ЭНЕРГИЯНЫН БУЛАГЫ - ЫСЫК ТАМАКТАР

Жаз – кышкыга деп даярдаган кыям, салаттар түгөнө баштап, жегенге ылайыктуу бир нерсе издеген учур. Ушул убакта даамдуу тамактан кампая жеп, кубат алып ишиңди улантканга эмне жетсин? Анда төмөндөгү рецепттер жардамга келсин.

КОЙ ЭТИНЕН РУЛЕТТЕР

Керектелүүчү азыктар:

Кой эти – 400 грамм

Болгар калемпири – 2 даана

Имбирь тамыры – 1 даана (1 сантиметр)

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 50 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Имбирди тазалап, сүргүчтүн майда тишинен өткөрөбүз. Ага лимон ширесин, татымына жараша туз, мурч, 2 аш кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштырып маринад даярдайбыз.

2. Койдун сулп этин 3-4 миллиметр калыңдыктагы кесимдерге бөлүп, аларды ашкана балкасы менен койгулап жумшартып алабыз. Эт кесимдерине маринадды текши сүйкөп, 15 мүнөт коё туруу кажет.

3. Болгар калемпирин узун-узун туурайбыз. Өсүмдүк майынан 1 аш кашык табага куюп, ысыган кезде болгар калемпирин салып бир аз кызарта кууруп чыгарабыз. Калемпир өтө бышып кетпей, киртилдек болушу керек.

4. Ысып турган ошол эле табага аз-аздан май куюп маринаддалган эттен салып, ар бир тарабын кызарта бышырып чыгарабыз. Эт кесимдеринин бетине болгар калемпирлерин 3-4төн салып, ороп, тиш чукугуч менен сайып бекитебиз.

Даяр болгон рулеттерди ар кандай соустар, түстүү капуста, брокколи же картошка фри менен кошуп берсеңиз эң сонун айкалышат.

ЧЫКТУУ ГУЛЯШ

Керектелүүчү азыктар:

Уй эти – 800 грамм

Каймак май – 50 грамм

Пияз – 2 баш

Картошка – 2 даана

Помидор – 4 даана

Сабиз – 1 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Томат пастасы – 3 аш кашык

Ун – 2 аш кашык

Кара мурч – жарым чай кашык

Кызыл мурч – 1 аш кашык

Туз – 1 чай кашык

Суу – 2 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Уй этин өтө чоң эмес чарчыларга бөлүп туурайбыз. Ошондой эле жашылчаларды да жууп-тазалап, пияз менен помидорду майда, ал эми сабиз, болгар калемпири, картошканы чоңураак чарчы туурайбыз.

2. Казанга каймак майды салып, пиязды кызартып алабыз. Этти үстүнө салып, капкагын жаппастан чоң отто 4-5 мүнөт кууруйбуз. Куурулган соң туз, кара, кызыл мурч, томат пастасын салып аралаштырабыз. Үстүнө унду себелеп дагы аралаштырып, 1 мүнөт кууруйбуз. Андан соң сууну куюп кайнатып, кайнаган соң капкагын жаап, жай отто 45 мүнөт боркулдата бышырабыз.

3. 45 мүнөттөн кийин сабизди салып 10 мүнөт, андан соң картошканы салып 10 мүнөт бышырабыз.

4. Даяр болгон гуляшты чуңкур идиштерге куюп дасторконго сунуңуз.

АШКАБАК, АЛМА КОШУЛГАН ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 1 килограмм

Ашкабак – 500 грамм

Пияз – 1 баш

Алма – 2 даана

Грек жаңгагы – 50 грамм

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 6 аш кашык

Соя соусу – 1 чай кашык

Туз, мурч, тимьян – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти маринаддоо. Тоок этин чоң-чоң бөлүктөргө бөлүп, үстүнө туз, мурч, тимьян жана майдаланган сарымсактын жарымын салабыз. 3 кашык өсүмдүк майын үстүнө куюп, жакшылап аралаштырабыз.

2. Ашкабак менен пияздын сыртын аарчып, ал эми алманы данектеринен тазалап, чоңураак тууроо керек. Буга да татымына жараша туз, мурч, тимьян татымалдарын жана сарымсактын калганын себелейбиз. Грек жаңгагын майдалап кошобуз. 3 кашык өсүмдүк майы менен соя соусун куюп аралаштырабыз.

3. Электр табасына фольганы төшөп, жашылчаларды салып, үстүнө маринаддалган тоок этин салабыз. 200 градус ысып турган электр мешине 35 мүнөт коюп бышыруу кажет. Даамдуу жана жеңил тамак даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nuri1988Elim2010
2021-03-29 13:59:07
Бүт нерсе бар болсо любой нерсе даярдасан болот,
Акыркы убакта продукта кымбаттап, эт майга жетүү кыйын болуп, экономдоп эле калдыкго, мынча күнгө жеткирсек деп.
+7
i-bilim
2021-03-29 14:28:20
Ошо да, бир тамактык этти бешке бөлүп, аны да жумасына бир же эки жолу эле кошуп э))
+1
Isikkolumkeremet
2021-03-29 21:22:11
Картошка 10 минутада бышпайтда
0
Shokoladka94
2021-04-01 17:58:58
Кымбатчылыкка байланыштуу вегетарианец болуп кетет окшойбуз
0
kuzumka
2021-05-18 10:45:14
Баары сонун
0
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан