Жалбыздын курамында витаминдерден C, K, B1, P, B2, B5 жана микроэлементтерден калий, кальций, магний, натрий, кычкылдардан миристин, стеарин, олеин, линол жана башкалар бар. Эң башкысы, ага өзгөчө даам жана сергитүүчү касиет берип туруучу ментолдун бардыгы.
ДАРЫЛЫК КАСИЕТТЕРИ
Стресстен арылтат. Азыркы замандагы адамдар психологиялык маселелерге (стресс, депрессия, невроз) көп жолугат. Жалбыз чайы болсо нервдик чыңалууну жазып, тынчтандыруучу касиетке ээ.
Ысыкта муздак чайын ичсе адам сергийт.
Иммунитетти чыңдайт. Сасык тумоодо, суук тийгенде бал кошуп ичсе тамактын былжыр кабыкчаларындагы сезгенүүнү кетирип, дем алууну жеңилдетет.
Оорутууну азайтат. Кан басымды калыптандырып, кан тамырдын иштешин жакшыртат. Шакыйы барларга эң жакшы суусундук.
Тамак-аштын сиңишин жакшыртат. Кара же көк чай кошулган жалбыз чайы тамак-аштын сиңишин жакшыртып, организмдеги уулардын чыгышын шарттайт.
Арыктоого жардамчы. Тамакка болгон табитти төмөндөтө тургандыктан, диета кармоодо ичилет.
Гормондордун иштелип чыгышын шарттайт. Ментол ургаачы гормондордун иштелип чыгышына түрткү берет. Күнүгө 1-2 чыны чай ичип туруу этек кирдин келүүсүн калыптандырат.
Кандагы глюкозанын деңгээлин төмөндөтөт.
Ооздогу жаман жытты кетирет.
Эскертүү: каалоочулар чайга имбирь, бал кошуп ичсе да болот.
БОЛБОЙТ!
Канымжан Усупбекова