АТАКТУУ ВРАЧТАР ӨЗДӨРҮ ЭМНЕ МЕНЕН ООРУШАТ?

Бул жолку биздин каармандар – Кыргыздын атактуу врачтары. Миңдеген адамды оорудан сакайтып, өчүп бараткан үмүтүн тутантып өмүрүнө өмүр улаган алтын колдуу кишилер. Бирөөнүн өмүрү үчүн алпурушкан атактуу ак халатчандардын өздөрүнүн ден соолугу кандай? Кандай илдет менен ооруган же учурда кайсы дарттан жапа чегишет?

“КУРСАКТАН, КӨЗҮМДӨН ОПЕРАЦИЯ БОЛДУМ”

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, медицина илимдеринин доктору, 93 жашта:

– Азыр эми карылыктын белгилери билинет да, буттарым ооруп калат. Буга чейин эмнелер менен оорудум?

11-12 жыл мурун көздүн катаракта оорусунан жабыркап, операция жасаткам. 3-4 жыл мурун курсактагы чоң кан тамырдын чоңоюп кеткени билинди эле, үйдөгүлөрдүн, врачтардын сунушу менен Германияга барып операция жасатып келдим.

Кан басымымдын жана салмагымдын жогорулап кетпешине көз салып келем. Анткени ушулардан көп оорулар жаралат. Көп басам, көнүгүүлөрдү жасайм. Дайыма кыймылда болуп келе жаткандыктан азыркы жашымда деле бейтаптарга операция жасап жатам.

“КОРОНАВИРУС МЕНЕН ООРУП, ТИГИ ДҮЙНӨГӨ БАРЫП КЕЛГЕНДЕЙ БОЛДУМ”

Миталип Мамытов, нейрохирург, медицина илимдеринин доктору, 81 жашта:

– Орусиянын Санкт-Петербург шаарында аспирантурада окуп жүргөн кезде, 28 жашымда аппендицит болгом. 2020-жылы июль айында коронавируска чалдыгып, 15 күндөй абдан катуу оорудум. Баса албай калдым.
Ооруканага жатып, 1 күндө 5-6 укол, анын ичинде тамчылатма дары алып жаттым. Кыйналгандан тиги дүйнөгө барып келгендей болдум.

Оорубаш үчүн кыймылда болгула, оорунун алдын алгыла. Эч ким оорубасын!

“ШИШИКТИН АЙЫНАН ОҢ КОЛУМ МЕНЕН ОҢ БУТУМ ЖАКШЫ ӨСПӨЙ КАЛДЫ”

Калдарбек Абдраманов, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, 65 жашта:

– 10 жашымда моюн омурткамда шишик пайда болду. Шишиктен улам оң колум менен оң бутум жакшы кыймылдабай калды. Алгач врачтар так диагноз коё алышкан жок, бирок дарылап көрүштү. Дарылаганга болгон жок, ошентип 10 жашымда операциянын 1-этабын, 2 жылдан кийин 2-этабын жасашты. Ошентип айыктырышты. Айыкканда кайра тирилгендей болгом. Ошол операция жасаган хирургдар дале эсимде. Шишиктин айынан оң колум менен оң бутум жакшы өспөй калды, берки бут-колума караганда 2 сантиметрге кыска.

Аскерде жүргөндө бир бөйрөгүм ооруп, приступ болдум. Көрсө, таш бар экен. Хирургдар операция жасап, дарылап, бутума тургузушту.

Былтыр жайында коронавирус менен оорудум.

“ЭЛДИН ДЕН СООЛУГУ ДЕП ЖҮРҮП ӨЗҮМӨ ООРУ ЖУКТУРДУМ”

Акылбек Усупбаев, Бишкектеги урологиялык борбордун директору, медицина илимдеринин доктору, 64 жашта:

– Бир жолу канымдын курамында холестериндин деңгээли көтөрүлүп кетип ооруканага жаттым. Кардиологдор стент (жасалма кан тамыр) коюшубуз мүмкүн деп айтышты. Бирок коронарографиялык текшерилүүдөн өткөнүмдө таза чыгып, стент коюлбай калды.

2020-жылдын пандемия күчөп турган июнь, июль айларында Саламаттыкты сактоо министрлигинин суранычы менен Улуттук госпиталдын башкы врачынын милдетин убактылуу аткардым. Коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн 3 борбор ачтырдым. 2 айда 2500 адамды дарылап, чыгардык. Акырында ооруну өзүмө жугузуп алып, дарыланып айыктым.

Кабинетимде спорттук 2 тренажёр бар. Оор операциялардан чыккандан кийин ошолордо машыгып, өзүмө келем.

“ЭКИ ӨПКӨМ ПНЕВМОНИЯГА ЧАЛДЫКТЫ”

Талантбек Өмүрбеков, балдар хирургу, медицина илимдеринин доктору, 65 жашта:

– Биз, хирургдар, дайыма операция жасайбыз да, ошого кан менен жугуучу ооруларды, мисалы, гепатитти жуктуруп алуу коркунучу абдан чоң. Анткени кээде адам өмүрүн алып калайын деп шашылыш операция жасап жатып ийне менен колубузду сайып алышыбыз мүмкүн. Мен да ошентип бир кезде гепатит оорусун жугузуп алып, 5 жыл дарыланып, айыккам.

Үстүбүздөгү жылдын январында коронавирус инфекциясынан улам 2 өпкөмдөн пневмония болуп, ооруканага жатып дарыландым. Ак халатчандар өлүмдүн оозунан сууруп чыгышты. "Кызыл зонада" иште жүргөн врачтарга таазим!

“АППЕНДИЦИТТИ, ӨТТҮ АЛДЫРГАМ”

Сабырбек Жумабеков, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, 56 жашта:

– Бала кезде тентек болчумун. Балдар менен көп мушташтым. Ошондуктан денемде тырыктар көп. 3 жашымда ит тиштеп алган. Ойнойм деп белимди темирге тилдиргем. 7 жашымда башыма кетмен тийип, башым жарылган. Жүгөрү тиккенде бирөө кетмен менен жерди чукуп ачса, экинчиси жүгөрү таштайт эмеспи. Ошондой маалда бутка илешип бара калсам башыма кетмен тийип жатпайбы.

3-курсумда аппендицитти, 15 жыл мурун өт баштыкчасын алдыргам.

Учурда чуркоо, велосипед тебүү менен алектенем, турникке тартылам. Күндө аз дегенде 10 000 кадам басам, көп кыймылдайм.

“КАН БАСЫМЫМ КӨТӨРҮЛҮП КАЛАТ”

Акылбек Мусаев, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы врачы, медицина илимдеринин доктору, 62 жашта:

– Өткөн жылы жайында коронавирус менен ооруп айыктым. Кээде кан басымым көтөрүлүп калат. Анан бир бутумдун баш бармагында “ак сөөктөрдүн оорусу” аталган подагра оорусу (заара кычкылынын топтолуп, кристаллга айланышы, кристаллдардын ткандарды айнек сымал сайып оорутушу) бар.

Башка оорулардан Кудай сактасын.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2021-03-29 14:04:06
Кудайым ден-соолук берсин ар бир пендесине.
+5
Kuyoo_bala
2021-04-03 11:40:43
Кудайым өмүрүңөрдү берсин,кызмат кылып жүрө бергиле
+1
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан