БИЙЛЕ, БИЙЛЕ, БИЙЛЕ, СТРИПТИЗ БИЙЛЕ

Туулган күн же Жаңы жыл, а балким, 8-Март. Эч ким аттап кете албаган бул майрамдарда жакыныңыздан өзгөчө белек алгыңыз келет, туурабы? Анткени жылына берилүүчү атырдан, гүлдөн, торттон тажадыңыз. Мына ушундай учурда стриптиз бийлеп, жакын адамына шаң, жаркын маанай тартуулоо өзгөчө белек экени талашсыз.

Мерген Турган:
«АЯЛЫМ УЯЛЫП КАЧЫП...»

Эч нерседен тартынбаган, ырчылык гана эмес, актёрлук, тамадалык, кыскасы, көп өнөрдүн ээси Мерген Турган өмүрлүк жарына жаңы үйлөнгөн жылы 8-Мартта бийлеп берген.

– Мен 2007-жылы үйлөнбө­дүм­бү. Башында сүйүүң ташкындаары турган кеп да. “Кандай белек берип сүйүнтсөм?” деп фантазиям чагылгандай чартылдап, толкунданып жүргөн учурум эле. Аңгыча 8-Март келип калды. Анан романтикалык кечки тамакты уюштурууну чечтим. Өз колум менен манты, салат жасадым. Карт бойдок болуп жүрүп, тамактын түрүн даамдуу жасаганга маш элем. Дасторкон үстүндө гүл менен куттуктадым. Анан курсак тойгондон кийин, конок бөлмөгө алып чыгып отургуздум. Мадоннанын ырын коюп туруп, балконго чыгып кеттим. Музыка башталганда балкондон чыгып, күзгүгө карана бийлей баштадым. Аялым каткырып жатты. Бийди атайын деле үйрөнгөн эмесмин, чыгармачыл адамдар дароо эле окшоштуруп кетебиз да. Адамдын сексуалдуулугу бийлегенинен эле билинет. Муздак адам жадакалса жамбашын жакшыраак кыймылдата албайт. Менин кыймылдаганымды сураба эми. Кийимдеримди бирден чечип отуруп, аягында “С праздником!” деген жазуусу бар турсийчен калдым. Уялып араң отурган Жылдыз качып жөнөдү. Ошондон бери бийлеп бере элекмин. Кээде "дагы баягыдай бийлеп берейинби?" деп тийишип калам.


Малик Аликеев:
«МЕНИКИ «САРДАЛ КЫЗГА» БИЙЛЕЙТ»

Малик Аликеев “Мөлмө­лүм­дү” ырдаганда көпчүлүк тим эле ызы-чуу болуп, ышкырып-кыйкырып, алакандарды кызыта чабышат эмеспи. Биз ырчынын жамбаштап жатып, аялын өзүнүн ырына стриптиз бийлетип жатканын көз алдыга келтирдик.

– Негизи, аялзаты маанайды чөгөр­гөнгө жөндөм­дүү болот эмеспи. Менин аялым маанайымды чөгөргөндү да, көтөргөндү да билет. Келинчегим Жа­ңыл өзү бийчи. Ал башканын эмес, менин аткаруумдагы:
Ай сардал кыз, сардал кыз,
Сен деле жалгыз, мен жалгыз.
Берейин десем малдан кыз,
Бере албадым сардал кыз,- деген саптары бар кытайлык кыргыздардын ырына бийлейт. А мен болсо кош жаздыкта жаагымды таянып, жамбаштап жатып алып сүрөп турам. Аракет кылып бүт дити менен бийлеп жатса, анан менин көңүлүм кантип көтөрүлбөсүн?


Алекс:
«ЖАҢЫ ЖЫЛДА БИЙЛЕП БЕРСЕМБИ ДЕП ЖАТАМ»

Айрым ырчылар “жок, биз стриптиз бийлебейбиз, бул биздин менталитетке туура келбейт” деп качышса, биздин Алекс кыргыздын да, орустун да, кыскасы, батыштын да өзгөчөлүгүнөн артта калгысы келбейт.

– Келинчегим мага бир да жолу бий­леп берген эмес. Ушул Жаңы жылды адаттагыдан башкача кылып тоссок деген планым бар. Башкача айтканда, стриптиз бийлеп, өзгөчө белек тартууласамбы деп жаткам. Менин оюмду окугандай эле сурадыңыз да. Оюмду го, айтып салдым, эми көчөдөн кыздар “бизге жок дегенде кийимчен бийлеп бер” деп тамашага салышпаса болду. Кыялданган нерсемди биротоло айтайын эми.
Саат он экиден кийин балам, апам уктаган соң бийлейм. Алгач жубайымдын көзүн байлап, бөлмөбүзгө алпарам. Анан музыка коём да, бийлей баштайм. Үстүңкү кийимим жок болот. Стриптиз бардагыдай атайын түтүк деле койбойм. Буюрса, келе жаткан Жаңы жыл аялымдын эсинде өмүр бою калат.


Максат Бегалиев:
«АЯЗ КЫЗ БОЛУП ЭСИМДИ ООДАРГАН»

Максат 2010-жылды тосуп жатканда жубайына АКШдан ала келген Аяз кыздын кийимин белек кылган. Ал эми 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө ошол кийимди кийген жубайы ырчыга стриптиз бийлеп берген.

– Кечинде жумуштан үйгө келип, жаңы эле телевизорду күйгүзгөм. Анан жубайым “мобул жерге отурсаң” деп креслону көрсөтүп калды. Отургандан кийин жарыкты өчүрүп, шам күйгүздү да, музыка койду. Өзү болсо коңшу бөлмөгө кирип кетип, мен Жаңы жылда белек кылган Аяз кыздын кийимин кийип чыкты. Анан стриптиз бийлей баштады. Мындайды күтпөгөн жаным эсим ооп эле шалдайып калыптырмын. Атайын даярданып, түрдүү кыймылдарды үйрөнгөнү бийлегенинен көрүнүп турду. Музыка аяктап калганда ич кийимчен калды. Анан жарыкты күйгүзүп туруп, “телефонуңду карасаң” деди. Карасам, Аяз кыздын кийими менен менин телефонума көп жолу сүрөткө түшүп коюптур. Мен болсо ага көптөн бери айтып жүргөн алтын сөйкө менен шакегин белек кылдым. Азыр да кээде Назгүлдүн ошондогу бийин көргүм келет.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Expert
2010-10-25 18:36:16
Максаттын аялы жакшы экен,молодца. Бул дагы болсо "цивилизация" :)) За то Максаттын омур бою эсинде калат,узакта журуп сагынганда да ошол бийлеп бергенин эстеп уйго шашат. Урушуп калса да ошол кылыктарын эстеп жибийт
0
aminali
2010-10-25 23:39:25
IWENGEN JOKMUN,4IN ELE BILEWSE JAZMAK EMES DA KALP BOLGON U4UN FANTASTIKA KILIP AITA BERIWET.
0
Aelina
2010-10-26 03:24:11
Ushunday nerselerdi elderge aytpay ele koyushpaybi. Bul degen 2 adamdin ortosunda ele bolgonu jakshi da.
0
zvezda
2010-10-28 04:04:16
Maksattyn tuugandary, dostoru okuwsa, a9ly jaman ele abalda kalsa kerek, aitpai ele koibopsun
0
agwamarin
2010-10-28 11:38:14
айтса айта берсин... анын эмнеси жаман. тескерисинче меникине айтып койгулачы. мага деле жакмак.семейная пара днем как муж жена, ночью должны быть как любовники...
0
Expert
2010-10-29 11:18:11
Айтса эмне,озунун куйоосу айтып атпайбы,ничего тут сверхъестественного. Наоборот,молодца,что муж гордо говорит об этом всей стране,хвалит и восхищается ею. Кыргыз келиндери,силер дагы ушинтип куйоонордун оозун ачырып,сонун сюрприздерди уюштургула,куйоонор мактанып айты
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан