Асел Сапарбаева, мугалим: “МАКСАТЫМ – ЭЛДИН ЖАШООСУН ЖЕҢИЛДЕТҮҮГӨ САЛЫМ КОШУУ”
Асел Сапарбаева – англис тили мугалими. Учурда Ак-Талаа районунда мектеп окуучуларына сабак берет. Өзүнүн жарандык көз карашы, активдүүлүгү менен көпчүлүккө үлгү болчу айым менен маектешип, кыялы, максаттары тууралуу сурадык.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1982-жыл
Туулган жери – Ак-Талаа району, Тоголок Молдо айылы
Билими – жогорку
Хоббиси – волейбол ойноо
Билген тилдери – кыргыз, орус, англис
Максаты – тарыхта из калтыруу
– Асел айым, маекти сиз менен таанышуудан баштасак...
– Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулгам. Ата-энем экөө тең айыл өкмөттө көп жыл эсепчи болуп иштешкен. Атамдын көзү өтүп кетти, апам учурда ардактуу эс алууда. 6 бир туугандын улуусумун. Нарын мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктап, өзүм туулуп-өскөн айылга турмушка чыккам. Учурда жолдошум экөөбүз 2 кыз, 1 уулду тарбиялап жатабыз.
– Жакшы. Аялдардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусу тууралуу сүйлөшсөк. Аялдар саясатка аралашканда кандай көйгөйлөргө туш болушат, аларга тең ата мамиле жасалат деп айта аласызбы?
– Аялдардын саясатка аралашканда туш боло турган негизги көйгөйлөрүнүн бири – аргасыздан убакытты туура пайдалана албай калуусу деп ойлойм. Анткени алардын моюнунда көп жүк бар. Мисалы, үй-бүлө, үй жумуштары, бала багуу, кошуна-колоң, кайын журт, дос-туугандар менен катышуу, аларга көңүл буруу дегендей. Эгерде аялдарды үй-бүлөсү колдобосо, иштегенге шарт түзүп бербесе, анда алар саясатта да, башка тармактарда да ийгиликтүү иштей алышпайт. Ошондуктан үй-бүлө туура түшүнүп колдоп турса, аялдар алдына конкреттүү максат коюп, пландарды түзүп иш алып барса, саясатка аралашканда көп көйгөйлөр жаралбайт деп ойлойм. Аял кишилер саясатка барса, эркектер сыяктуу эле мыкты жумуш жасап бере алышат.
Аялдар өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү аралашуусу керек, анткени биринчиден, гендердик теңчилик болуш керек. Экинчиден, аялдардын көз карашы эркектердикинен башкача. Аялдар социалдык көйгөйлөрдү көбүрөөк көтөрүп чыгышат жана аларды чечүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Коомдо эркектер менен катар эле аялдар дагы зор күч экенин дайыма эсибизден чыгарбашыбыз керек.
– 2022-жылы жергиликтүү баскычта өз күчүңүздү сынап көрөйүн деп жатыптырсыз...
–Ооба, мурда депутат болсом деген ой жок эле.
"Жогорку Кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин депутаттары иштебей жатышат" деп нааразы болгондордун арасында мен да бар элем.
"Эмне үчүн жогорку билими жок адамдар жергиликтүү кеңешке депутат болушат?" деп нааразы болчумун. Бирок ар кандай болот экен. Кээде жогорку билими жок адам депутат болуп көп иштерди жасап кетсе, билими бар депутат эч нерсе жасабаган учур болот.
– Максатыңыз ишке ашып калса, жумушту эмнеден баштайын деп турасыз?
– Адегенде эл менен жолугушуу өткөрүп, көйгөйүн укмакмын. Анан ошол көйгөйлөрдүн кайсынысына артыкчылык берилиши керек экенин тактап, бюджеттин чамасын карайм. Бюджет бекитилип жатканда өз сунуштарымды айтат элем. Ошондой эле жергиликтүү тургундарды сессияларга катыштыруу жагына көңүл бурат элем. Учурда айыл элинин көпчүлүгү айылдык кеңештин ачык сессияларына катышууга укуктуу экенин билишпейт. Депутаттын, айыл өкмөт башчынын миссиясы, милдети эмне экенин элге жеткирип, эл менен айыл өкмөттүн ортосунда көпүрө катары иш алпарсам деген пландарым бар. Эл сессияларга катышып, отчёт алып турса, элдин жергиликтүү депутаттарга дооматтары дагы азаят болуш керек. Депутаттар деле жөн отурушпаса керек, иштеп жатышат да. Эл сессияга катышса депутаттардын да жоопкерчилиги жогоруламак.
Өткөндө Ысык-Көлдөгү окууда “айыл өкмөттөрү кээде жылдын жарымына чейин бюджетин бекитпей жүрүп алышат” дегенди уккам. Ал жактан келип айыл өкмөттөн “бюджет бекигенби?” деп сурадым, көрсө, январь айында эле бекиптир. Көйгөйлөрдү аныктап, ошого жараша бюджет карашыптыр. Мисалы, айлык акы, жылуулук, электр энергиясы үчүн төлөм деген сыяктуу корголгон беренелер биринчиге коюлат.
– Кандай максатыңыз бар?
– Өзүм жашаган аймакта атым калгыдай иштерди жасасам дейм. Элдин жашоо шартын жеңилдетүүгө жардам берүү. Кесибим мугалим болгондуктан, окуучулардын келечегине өз салымымды кошуп, алардын кесип тандоосуна, жакшы адам болуп калыптанышына салым кошкум келет.
– Эмне үчүн биз аялдарга үй-бүлөнүн акчасын ишенип беребиз?
– Аялдар үй-бүлөлүк бюджетти башкарат, азык-түлүк сатып алышат жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн убагында акча төлөп турушат. Себеби аялзаты үнөмчүл болот жана ар бир тыйындын наркын билет, үй-бүлөдөгү ар бир адамдын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн байкап жүрөт. Анын сыңары аял депутат да жергиликтүү бюджет маселесин адилеттүү карап, салмактап чечет, эртеңки күндү ойлоп, ресурстарга аяр мамиле жасайт, жердештерин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында акы төлөп турууга ынандыра алат!
Аял депутат – бул тең салмактуу жергиликтүү бюджет!
– Кесибиңиз боюнча мугалимсиз. Билим берүү тармагында кандай өзгөрүүлөрдү жасап, жаңычылдыктарды киргизсе болот?
– Чын эле билим берүү системине өзгөрүүлөр кирсе жакшы болмок. Мисалы, жогорку класстын окуучулары предметтерди өздөрү тандап окушса туура болот деп ойлойм. Юрист болом деген окуучу тарых, адам жана коом сабактарына көбүрөөк убакыт бөлсө. Ушундай болсо балдардын келечегине пайдалуу болмок. Жогорку класска барганда окуучулар бардык предметтерди бирдей окубай деле калышат. Мисалы, медицинаны тандайм деген окуучу география сабагын окугусу деле келбей калат. Бир кесипти тандап алышып, ошого басым жасашса, университетке да белгилүү бир даярдык менен кетишет эле.
– Айыл жеринде англис тилине балдардын кызыгуусу кандай?
– Англис тилине окуучулардын кызыгуусу барган сайын өсүп жатат. “Англис тилинен ийрим барбы?” деп эле сурай беришет. Акча төлөп болсо да окуйт элек деген окуучулар көп. Башка предметтер боюнча мындай ынтызарлык байкалбайт. Англис тили боюнча атайын программалар бар, ага да кызыккандар, катышып ийгилик жаратып жаткандар да көп. Бул нерсе кубандырат. Жаштар келечекте англис тилин билүү, дегеле көп тил билүү зарыл экенин түшүнүп калышты.
– Жакшы тилегиңиз бар экен. Ийгилик каалайбыз.
Ибрагим Жусуев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.