Өлкөдө мектеп окуучулары 22-марттан 1-апрелге чейин эс алышат.
Бишкектин Алтын-Ордо конушуна 480 орундуу мектеп курууга тендер жарыяланды.
23-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кара-Үңкүр тилкесине кар көчкү түштү, жабыркагандар жок.
24-мартта акаевдик бийликти кулаткан Март ыңкылабына 16 жыл толду.
Жогорку Кеңештин депутаттары азык-түлүктүн кымбатташы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну талап кылышууда.
Журналист Чынара Асанова узакка созулган оорудан улам 22-мартта каза болду.
Улуттук статистика комитети: “Күн карама жана пахта майы 1 жылда 1,6 эсеге кымбаттады”.
23-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 802 миллион метр кубга чейин азайды.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн 23-мартта Өзбекстанга барды.
Ушул аптада өлкөдө калкты коронавируска каршы эмдөө кампаниясы башталары күтүлүүдө.
Айылдык кеңешке талапкерлерди каттоо аяктады, 420 айылдык кеңешке 18 772 талапкер ат салышат.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев: "Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга кымбаттайт".
Жогорку Сот мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата өкүмдү жокко чыгарып, кылмыш ишин кайра кароого жөнөттү.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.