Чолпон Мелисбекова, комузчу: “АТАМ ҮЙЛӨНГӨНДӨ АБДАН СҮЙҮНГӨМ”

Түбүбүзгө кайрылып, манасчыларыбыз, күүчү, комузчуларыбыздын алдынкы катарга чыгып бара жатканы сүйүндүрөт. Алардын арасында жаш комузчулардын бар экени да сыймык. Чолпон Мелисбекова комуз менен белгилүү болгон “Despacito” ырынын обонун комузга салып чертип, элдин назарын өзүнө бурганы эсиңизде болсо керек. Чолпон жаш экенине карабай терең ойлонгон, бирок шайыр-шайдоот, ар тараптуу кыз экен. Маек “даамдуу” болду.

– Чолпон, салам! Комузчулук сен үчүн кандай башталды?

– Саламатсызбы? Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окугам. Кийин ушул эле комуз аспабы боюнча 5 жыл жогорку билим алдым. Жалпысынан 20 жылдан бери комуз менен машыгып келе жатам. 2-классымда сахнага залкар комузчу Самара Токтакунова апабыз менен бирге чыккам. Устатым Ирина Сүйөркулова колумдан жетелеп ырымдап залкар адам менен чыгарып тушоомду кескен. Эл аралык чоң сахнага 2004-жылы Кремлде президент Путиндин алдында чыккам.

Ал эми шоу-бизнеске аралашып калганыма 4-5 жыл болуп калды. “Despacito” ошол учурда хит болуп жаткан. Обонун чертип интернетке видео киргизсем, элге жагып калды. Кийин кесиптешим Эламанга сунуштап, экөөбүз көл үстүндө ошол ырдын обонун чертип таанылганбыз (күлүп). Ошондо көлдүн үстүндө “Маш ботойду” чертип отурсак бизге эч ким деле көңүл бурмак эмес. Элге эстрада менен таанылып, андан соң нукура кыргыз жыттанган күүлөргө ээрчитип келсек деген максат бар эле. Аздыр-көптүр ишке ашты деп ойлойм. Элге шоу жакшы кабыл алынат эмеспи, мен этно менен заманбап стилди айкалыштырып өнөр тартуулап жүрөм.

– Комузчулар аспабын өтө баалайт болуш керек, ким чапкан комузду колдоносуң?

– Орозбай Кенчинбаев атанын колунан чыккан комузду колдоном. Көп комузчулар колдонот болуш керек. Ага чет мамлекеттен да сунуш түшүп турат. Көңүлүңдөгүдөй жасап берет.

– Комузчулук жол өзүңдүн тандооң беле?

– Музыкалык окуу жайга 6 жашымда келдим. Негизи бала кезибизде эч ким бизге тандоо бербейт эмеспи. Кичинемде балерина болууну кыялданчумун, бирок ата-энемдин шарты туура келбей, ал жакка бере албай калган. Бийчи болобу, ырчы болобу, айтор, чыгармачыл адам болорум кичинемде эле билинген окшойт. Ошондуктан ушул мектепке беришкен. 5 жашымда барсак, “кичине” деп албай коюшкан. Бир жылдан кийин барсам да ары-бери түрткүлөп “сен ал, мен ал” дешип эч ким мени алгысы келбейт десеңиз. Анткени окуучулардын арасынан жашы да, бою да кичинекейи мен элем. Болгону каалоом чоң болчу. Ыйлап жатканымды көрүп устатым “орун жок, бирок шыгы болсо алайын” деп мени сынап көрүп, анан алган.

– Комузга жан дүйнөң ачылып жакшы көрүп кеттиңби?

– Устаттан көп нерсе көз каранды. Өзүмө ишендирген, өнөрдү сүйдүргөн ошол киши болду. Бирок баары бир эле бийлегим келе берчү. Өспүрүм учурда өзгөрө баштайт го баары эле, ошондо эч кимге айтпай бийге бара баштагам. Устатым “бийди же комузду танда” деп катуу айтканда комузду тандагам. Комуздун аркасы менен Европа, Азия өлкөлөрүн кыдырып келе жатам. Бул өнөрдү аркалап калганыма азыр сүйүнөм.

– Көчмөндөр оюндарынын жабылышында Эламан экөөң чыктыңар, сыймыктануу болдубу?

– Ар бир чыкканда эле сыймыктануу болот. Европанын чоң залында сахнага чыксаң деле, айылдагы бир клубдун алдында элге чыксаң деле бирдей толкундоо, жоопкерчилик болот. Көчмөндөр оюндарында толкунданып ыйлагам, анткени элдин көкүрөгү толуп-ташып башкача атмосфера болгон эле.

– Сендей тыпылдаган тың кызды ким тарбиялаган?

– Үй-бүлөбүздө чыгармачыл адамдар жок. Атам мектептин директору, апам өмүр бою аскер кызматында иштеген айым. Апам азыр Орусияда иштеп-жашап келе жатат. Тилекке каршы, 2 жашымда экөө эки башка жолго түшкөн. Учурда экөөнүн тең үй-бүлөсү бар.

– Ата-энесинин ажырашуусун көтөрүү бала үчүн оор болсо керек?

– Оор болду, мен экөөнө тең жакын элем, азыр да экөөнү тең аябай жакшы көрөм. Апамдын колунда чоңойдум, бирок атама боор тартып турчумун. Көп жылдар атам жалгыз жашады, анын жалгыздыгына ичим ачышып ыйлагым келе берчү. Кийин турмуш куруп, үй-бүлөсү менен жакшы жашап кеткенде аябай сүйүндүм. Жүрөгүмдөгү жүк ошондо түштү окшойт, “уф” деп тынч жашап калдым (күлүп).

– Өзүң түптөгөн үй-бүлөң тууралуу айтып кетсең. Жолдошуң менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңар?

– Жолдошумдун аты Жоодар. Экөөбүз мен 11-класска жаңы кирип жатканда тааныштык. Курбум турмушка чыккан күн эле. Буйрук да, жолдошум күйөө тараптын досу экен. Тойдо кыз тараптан мен, күйөө тараптан ал чыгып бийге түшүп баттл болуп кетти. Жакындашып кеттик, сүйлөшө баштадык. Ошондон бери ушул убакка чейин биргебиз. Үйлөнөбүз дегенде ата-энебиз “жашсыңар, окушуңар керек” деп каршы чыккан. 11-классты бүтөрүм менен Жоодар мага сөйкө салып коюп, үчүнчү дипломун алуу үчүн Кореяга кеткен. Келишим үч жылга чейин болчу, бирок ал чыдабай келип алган. Сүйүү жеңди десек болот (күлүп). Үй-бүлө курганыбызга 8 жыл болду. Учурда 2 уулубуз бар. Бири 6да, бири 1 жарымда. Улуусу чыгармачылыкка жакын, кичүүсү андай эмес.

– Билишимче, чыгармачылыгыңды жолдошуң колдойт...

– Жоодар башка кесиптин ээси болгону менен, чыгармачылыкты жакшы түшүнөт. Кайнатам чыгармачыл инсан, той алып барып тамадалык кылат. Бул чөйрөнү билет. Ал көп учурда жолдошума “балам, мындай талант миңдин бирине келет, Чолпон кызымдын талантын колдо, өзүң кийимдерин көтөрүп барып, бара турган жерине жеткирип тур” деп акыл-насаатын айтат. Устатым өнөрдүн эшигин ачып берсе, жолдошум өнөрүмдү көкөлөтүп кетти, мен экөөнө тең ыраазымын.

– Жолдуу экенсиң, кут болсун! Азыр ырчы актриса болуп, актрисабыз дагы башка тармактан күчүн сынап, өнөрүн “коктейль” кылып жатышат го. Сен башка жаатта сынап көрөсүңбү өзүңдү?

– Өнөрлүү адам бардык жактан өзүн байкап көрсө болот. Вокалдан сабак алып жатам, сөзсүз ырдап чыгам. Балким, актриса болуп да өзүмдү сынап көрөм. Бирок комузчу бойдон калам. Комузчу катары артымдан чоң из калтырып кетсем, күү жаратсам деген тилегим бар. Алгачкы күүм жаралып, элге тартуулоо алдында турабыз.

– Тилегиң орундалсын, маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
i-bilim
2021-03-29 14:25:52
Аябай жагат ушу кыз. Күлмүңдөп комузу менен кошо көздөрү, мимикасы менен бийлейт го, карап эле отургуң келет
+2
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан