АЛЛО, КАЙРА ЧАЛЫП КОЁСУЗБУ?..

Уюлдук телефон азыркы кезде айылдагы аксакалдарыбыздын да жашоосунан орун алган. “Атаңды, мунуң жакшы нерсе тура... Эч убара кылбайт” деп коюшат аталар. Анда уюлдук байланыш дүйнөсүнө “маяк” таштап көрөлү.

АЙТА КЕТЧҮ НЕРСЕ...
Биз уюлдук телефонду орусча “сотовый телефон”, “мобильный телефон” деген түшүнүктөр менен кабыл алганбыз. Ал эми биз колдонуп жүргөн уюлдук телефондор “мобильный телефон” болуп эсептелет. “Сотовый телефон” бир гана уюлдук эмес, радио, спутник, магистралдык телефондор дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан биздин “сотка” деп жүргөнүбүз туура эмес.

100 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ТУРГАН АЛГАЧКЫ ТЕЛЕФОН
"Motorola" компаниясы 1983-жылы DynaTAC8000X үлгүсүндөгү биринчи уюлдук телефонун чыгарат. Бул телефон 15 жыл дегенде иштелип чыгып, 100 миллион АКШ доллары сарпталган. Салмагы 794 граммды түзүп, заряды 8 саатка жеткен. Баасы 3 миң 995 АКШ долларын чапчыган.

ААЛАМГА ЖОЛ ТОКОЙДОН БАШТАЛАТ
Азыркы кезде уюлдук байланыш дегенде эле көпчүлүк Нокиа аталышындагы телефондорду элестетишсе керек. А бирок Нокианын тарыхы тээ тереңде жатканын баары биле бербеши анык.
1865-жылы финляндиялык тоо инженери Фредрик Идестам Нокия дарыясынын жээгиндеги токойдон жыгач иштетүүчү фабрика куруу үчүн уруксат алат. Фабрика кийин чоң комбинатка айланат. Жумушчулардын көп келген агымынан улам Нокиа шаары пайда болот. “Нокиа” деген сөз фин тилинен которгондо “карагай суусары” деген маанини билдирет. 1871-жылы "Нокиа корпорэйшн" ("Nokia Corporation") ишканасы болуп түзүлөт. Бара-бара өз кучагына башка тармактарды кошуп, кагаз, жыгач, резина өндүрүп, резина өтүктөрдү, көлөчтөрдү жана электр жабдыктарын чыгара баштайт. Өзүнүн өндүргөн товарлары менен Европа жана Америка өлкөлөрүн багындырууга жетишет.
Ар тармакта алдыга жылып отуруп, 1960-жылы "Нокиада" электрондук бөлүм түзүлөт. Андан көп өтпөй эле, тактап айтканда, 1963-жылы биринчи радиотелефонду иштеп чыгышат. Мындай ар тармактуулук “Баарын жасаса болот жана баарын жасап көрүш керек” деген ураандын негизинде жаралат. 80-жылдардагы уюлдук байланыштын өнүгө башташы менен “Нокиа” фирмасы да башкаларга салыштырмалуу толук кандуу, ыңгайлуу уюлдук телефон иштеп чыгат. Ошентип, 1991-жылы азыр биз колдонуп жаткан GSM стандартындагы уюлдук байланышы Финляндияда ачылат. Биринчи болуп Нокиа телефонунан өлкөнүн премьер-министри Ахо Эско Тапани коңгуроо кылган. Ошол мезгилден тарта Нокианы телекоммуникация тармагында токтотуу мүмкүн болбой келет.

ОЛЛИЛАНЫН ДООРУ
1990-жылы “Нокианын” уюлдук телефондор бөлүмүнүн жетекчилигине Йорма Оллила келет. Өзүнүн көрөгөчтүгү менен келечек уюлдук байланыштын заманы экенин түшүнүп, каражаттын баарын ушул тармакка сарптайт. Ийгиликтер жарала баштагандан тарта, башкача айтканда, 1992-жылы Оллила “Нокианын” башчысы болуп шайланат. Ал тез арада ишкананын башка тармактарын кыскартып, негизги басымды уюлдук телефондорго коёт.
5 жылдын ичинде “Нокиа” 31 өлкөгө GSM стандартындагы уюлдук байланышынын лицензиясын сатып, 59 уюлдук оператор элге кызмат көрсөтө баштайт. Аны менен бирге эле Нокиа телефондору Азия менен Европада кеңири таралат. Негизги атаандаштар болгон "Ericsson" менен "Motorola" компаниялары артта калат. Акырындап отуруп, “Нокиа” дүйнөлүк брендге айлана баштайт. Ал гана эмес, америкалыктар уюлдук байланыш үчүн дүйнө жүзү Европа менен кошо “Нокиага” милдеттүү деп моюнга алат. Айтмакчы, Йорма Оллила бүгүнкү күндө да “Нокианы” жетектеп келет.

“САМСУНГ” – КОРЕЯНЫН ҮЧ ЖЫЛДЫЗЫ
Айтылуу “Самсунг” компаниясы 1938-жылы азык-түлүк тармагындагы ишкана болуп түзүлөт. Негиздөөчүсү – Ли Бьонг Чхуль. Ал кезде Корея Японияга колония болуп турганына карабастан, ал өз алдынча иш баштоону чечет. “Самсунг” деген сөз "үч жылдыз" деген маанини билдирет. Чхуль "Үч жылдыз" деп үч эркек уулунун урматына атап койгон. Экинчи Дүйнөлүк согуштун кыйынчылыктарына карабастан, Чхуль акырындан алдыга жылып отурат.
Иштин көзүн билип калган Ли 1969-жылы япондор менен бирдикте "Самсунг Электроникс" ишканасын негиздеп, сыналгыларды чыгара баштайт. Убакыттын өтүшү менен жаңы түптөлгөн компания электрондук, тиричилик буюмдарын чыгарып, Кореяда гана эмес, эл аралык аренада да өз ордун ээлей баштайт.
Компаниянын уюлдук телефондору тууралуу айтсак, 2 сим-карталуу телефонду дал ушул компания чыгарган. Биринчи болуп күндүн энергиясы менен иштей турган телефонду да иштеп чыккан. Учурда Самсунг уюлдук телефондору өтүмдүүлүгү жагынан дүйнөдө 2-орунду эч кимге бербей келет.

ЧЫГЫШ МЕНЕН БАТЫШТЫ БИРИКТИРГЕН “СОНИ ЭРИКСОН”
Уюлдук телефондордун эң жашы, сырткы келбети жагынан эң келишимдүүсү деп Сони Эриксонду айтса болот. Анткени компаниянын түзүлгөнүнө 9 гана жыл болгонуна карабастан, миллиондордун жүрөктөрүнөн орун таба алды.
Тарыхына кайрыла кетсек, компания 2001-жылы швециялык "Эриксон" жана япониялык "Сони" ишканаларынын биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн. Башкача айтканда, Сони Эриксон телефондорун чыгыш менен батыштын маданиятынан келип чыккан шедевр десек болот.
Компания чыгарган тун аппарат болуп Т68i үлгүсү эсептелет. Бул алгачкы телефон түстүү экраны менен айырмаланган. Ушул эле үлгүдө уюлдук телефондордо биринчи жолу фотоаппарат орнотулганын айта кетүү абзел. Ишкана аз убакыт ичинде телекоммуникация тармагында чоң ийгиликтерге жетише алган. 2008-жылдан бери компания дүйнөнүн телефон сатуу базарында 5-орунда бекем орун алып келет.

"БИРДИК" МААЛЫМАТТАР

  • 1984-жылы Жер жүзүндө уюлдук байланыштын 300 миңдей абоненти болсо, 2003-жылга 1,2 миллиард адамга өскөн. А бүгүнкү күнү 5 миллиард адамга жетип отурат.
  • Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында “Нокиа” компаниясы 107,8 миллион даана; "Самсунг" – 64,3 миллион; "ЛЖ" ("LG")
    27,1 миллион; "Моторола" – 10,6 миллион жана "Сони Эриксон" 10,5 миллион телефон сатышкан.
  • Жыл сайын 125 миллион уюлдук телефон таштандыга ыргытылат. Алар бузулганы үчүн эмес, кожоюндары тажаганы үчүн. Мисалы, корейлер ар 11 ай сайын телефонун алмаштырып турушат.
  • Эстониялыктар шайлоого барып отурбай эле, телефон аркылуу добуш берүү системасын ишке ашыруу менен алек. Сыягы, бюллетендерди үнөмдөөнү чечишкен го.
  • "Нокиа" компаниясы Нокиа 3410 үлгүсүндөгү телефонун Азия чөлкөмүнө 148 даана гана сата алган. Ал эми ушул эле үлгү батышта чоң суроо-талапка ээ болгон. "Мунун сыры – азиаттар “4” санын кооптуу, бактысыз деп эсептегенинде" деген маалыматтар бар.
  • Уюлдук байланыш дүйнөдө бир гана Тувин аралында (өлкөсүндө) жок.
  • Суук мезгилде телефонду денеге жакын алып жүрүү керек.
  • Муздак телефонду заряддоого болбойт.
  • Атактуу саясатчылардан Владимир Путиндин уюлдук телефон колдонбой турганы маалым болду. Ал эми анын “шефи" Медведев Кореяда жасалган кол саат түрүндөгү (LG Watch Phone) телефонду колдонот экен.
    АКШнын ажосу Обама Sectera Edge үлгүсүндөгү жөнөкөй көрүнгөн, бирок атайын функциялар камтылган телефонду чөнтөгүнө салып жүрөт.


Ар собол

Уюлдук телефонду колдонгонду жакшы эле билесизби?
Зыянынан сактануу үчүн кандай чараларды колдоносуз?

Нурлан Мотуев, саясатчы:
– Бардык эле функцияларын иш жүзүндө колдонуп, иштете алам. Аппаратымды интернетке улап койгом. Өзгөчө СМС кызматынан көп пайдаланам. Ырларды көчүрүп алып укканга кызыкпайм. Бирок өлкөдө болуп жаткан орчундуу окуялардын видеолору бар.
Ден соолукка залакасы тийген нурлар чыгат деп коёт, ага көңүл бурбайм. Болгону, түнкү саат 11ден кийин өчүрүп коём.


Уюлдук телефонсуз жашооңузду элестете аласызбы?

Назира Кадыева, “Кыргызстан Обондорунун” ди-джейи:
– Жок. Таптакыр элестете албайм. Эгер байланыш катары карасак, телефон – менин оң колум. Бардык жумушум ушул аппаратка байланган, жеңил бүтүүсүнө чоң өбөлгө. Кээде отуруп, “буга чейин телефонсуз кантип жашадык эле?” деп ойлоном. Анан азыркы аппараттардын мүмкүнчүлүгү кеңейген. Уюлдук телефон – мен үчүн байланыш каражаты гана эмес, акыркы заманбап музыкаларын жүктөп алып угуу каражаты. Анан дагы жөжөмдү (кызын ушинтип атайт) сүрөткө тартып алып, сагынганда карап, бир жыргап алам.


Кандай телефон колдоносуз? Эмнеси менен жагат?

Темир Назаров, ырчы:
– Мен Самсунг үлгүсүн­дөгү телефон колдоном. Дуос деп коюшат го. Үлгү­сүн так билбейм. Колдонгонума бир жылдын жүзү болду. Муну алганымдын себеби, эки сим-карта колдонсо болот. Бир эле учурда эки бөлөк уюлдук компаниянын кызматынан пайдалана алам. Мурда Нокиа үлгүсүндөгү телефон көтөрчүмүн.


Номер тандоодо сандарга көңүл бурасызбы?

Кубан Атабеков, КТРКда спорттук баяндамачы:
– Ооба, номер тандоодо сандарга көңүл буруп калат экенсиң. Мен жашымдан Майкл Жорданды жактырам. Анын спорт аянтындагы номуру 23 болгондуктан, 23 санын жактырчумун. Анан да 123 саны мага жакын. Үйүмдүн номуру 123 эле, атамдын жана менин туулган жылыбызды кошкондо 123 болот экен. Институтка тапшырганда 123 упай алгам. Мына ушул сандарга көңүл буруп калам.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tekila
2010-10-25 19:51:06
мне Теми Назаров очень очень нарвится!!!
сильно хочется чтоб он снова блеснул на сцене!!!!!!!
-3
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан