Азиз Мурадиллаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «МАГА ЖЫЛДЫЗДУУ АЯЛДАР ЖАГАТ»

Театрда, кинолордо Азиз Мурадиллаевди баарыбыз ар кыл образда көрсөк керек. Бул жолу аны сүйүктүү уул, күйөө, ата катары образын ачып берели дедик. Каарманыбыз апасы, жары, алгачкы сүйүүсү жана башкалар тууралуу кеп кылып, аптабыздын каарманы болду.

“ТАЕНЕМ УЗ БОЛЧУ”

– Атам менен апам актёр, актриса болуп театрда иштеп колдору бошобой, мени 5 жашыма чейин таенем тарбиялаган экен. Азыр элестетсем, бою кичине, томпойгон аял эле, аябай эркелетчү. Таенем менен кошо апамдын эң кичүү сиңдиси Тарын деген апчем да баккан экен. Таятам көп кыздуу болуп тагдырына таарынганбы, кызынын атын Тарын коюптур.Кийин ал таежем турмушка чыккан жок. Таенем уз эле, бала бакчадагы майрамдар болгондо мага ар кыл образда кийим тигип кийгизчү. Жүгүргөндө желбиреп тургандай кылып плащ тигип бергени эсимде. Жанына жаткызып алар эле, баш жагыбызда шам чырак турчу, ошондой шам чыракты жайма базардан көрсөм алып коёт элем, таба албай жүрөм. 5 жаштагы баланын эсинде анчалык деле көп окуя калбайт эмеспи, балалыкта таенеме тиешелүү эсимде калган нерселер ушулар. Кийин ата-энемдин колуна келип окуп калдым. Жалгыз бала болгонум менен, анча тентек эмес элем, өткөөл куракты деле токтоо өткөрдүм.

“АПАМДЫН ЖИНИ ЖАМАН”

– Апам Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева.
Бардык балдар апасын жакшы көрөт эмеспи, мен ошол балдардан эки эсе артык көрөм апамды. Апам көп бала төрөп, бирок аман калганы мен болуптурмун. Апанын жалгыз уулу болгон чоң жоопкерчилик, “ушунун жалгыз баласы эле, жүрөт колунан эч нерсе келбей” деген кептер айтылбасын деп жакшы уул болгонго аракет кылдым. Мектепте окуп жүргөндө ага-инини же эгиз балдарды көргөндө “менин да бир тууганым болсо кандай болмок?” деп ойлонуп калчумун. Москвага окууга өтүп 1-курс болгондо атам кайтыш болуп калды. Келинчегим менен апам жалгыз калышып, жегенге наны жок учурлары болгон экен. Кыйынчылыктарга чыдап, тун уулумду театрга жетелеп келип иштеп, кайра кетип жүрүп чоңойтушкан. Тун уулум Шаа 4 жашка чыкканда окуумду бүтүрүп келдим. “Уул балдар апасына окшоштуруп жубай тандайт” деген кеп бар эмеспи, мен экөөнүн окшош жагын билбейм, бирок экөө биригип менден бир нерселерди жашырып шыбырашып калышат (күлүп). Апамдын жини катуу келет, коркуш керек болот, жубайым болсо бырылдап барып эле токтоп калат (күлүп). Апам менен аялымдын ортосунда калган учурлар болот, бирок күнүмдүк, майда-чүйдө нерселер болушу мүмкүн. Чоң маселени экөө өздөрү эле чечип коёт.

Негизи бала апанын кадырын көзү өтүп кеткенде чындап билет деп коюшат. Мен кадырын билбей эле коёюн, апам көп жашасын деп тилек кылып жүрөм. Апама дагы деле эркелеп калам. Ал жумшак, мээримдүү, кең пейил адам.

“ЖУБАЙЫМ ӨТКҮР, КУРЧ”

– Жубайым Эльвира менен түтүн булатканыма 25 жыл болду. 18 жашымда үйлөнгөм. Атама “үйлөнөм” десем, “өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы, үйлөнө бер” деди эле, дароо үйлөнүп алгам. Эльвира мүнөзү курч, өткүр, көздөгөн максатына жеткен инсан. Көлдүн кызы, орус мектепти жалаң “5” менен бүтүрүптүр. Театрдын алдындагы училищеде чогуу окуп, ошол жактан таанышып, жактырышып үйлөнгөнбүз. Үйлөнгөндөн кийин мен Москвага билим алуу үчүн кетүүгө туура келип калды деп айтпадымбы. Негизи жубайым менен чогуу кетсек деле болмок, бирок ошол учурда тун уулубузду күтүп, көз жара турган учуру болчу. Кийин ал режиссёрлук бөлүмдү бүтүрүп, азыр театрда режиссёрдун жардамчысы болуп иштейт. Артисттердин баарын тизет (күлүп). Бардык сапаты жагат, бирок мага боору ооруп кеткен кезин өзгөчө жакшы көрөм (күлүп).

Казан-аяк кагышпаган турмуш болбойт эмеспи, андай учурда мен кечирим сурайм. Күнүнө төрт жолу деле сурай берем, көнүп да калдым (күлүп). Жаш кезимде аябай эле кызганчаак болчумун, азыр токтолуп, бир туугандай болуп калдык. Үй-бүлөнүн бекемдиги – жок дегенде бир тараптын кечире билгени, амбициясын артка таштай билгендигинен көз каранды. Айтор, бирөөбүз экинчибизге ылайыкташып келе жатабыз. Мага аялдардын жылдыздуулары жагат, кээде укмуш сулуу аялдарды көрөсүң, бирок сүйлөшө келсең робот сыяктуу болот. Эльвира эң жылдыздуу аял. Апам, келинчегим, мен болуп чогуу Кыргыз драма театрында иштейбиз.

«ГОЛЛИВУД БРЭД ПИТТИ ЭМЕС, МЕНИ ТАНДАШ КЕРЕК ЭЛЕ...»
– “Ушу ролду ойносом сонун болмок” деген ролуңуз барбы?

– «Моцарт жана Сальериде» роль ойносом дечүмүн. “Троядагы” Ахилести ойносом болмок. Голливуд Брэд Питти тандап жаңылып калышкан да, мени тандаш керек болчу (күлүп).

– Эки уулуңуздун кимисинен өзүңүздү көрөсүз?

– Кичүү уулум Саади көбүрөөк окшош го. Боорукерлиги, кыялкечтиги мага окшош.

– Мүмкүнчүлүк болсо жашооңуздан эмнени өзгөртмөксүз?

– Ушул акылым менен жаштыгыма барып калсамбы? Көп нерсени өзгөртмөкмүн, биринчи ден соолукка кам көрмөкмүн.

– Жылдыз оорусу менен оорудуңуз беле?

– Жок, анткени мен залкарлар менен сахнада болдум. Жылдыздардын жанында эле жүрүп кантип ооруйсуң ал оору менен?

– Алгачкы сүйүүңүз канча жашыңызда болгон?

– Үч жашымда го, ошентип айтышат. Борборго келгенде дагы бир орус кызды сүйүп калдым. Мектепте да эки-үч кызды жакшы көрдүм. Кийин сүйүүлөрдүн сандары көбөйө баштады. Жубайымды жолуктурбасам дагы канчаны сүймөкмүн, ким билет (күлүп)?

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Азиз Мурадиллаев: “Дайыма мен биринчи кечирим сурайм“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
erkeleim
2021-03-29 11:45:29
Ностальгия, мына моокумду кандыра окуган маек болуптур. Кыргыздын Бред Питти
+4
Luna15
2021-03-29 19:47:23
Кыргыздын эн алдынкы актерлорунун бири,аткарган ролдорунун баардыгы мыкты,бар болунуз ага
+3
zhazgul98
2021-03-30 12:18:32
Аял затынын сырткы келбети жана анын жагымдуулугу ар дайым келечек турмушуна жакшы таасир этет. Адамдын келбети боюнча анын кандай сезимде болуп, кандай жашап жаткандыгын түшүнө аласыз. Кийген кийиминен баштап, чач жасалгасына чейин аял заты дайыма озуно конул буруушу к-к. Кыздар дайыма жагымдуу, сүйкүмдүү болушу абзел.
+3
Gulina90
2021-04-03 12:47:24
Мен сыйлаган актёр.
0
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан