ӨЖӨРЛҮГҮ МЕНЕН ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН СОН ЖУН КИ

Ал - 36 жашта, ал – Түштүк Кореядагы эң көп гонорар алган актёрлордун катарында, ал – дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө белгилүү адам, ал – актёр, ди-джей, модель, ал – Сон Жун Ки. Учурда популярдуу болуп жаткан “Винченцо” дорамасын көркүнө чыгарган актёр Сон Жун Кинин чыгармачылык чыйырына бирге көз чаптыралы.

Туулган жери: Түштүк Корея, Тэжон шаары

Туулган жылы: 1985-жыл, 19-сентябрь

Бою: 178 сантиметр

Үй-бүлөдө: 3 бир тууган, агасы, карындашы бар

Тартылган белгилүү сериалдары: “Сонгюнгвандагы чыр”, “Жакшы жигит”, “Күн мураскерлери”, “Асдалдын хроникасы”, “Винченцо” жана башка

МУЗ, КОНЬКИ...

Тэжон шаары, муз аянтчасы. Эшикте күн батып, кеч киргенин элес албаган бала муз үстүндө коньки тээп жүрөт. Канча жолу жыгылды, колу-бутун көгөрттү, бирок денесинин ооруганы сезилбейт, чарчаганы да билинбейт. Күнүгө ушундай. Саатын карайт да, дагы кеч калганын билип үйүнө шашкан боюнча кетет. Ал үчүн муз менен коньки катардагы оюн эмес эле. Профессионал спортчу болом дечү. Мугалимдер да анын кызыгуусун байкап, көбүрөөк көңүл буруп, кеп-кеңешин берип турушту. Бара-бара ал коньки менен аралыкка жарышуу боюнча мектептер ортосундагы, кийин шаар аралык сынактарга катышып, байгелерге ээ боло баштады. “Түштүк Кореянын коньки менен жарышуу боюнча улуттук курамасына киришим керек” деген максат пайда болду балада.

Бирок ал тилеги ишке ашпай калды. Жыгылып, бутунан жаракат алган баланын максатына врачтар чекит коюп, “спортчу болбойсуң” деген диагнозду айтышты. Врачтын кабинетинен маанайы суз, ичиндеги ойлору чар тарапка чачылып чыккан бала биздин бүгүнкү каарман Сон Жун Ки болчу...

ФИЛЬМОГРАФИЯСЫ

“Кичинемден эле “сен сулуусуң” деп айта беришет. Чынын айтсам, бул сөз мага жакпайт. Келбетиме эмес, талантыма, жасаган ишиме көңүл бурушса дейм. Он киши келишимдүү актёр дегенге караганда, бир киши таланттуу актёр десе сүйүнөм”,- деген Жун Ки эң алгачкы ролду 2008-жылы чыккан “Муздак гүл” тасмасынан алган. 2009-жылы ал кайрадан коньки кийип муз үстүнө чыкты, бул ирет актёр катары. “3 секирүү” деп аталган спорт, романтика жанрындагы сериалдан кийин Сон Жун Кинин күйөрмандары көбөйгөнү менен, аны башкы ролго чакырган сунуш жок эле. Бирок ал кандай роль болсо да баш тарткан жок, тажрыйба топтой берди. 2010-жылы “Сонгюнгвандагы чыр” сериалында башкы роль болбосо да, өзүнүн таланты менен күйөрмандарды да, кино сынчыларын да багындыра алган Жун Ки алгачкы сыйлыктарга ээ болгон. Кайсы тасмаларын көрсө болот десеңиз, бир нечени мисал кылайын.

Актёрдун жаңыдан чыгып жаткандагы тасмасына кызыккандар “Карышкыр бала”, ал эми азыркы учурдагы десеңиз “Космос тазалагычтары” (“Жеңиш” космостук кемеси” деген ат менен да белгилүү) аттуу толук метраждуу кинолорду көрсөңүз болот. Экөө тең фантастика жанрында. Ал эми дорамачы болсоңуз, “Жакшы бала”, “Күн мураскерлери” анан, албетте, “Винченцону” көрүңүз. Баса, “Винченцо” дорамасы тууралуу кызыктарды кийинки сандарда жазабыз.

АКТЁРЛУККА КАРАЙ...

Мурда спортту ойлонгон Жун Ки эми көңүлүн окууга буруп, аз аралыкта эле мектептин алдынкы окуучуларынын катарынан орун алган. Экзаменден жогорку балл алган жигит престиждүү деп саналган Сонгюнгван университетинин экономика факультетине тапшырат. Бирок окуусу жан дүйнөсүнө төп келбей, ата-энесинин каршылыгына карабай эки жылдан кийин окуусун таштап, актёрдук академияга кирип алган. “Кичинемде актёр болсом деген ой бар болчу. Бирок бул мен үчүн кол жеткис нерседей сезилер эле. Андыктан алым жеткен нерсени кылайын дечүмүн”,- деп күлүп эскерет Жун Ки.

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАШОО МЕНИ ТОКТОО БОЛУУГА ҮЙРӨТТҮ”

Актёрдун жеке жашоосундагы болуп өткөн окуялар көпчүлүккө маалым. “Күн мураскерлери” дорамасынан табышып, үйлөнгөн Сон Жун Ки жана Сон Хе Гё тандеми 1,5 жылдан кийин, 2019-жылы эки ажырым жолго түшкөн. Экөөнүн үйлөнөрүн угуп бир сүйүнгөн күйөрмандар, ажырашканын билгенде көпкө чейин ишенбей “баары жакшы болот” деп күтүштү. Бирок жакшы болгон жок. Ажырашуунун себебин эки жылдыз тең азыркыга чейин айтпай келет. Сон Жун Ки: “Менин сезимдеримди ажырашкан адамдар жакшы түшүнөт. Үй-бүлөлүк жашоо, ажырашуу мени токтоолукка үйрөттү”,- деп сезимдери тууралуу кыска жооп кайтарган.

Андан бери актёр бир нече тасмага тартылууга үлгүрдү. Ал эми анын “экс-жубайы” статусундагы актриса Сон Хе Гё чет жерде жүрүп, корей тасма талаасына кайта элек эле. 2021-жылдын экинчи жарымында, буюрса, аны кайрадан экрандан көрөбүз. Актриса “Эми биз ажырашабыз” дорамасына тартылуу сунушун кабыл алып, тартуу иштери апрель айында башталары белгилүү болду.

КЫСКАЧА...

  • Радиодо ди-джей, мультфильмде үн коштоочу, дорамаларга саундтрек аткаруучу да болгон.
  • 2010-жылы мырзалардын бет терисине кандай кам көрүшү керектиги тууралуу «Beautiful Skin Project» аталышындагы китеп жазган. Китеп 1 ай ичинде бестселлерге айланып, анын сатып алуучуларынын 30 пайызын айымдар түзгөн.
  • Голливуд жылдыздарынан Леонардо Ди Каприонун талантын баалайт. Идеалдуу келбетке ээ айым катары модель Миранда Керди айтат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
k.a.s
2021-04-04 00:26:17
Сен сени суйом Ажара аябай
+1
k.a.s
2021-04-04 00:26:38
Сени суйом А13
+1
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан