“АЯЛ БАКТЫСЫ”

Спатифиллум, бизге тараган аты – "аял бактысы". Бул гүл түрүн үйдө өстүрсөңүз, бөлмөнүн көркүн гана ачпастан, абаны тазалап турат.

ГҮЛГӨ БАЙЛАНЫШКАН ИШЕНИМДЕР:

•Жалгыз бой аял спатифиллум гүлүн өстүрсө, ал өз бактысын табат дешет. Ошондуктан да аял бактысы деп аталып калган.

•Спатифиллум үйдүн энергиясын жакшыртып, үй ээлерине бакубатчылык, бакыт тартуулайт.

•Үйдө уруш-талаштар болуп турса, гүл соолуп же гүлдөбөй калат.

•Көптөн бери гүлдөбөй туруп гүлдөгөн болсо, жакында үйдөгү аялдын боюна бүтүшү мүмкүн.

ОТУРГУЗУУ ЖЕ КОТОРУУ

Спатифиллумду жаз мезгилинде отургузган же которгон жакшы. Бул гүл тыгыздыкты жакшы көрөт. Гүл челек кичинекей болсо жакшы гүлдөйт. Тамырлары гүл челектен чыгып, жалбырактары көбөйүп батпай баратса, анда которуу керек. Жаңы отургузгандан кийин топурагы сууну толук сиңиргиче 4-5 күн сугарбай коё турган оң. Бирок суу чачкыч менен жалбырактары кургап кетпегидей кылып суу чачып туруш керек. “Аял бактысын” жаз, жай мезгилинде топурагына карап 2 күндө бир же күнүгө сугарыңыз. Суук мезгилде жумасына 1-2 жолу сугаруу туура.

КАМ КӨРҮҮ

Спатифиллум жылуулукту сүйгөн гүл, ылайыктуу температура – 18-25 градус. Эгер температура суук болсо гүл ооруп калышы мүмкүн. Күндүн түз тийген нуруна чыдамсыз, ошондуктан күн катуу тийген учурда көлөкө жерге которуп койгон жакшы. Күндүн нуру жетпей калса жалбырактары кичирейип, агыш тартып, алсыз болуп калат. Демек, күн чыгыш тараптагы терезе ыңгайлуу.

Бул гүлдү, башкалар сыяктуу эле, комплекстүү жер семирткич менен азыктандыруу керек: жазында жана жайында эки жумада бир жолу (апрелден сентябрга чейин). Ал эми күзүндө жана кышында өсүмдүктү эс алдыруу керек, сугарууну бир аз азайткан жакшы. Эгерде азыктандыруу, кам көрүү жакшы болсо, гүл узак убакытка гүлдөйт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан