: Корё”, “Дарыгерлер”, “Оор атлетиканын периштеси Ким Бок Чу”, “Күчтүү До Бон Сун” сериалдарынан көрүп, “таланттуу актёр, эмнеге башкы ролдорду көп беришпейт?” деп ойлончу элем. 2021-жылдын башталышы менен оюм ишке ашып, “Ай көрүнгөн дарыя” дорамасында Жи Су башкы роль менен экранга чыкты. Бирок көп өтпөй, интернет желесине анонимдүү колдонуучу жазган билдирүү тарады.

"Мен азыр KBS телеканалынан көрсөтүлүп жаткан “Ай көрүнгөн дарыя” дорамасынын башкы каарманы Жи Су тууралуу айткым келип жатат. Камерада жылмайып, жакшы көрүнгөн Жи Су чыныгы жашоодо мыкаачы адам. Экөөбүз 2006-2008-жылдары мектепте чогуу окуганбыз. Ал өзүнө окшогон тентек балдардан топ курап алган. Рэкетчилик, башкаларды шылдыңдоо, уруп-согуу Жи Сунун күнүмдүк иши болчу. Ал менин мектептеги жашоомду тозокко айландырган",- деген билдирүү жазган. Бул билдирүүгө дагы эки адам кошулуп, алар да көргөн кордуктарын жазып кетишкен.

Мындай маалымат интернет желесин “дүң” эттирип, ага улай актёр Инстаграм баракчасына кечирим сураган билдирүү жазды:

Мурдагы каталарымдан жапа чеккен ар бир адамдан кечирим сурайм. Мага эч кандай актоо жок. Карьерамда тапкан ийгилигиме, күйөрмандарымдын сүйүүсүнө татыксыз адаммын...

Ызы-чуудан кийин KBS каналы 95 пайызы тартылып бүтүп калган дорамадагы Жи Сунун ролун актёр На Ин Уга алмаштырып, кайрадан тартканга мажбур болду. Ал эми Жи Су учурда жарнамалык келишимдерден четинен кол жууп, карьерасынын келечеги туңгуюк абалда турат.

СУЖИН

Буллинг маселеси боюнча G-I-DLE тобунун ырчысы Сужиндин аты да тизмеге илинди. Негизи ырчыны күнөөлөгөн билдирүүлөр бир нече жыл мурун да чыккан, бирок анын агенттиги бардыгын төгүндөп чыккан эле. Түштүк Кореядагы бир катар белгилүү волейболчулар мектептеги кордук көрсөткөн окуучу болгону билингенден кийин, шоу-бизнес өкүлдөрүнө күнөө койгондор да жанданды. Сужинге карата билдирүү жазган адам өзүн жабырлануучунун эжесимин деп тааныштырган.

"Сиңдимдин айтуусунда, Сужин мектепте начар окучу экен. Дайыма эртең менен мектептин кире беришинен өзүнөн кичүү окуучуларды тосуп алып, салык салат. Укпаган кыздарды уруп-согуп, кийимдерине өчпөгөн маркер менен чийип салган күндөрү болуптур..."

Ушул сыяктуу узун тизме жазылган. Мындай билдирүүлөргө дагы бир нече анонимдүү адам кошулгандан кийин Сужин жооп кайтарганга аргасыз болду окшойт. “Мага карата жазылган билдирүүлөр боюнча көп ойлондум. Ооба, мен мектепте өзгөчө кыз элем, эрежеге ылайык келбеген кийимдерди кийчүмүн. Жаман жолго түшүп бир нече жолу тамеки чеккеним да ырас. Бирок мен эч кимге кол көтөргөн эмесмин. Азыр мен күйөрмандарым үчүн кыжалат болуп турам”,- деп жазды ырчы.


ЧО БЁН ГЮ

Жогоруда “Мыкты угуу” сериалында мектептеги зордук-зомбулук жөнүндө маселе чагылдырылган дебедикпи. Дал ошол дораманын баш каарманы, алсыз окуучулардын коргоочусуна айланган жигиттин образын жараткан актёр Чо Бён Гюну да тентек окуучулардын катарына кошкондор бар.

"Бён Гю менен Жаңы Зеландиядагы мектепте бирге окугам. Анын күч колдонуп сабаганын көргөн эмесмин. Бирок сөз менен эле өзүнө жакпаган адамды шылдыңдап, окуучулар эле эмес, мугалимдердин да айласын кетирчү",- деп жазды "жабырлануучу". Бул билдирүүгө дагы эки “классташпыз” деген анонимдүү колдонуучулар кошулуп, “бизге күч колдонгон” деп чыгышты.

Көп өтпөй актёрдун чыныгы классташы ачыкка чыгып, Бён Гю эч качан тентек окуучу болбогонун, тескерисинче, баары менен тил табышкан, үлгүлүү дос экенин жазып чыкты. Актёрдун агенттиги ишти колго алып, негативдүү билдирүүлөр өчүрүлгөн. Бён Гю болсо “мага карата жазылган биринчи билдирүүнү окуганда "ии, зериккен бирөөдүр" деп койдум. Бирок билдирүүлөр көбөйгөндө бир чети таң калдым, бир чети нес болдум. Бирөөгө жалаа жаап жатканда ошол адамдын тагдырын талкалап алабызбы деп ойлонушса”,- дейт. Актёрдун аты акталганы менен, ал тартыла турган тасма белгисиз убакытка жылдырылганы кабарланды.

ХЁНЖИН

Тентек окуучулардын катарына «Stray Kids» тобунун мүчөсү Хёнжин дагы кошулду. Аны бир тарап күнөөлөсө, айрым классташтары, керекпи, мугалимдерине чейин актап, колдогондор чыкты. Ырчынын агенттиги бир нече билдирүүнү “калп маалымат, каралоо” дегени менен, улам жаңы "жабырлануучу" чыга берди. Акыры Хёнжин баракчасына кимге зыяны тийсе, кечирим сураарын айтып билдирүү жазган. Февралдын аягында JYP Entertainment агенттиги Хёнжин топтогу чыгармачылыгын токтотконун маалымдады.

Түштүк Кореяда буллингге күнөөлөнүп жаткан атактуулардын тизмеси көбөйгөндөн көбөйүп эле бара жатат. Учурда тентек атактуунун баары келечегинен кооптонуп турган маал.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nargiza1987k
2021-03-22 09:30:44
Ырас болуптур
-2
Gulizaa
2021-03-22 14:26:20
Олуп эле калышсын.Коро албагандар го.Откон ишти чукуп Эми
Бир жагынан жакшы башкаларга сабак болот
+5
Afrodita1993
2021-05-07 06:10:12
Корейлер акыркы убакытта чектөөлөрдү абдан көбөйтүп баратышатгоо. Со Йе Жигеда кислород бууп атышат
+2
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан