ЖАШООҢДУ ТҮРКҮН ТҮСКӨ БОЁ!

Үстүнө килейген жүк көтөрүп уясына ташыган кумурскалар тыным албайт. Биз, адамдар да, кумурскалар сыяктуу ары-бери чуркап безилдеп жүргөнүбүз жүргөн. Шашылабыз. Кайда? Жумушка, бала бакчага, карьера жасаганга, үйгө, карым-катнаш жасаган туугандарга... Ошентип бүтүндөй өмүрдү кайда жоготконубузду билбей калабыз. Артка карасак, эсте кала тургандай күндөр өтө аз. Кайталанма, түссүз, тажатма күндөр көп. Келиңиз, жашообузга түркүн түс кошуп жашаганга аракет кылып көрөлү. Психолог Айзада Танаева бизге жардамчы болсун.

ТЕМПЕРАМЕНТИНЕ ЖАРАША

Ар бир күн бири-бирине окшош өтө берсе адамдын жашоого болгон кызыгуусу өчө баштайт. Бирок сиздин жашооңуз – сиздин колдо, андыктан ага сизден башка эч ким түс кошо албайт. Адамдар темпераментине жараша сангвиник, холерик, флегматик, меланхолик болуп бөлүнөт.

Меланхоликтер менен флегматиктер жашоосуна өзгөртүү киргизүүнү көп каалашпайт. Аларга, тескерисинче, көнүмүш нерселер менен жашоо ыңгайлуу. Жашоосундагы өзгөрүүдөн да коркушат, белгисиздик дүрбөлөңгө түшүрөт. Табияты ушундай! Жанындагы достору, жакындары буларды “ийининен” чыгарганга аракет кылуусу керек. Акырындап ишенимине кирип жашоосуна түс кошконго үйрөтүү керек. Сангвиник жана холерик темпераментиндегилер ар күн өзүнө майрам уюштуруп, өзгөрүп турганды жакшы көргөн адамдар. Өздөрү эле күн желесиндей түркүн түскө бөлөнүп турушат.

ЭРКЕК+АЯЛ

Эркектер. Булар табиятынан өзгөрүүгө анча муктаж эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен өзүнүн кайталанма күндөрүн, жашоосун кызыктуу жашап жаткан башка эркектин жашоосу менен салыштырып маанайы чөгүшү мүмкүн. Эмнеге эркектер үй-бүлөлүк жашоо баштагандан бир топ убакыт өткөндөн кийин башка аялдарга көз сала, ичимдикке жакындай башташат? Анткени жашоосуна адреналин керек болот. Антип кескин өзгөртүүнүн кереги жок, урматтуу эркектер! Андан көрө жашооңузду кызыктуу кылууга аракет кылыңыз. Хобби табыңыз. Балык уулоо кызыктырса, жекшемби күндөрү досторуңуз же үй-бүлөңүз менен табият коюнуна чыгыңыз. Достор менен убакыт өткөрүү, спорт менен достошуу, өзүңүзгө ырахат тартуулай турган нерсени жасоо менен жашооңузду өзгөртө аласыз. Эркектер эмоциясын чыгара албаган үчүн көп учурда түнт болуп кетишет. Эмоцияны сөз менен чыгара албасаңыз, спорттон чыгарганга аракет кылыңыз. Эркектердин дагы бир өзгөчөлүгү – эски достору менен эле жүрө беришет. Эски дос жакшы, бирок чөйрөңүздү жаңы адамдар менен да толуктасаңыз, жаңы нерселер, жаңы темалар ачылат.

Аялдар. Табиятынан тез өзгөрүлүп турганга муктаж жандар. Жан дүйнөсү ийкемдүү, эркектерден айырмаланып өздөрүнө эмне керек болуп жатканын ички туюм менен түшүнө алышат. Аялдар социалдык тармакта отуруп, же болбосо сериалдарга баш-оту менен кирип кетишет. Муну менен алар өзүнүн жашоосундагы супсактыкты сериалдагы эмоциялар менен же социалдык тармактагы, мисалы, Инстаграмдагы башкалардын жашоосу менен кооздогонго аракет кылышат. Эсиңизде болсун, андай кылып жашооңузду түстүү кыла албайсыз. Телефондон баш көтөргөндөн кийин реалдуулукка кайтууга туура келет. Өз жашооңузду түркүн түскө бөлөңүз! Йога, медитация, бийге, кийим токуганга үйрөтүүчү ийримдерге жазылыңыз. Мүмкүн болбосо, чач жасалгасын, тамак менюсун өзгөртүп, эң эле жок дегенде үйдө эмеректерди башкача жайгаштырып ырахат алсаңыз да жеңилдене түшөсүз.

ЖАШООҢУЗ КҮН ЖЕЛЕСИНДЕЙ БОЛУУСУ ҮЧҮН...

  • Адам өзүнө кызыктуу болуусу керек. “Мен киммин? Мен эмнеге жөндөмдүүмүн?” Бул суроону өзүңүзгө берсеңиз, өз дүйнөңүздү казсаңыз, өтө көп кызыктуу нерсе чыгат. Кайсы бир убакта кетирген каталыктарыңызды, чечимдериңизди анализдеп, туура жыйынтык чыгаруу да кызыктуу.
  • Китеп окуңуз. Сериал сизге жетпей жаткан эмоцияны толтуруп эле тим болсо, китеп жан дүйнөнү азыктандырат, жашоого башкача көз карашта караганга жардам берет.
  • Жолдо баратып телефон карабаңыз. Андан көрө сыртты карасаңыз, жаз келип, айлана өзгөрүлүп калганын байкайсыз.
  • Саякаттаңыз! Бул өтө чоң мотивация. Чет өлкөгө эмес, колуңуз жеткен Кыргыз өлкөсүндөгү жерлерди кыдырсаңыз да жашооңузга өзгөчөлүк кирет.
  • Стилди өзгөртүңүз. Спорттук кийимден классикага же тескерисинче. Таптакыр башка стилди да байкап көрүңүз. “Ай, мурункум эле болот, мага жарашпай калат” деген ойдон алыс болуңуз.
  • Эс алганды үйрөнүңүз. Психологдор “адамдардын миссиясы – тукум улоо жана жашоодон ырахат алуу” дешет. Биринчисине кирише албайбыз, бирок жашоодон ырахат алууну үйрөнсөңүз жашооңузга түстөр кошуларына ишене бериңиз.
  • Бүгүнкү күндү кайтара албайсыз, бирок ушул күндү түркүн түстө, кызыктуу, маңыздуу жашоо колуңузда! Тагдырыңыз «Бис! Браво!» деп кол чаап тургандай күндү өткөрүңүз!

    ЭМОЦИЯ ЭМНЕГЕ КЕРЕК?
  • Картайганда канча акча тапканын же кандай үйдө жашаганын көп адамдар сүйүнүп эстебейт. Күчтүү эмоцияларды, жиндиликтерин, сүйүнүчүн эстешет. Картайганда эстеш үчүн деле унутулгус эмоциялар менен жашоо керек.
  • Өнүгүш керек дегенде эле материалдык жактан деп түшүнбөңүз, көз караш терең болушу зарыл. Ал үчүн адам өзүн ар тараптан өстүрүү керек. Чет тилди үйрөнүү, денени спорт менен машыктыруу, алдыга максат коюу – мунун баары өнүгүү.
  • Окшош күндөр депрессияга, кайдыгерликке, ден соолуктун алсызданышына алып келет. Ага жол бербеңиз!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан