МЕНИ АДАМ КЫЛГАН МӨЛТҮРӨГӨН КӨЗДӨР...

– Мектепти аяктаганда көпчүлүгүбүз Бишкекти көздөй жөнөйт эмеспизби. Мени дагы ата-энем терең үмүт менен жогорку окуу жайга өткөрдү. Мага кабатыр болуп айына акча салып турушчу. Башында жакшы эле окууга өзүмдү арнап жаткам. Бирок баары мен ойлогондой болбой калды. Өйдө-ылдый басканым көбөйүп, ар кандай балдарга аралаштым. Окууга илең-салаң барам. Эжем-агамдарга эркелеп улам акча сурап жүрүп көөп кеттим. Арым деле жок экен. Алар “студент болсо берели” деп мени эч нерседен өксүк кылышпайт.

– Окууң кандай?

– Жакшы,- дегеним менен, кайдан жакшы болсун? Биринчи курсту жакшы аяктадым. Баары ошол бойдон жакшы окуп жатат деп ойлоп жүрүшөт. А мен болсо эбак жаман балага айлангам. Шаарда эжемдин үйү бар болчу. Ага карабай көшөрүп жатаканага чыгып алдым.

– Ачка болосуң, сени жатаканада эжеңдей тамак жасап бирөө күтүп алмак беле? Үйү тар болсо бир жөн.

– Ачкадан өлбөйм, аныкына киши-кара көп келет. Бир жыл турдум, жетишет,- деп үйдөгүлөрдүн айтканына болбой койдум. Алар менин көңүлүмдү кыя албай макул болуп, акысын төлөп, мага жатаканадан бөлмө алып беришти. Ал жакта жалаң балдар жашачу. Китептен бетин албаганы да, китеп бетин ачпаганы да бар. Мен китеп бетин ачпаган балдарга кошулуп калдым. Алар менен чогуу жүрүп уурулукка да аралаштым. “Кыздарды жолугушууга чакырып алып, акчасын уурдайбыз” деп көчөгө чалгынга чыкчубуз. Бир күнү балдар дүкөндөн чыгып келе жаткан бир кызды акмалап басты. Мен кыйла артта элем. Бири аркасынан жетип эле колундагы сумкасын жулуп качты. Алардын артында келе жаткан менден жардам сурады кыз. Адаттагыдай укмаксан болуп кете албадым. Эмнегедир кызды аяп кеттим. Балдарга жетип барып, сумканы тартып алдым.

– Сага эмне болду?- деп бири мени көкүрөккө бир урду.

– Эч нерсе,- деп артты көздөй чуркап жөнөдүм. Жооп кайтарсам топтошуп мушташ башталып кетмек. Кыз жүзүн таанып калбасын деп аркамдан келе албасын билем. Коркконунан титиреп турган кызга сумкасын карматтым. Дагы да кете албадым аны таштап. Үйүнө чейин жеткирдим. Кыздын маанайы жакшыра түштү.

– Чоң рахмат, кантип ыраазычылык айтууну билбей турам.

– Эч нерсе эмес, менин ордумда башкасы болсо да ушуну кылмак,- деп алып уялып кеттим. Буга чейин ыйлатып туруп кыздардын сумкасын мен деле жула каччумун да.

– Жок, баары эмес,- эшиктин алдындагы жарыктан бакырайган кара көздөр даана көзүмө урунду. Ичимди бир ысык нерсе аралагандай боло түштү.

– Ыраазычылыкка деле арзыбайт, телефон номериңди берсең ошол жетиштүү дедим. Бири-бирибиздин номерибизди алдык. Жатаканага барууга бутум тартпады. Түз эле эжемдикине жөнөдүм. Түнү менен уктай албай, мончоктой болгон көздөр көз алдымдан кетпей койду. Эртеси кыз ыраазычылык билдирем деп мени тамакка чакырды. Бардым, бир көз карашта мени арбаган кара көздөр дагы да сулуу көрүндү. Жүрөгүм бат-баттан бир башкача согуп жатканын туйдум. Өзүмдү ал аруу көздөргө татыксыз көрдүм. Эртеси эле жатаканадан көчүп кеттим. Окууга барып, күндөн-күнгө түзөлө баштадым. Бул атайын эмес, өзүнөн-өзү болуп жатты. Мен ага ашык болгонум менен, сезимдеримди билдире албай жүрдүм. Бара-бара мамилебиз өзүнөн-өзү жакындап кетти. Эгер ага жолукпасам, адам болбой калат белем деп ойлоп кетем. Ошентип баш коштук. Азыр айылда бактылуу турмуш кечирип жатабыз. Бир көргөндө мени арбап, эси-көөнүмдү ээлеп алган сулуу азыр ата-энемдин сүйүктүү келини. Мени адам кылган мөлтүрөгөн көздөргө өмүр бою ыраазымын...

Кубатбек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан