КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кыйч-кыйч... Келгендер бирөө эле эмес, бир нече адам экенин Тилек бир топто барып түшүндү. Азыр жер төлөнүн эшигин ким ачса да атат. Башка жол жок. А балким, милиция кызматкерлери болсочу? Дагы бир ментти өлтүрөбү? Эмнеге? Жо-ок, жетишет.

ххх

– Бул жер мурда эле ушундай тешик беле?- Аскардын айдоочу досу Бекжан тешилген шыпты көрүп Сабинадан сурады.

– Эски там, ар кайсы жери ушинтип куюлуп түшө берет.

– Муну бирөө эле тешкен го?.. Карасаң, адамдын изи да турат. Эч ким жокпу бул жакта?

– Жок. Бар болсо эчак чыкмак да. Сиз экөөбүз сүйлөшүп тура беребизби? Акчаны алып эртерээк чыкпайлыбы?

– Кана? Кайда акча?

– Тетиги полдогу эшикти көрдүңүзбү?

Бекжан жер төлөнүн эшигине жабышты. Каалганы ачып эле тепкич менен ылдый түшпөстөн, эмнегедир полго боортоктой калып башын салып көрдү. Чыкыйына кайдан-жайдан мупмуздак темир такалып, кимдир бирөөнүн “стоять! Жылба ордуңдан!” деген мупмуздак үнүн эшитип, жүрөгү үшүп туруп калды.

– Тилек?- кыз калтырап үн катты.

– Ары тур! Болбосо мунуң тирүү калбайт...

– Тилек... Мен сенин мында экениңди билгем. Сыртта Аскар турат. Бул жөн эле айдоочу...

Жигиттин дене бою калтырап ачуусунан жарылып кетчүдөй болуп турду.

– Муну өлтүргөндөн пайда жок. Сырттагыны өлтүрүш керек,- кыз чебелектеп жаткандай туюлду.

– Хе, сен өзүң тирүү калам деп ойлоп жатасыңбы?- Тилек кыздын жүзүн көрбөй эле сүйлөп жатты.

– Анда, мына, өлтүр!- кыз ачылган каалганын тушуна келип турду. Тиктеше түшүштү... Мына, атып салса болот. Бирок Тилектин колдору Бекжандын башынан жылган жок. Тапанча кармаган колдор карышкан бойдон тигинин чыкыйына кадалганы-кадалган.

– Мен билгем тирүү экениңди! Мен сага келдим. Эшикте Аскар турат... Мага тапанчаны бер, өлтүрүп келем...

– Эмне?

– Убакыт аз. Ал азыр кирип келсе баары ойрон болот. Бер мага!

– Кирип келгени жакшы. Мен аны каалганы ачары менен өлтүрөм. Кам санаба!

– Ызы-чуу башталат ал келсе! Элдин баары көрөт. Экөөбүз эч кайда кача албай калабыз... Мага ишен. Бер пистолетти! Ашыкча ызы-чуу кылбай качып кеткенибиз оң эмеспи?!

– Сука! Мени сага ишенет деп турасыңбы?

– Анда ат мени! Атып ташта! Экөөбүз кача албасак, анда өлүп калганым эле жакшы...- тике карап туруп алды кыз. Бул, балким, Тилектин эң акылсыз чечимидир... Бирок ал капыстан эле шымына кыстарылган экинчи тапанчаны бир колу менен алып Сабинага ыргытып жиберди. Кыз куралды тосуп алды да, чечкиндүү бурулуп сыртка чыгып кетти.

ххх

Аскар келгенде эле үйгө кирүүгө макул болгон эмес. Сактыкка кордук жок деди ал. “Мен сыртта болом. Силер киресиңер да, алып чыгасыңар бат-баттан! Дароо кеттик!” деген болчу. Ал эмнегедир Сабина аркасына бычак сайчудай сактанып жаткан. Бул интуициябы же чыккынчылыкка толгон жашоосунан алган тажрыйбабы, белгисиз...

– Кеттик-кеттик, байке...- Сабина дарбазадан шашылып чыга келди.

– Бекжан! Бекжан кана?

– Артта келе жатат. Акча ошондо...- кыз шашкалактаган бойдон арткы каалгадан түштү. Аскар болсо Бекжан качан чыгат дегендей досун күтүп дарбазадан көз албай туруп калды.

– Кана?- Аскар артына карай салып Сабинаны суроолуу тиктеди. Мурдунан төрт элидей арыраакта “Макаровдун” ажал бүрккөн оозу аны тиктеп туруптур.

– Мына!- деди кыз. Анан кандайдыр бир кубанган түр менен курокту басып салды. Дүң эткен куралдын үнү түнгө сиңип кетти. Ок Аскардын бир көзүн мээсине аралаштырып барып, маңдайкы терезеге чачыратып салды.

ххх

– Атты!- деди жер төлөгө башын салып турган Бекжан дагы эле кыймылдабаган абалында. Кыйч эте каалга ачылып, кыз кирип келди.

– Байкени коё бер! Ал бизге керек адам. Кеттик, качтык...

– Куралды ыргыт!

– Тилек...

– Ыргыт!

– Мына...- тапанча дүңк эте жыгач полго кулады. Тилек шашпай гана чыгып келди. Бекжан кыймылдабаган бойдон дале жатат.

– Байла муну!

– Тилек!

– Кроссовкаңдын боосун чеч да, байла!

Кыз аргасыз макул болду. Шапа-шуп боолор менен Бекжандын колу-бутун байлап салды. Кийин Тилек кыз менен сыртка чыкты да, гараждын үстүнкү темирин жылдырып, кран менен Сабинанын баягы кызыл мерседесин сыртка чыгарды. Жигит унчукпай гана, шашкалактабай кыймылдап жатты. Дарбазаны ачып Аскардын мээсине чыланып жаткан БМВны, өлүк айдоочусун түшүрбөстөн түртүп кирди. Кара терге түшүп алган. Күшүлдөп-бышылдап отуруп акыры БМВны крандын үстүнө токтотту да, ылдый түшүрдү.

Кайра жер төлө менен ылдый гаражга түшүп, БМВнын багынан бензин сордуруп алып, канистрага толтурду. Бул арада Сабина анын кыймылынан көз албай артынан ээрчип жүргөн. Жигит аны эми байкагандай, отургучка жаңсап “отур!” деп буйрук берди. Буйрукка баш ийди Сабина. Тилек керебетте төшөлүп турган шейшепти алып, экиге бөлө айрып салып, аны менен кызды таңып баштады.

– Эмне кылып жатасың?- кыз колдорун тартып алган да жок.

– А сен кандай ойлойсуң?

– Өрттөп жиберейин деп чечтиңби?

– Аз-замат! Билет турбайсыңбы? А мен билбейт экенмин... Таптакыр эч нерсени билбептирмин. Керек болсо... Керек болсо мен сени сүйүп алыптырмын. Сүйүп... Элестеттиңби? Сени сүйүп алыптырмын. Билбей, аңдабай сүйүп алыпмын. Аркамдан бычак саят деп ойлогон эмесмин да...

– Бирок мен келдим да...

– Келдим?! Сен келдиңби? Саби, сен кайсы тарап күчтүү болсо ошол жакка өтө качкан эле адамсың. Азыркы кырдаалда күч мен тарапта болуп калды. Мен сенин ким экениңди түшүнүп калдым. Эгер кийинкиде күч менден оосо, сен да башка жакка ооп кетесиң.

– Андай болбойт!

– Башты оорутпа! Саша кайда?

– Өлгөн...

– Сага жанын берүүгө даяр болгон Сашаны өлтүрүп коюп, анан “Тилек, мен сага келдим” деп ишендирмекчи болдуңбу? Эми мен сүйүп калып көзүм сокур болгондур, бирок мээм ордунда эле. Ээх... Саби, Сабина... Билип кой, мен сени өрттөгөн жокмун. Сен өзүңдү-өзүң өрттөдүң.

– Менде башка арга жок болчу. Аскар баарын ууландырарын билген эмесмин. Качан силер кулаганда түшүндүм... Мен Аскарга сени аттым дегем. Мен Марска чалгам... Сени тирүү алып калсын деп чалгам...- кыз ый аралаш сүйлөп жатты. А Тилек болсо анын сөздөрүнө көңүл бөлбөгөндөй шашпай гана тепкичтер менен жер төлөдөн чыгып кетти.

– Сен кимсиң?- деди Тилек көздөрү коркунучка толуп жаткан Бекжанды тиктеп.

– Мен Аскардын таанышымын... Мени өлтүрбө! Мен жөн гана чоочун адаммын. Ал менден Көлгө барып келели деп гана суранган.

– Кечирип кой... Бирок мен күбө калтырбашым керек!- алайып калган Бекжанды жер төлөгө карай сүйрөп жөнөдү.

– Аа! Жардамга-а! Жар-дам-га-а!

Кыйкырганын укпагандай эле жер төлөгө сүйрөп түшүрүп салды. Бекжан кыйкырган пайдасыз экенин түшүндү. Эми эмне кылат? Деги кандай адам бул? Жер төлөдөгү эшиктердин биринен чыгып кетти. Анан бир аз туруп, Бекжан бензиндин жытын сезди. Эмне өрттөйбү?

– Эй! Эй дос! Эй, эмне кылганы жатасың?

Суроону уккан кишидей Тилек кирип келди. Канистрадагы бензинди БМВга, ичиндеги Аскардын өлүгүнө чачып бүтүп, эми бул жакка чубалжытып төгүп келе жаткан.

– Эй дос! Кой антпе. Менин таптакыр тиешем жок... Мен жөн эле айдоочумун! Эй...- ыйлап жиберди Бекжан. А жигит болсо шашпай гана аны тегерете бензин чачып, анан отургучта таңылып турган кыздын үстүнөн ылдый кандайдыр бир ырахаттануу менен майды төгүп жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sydyeva91
2021-03-29 09:19:56
Аз гоооо☹
+1
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан