“БАЛАМДЫН БИР КӨЗҮ ЧАЛЫР”

Окурмандардан келген суроолорго Бишкектеги Улуттук госпиталдын №2 көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, врач офтальмолог Бактыгүл Мамытова жооп берет.

– Баламдын бир көзү чалыр, 4 жашта. Эмне кылып калыпка келтирсе болот? Операция жасатыш керекпи?

Дилорам, 37 жашта, Ош

– Алгач балаңызды офтальмологго көрсөтүп текшертүүңүз керек. Ал балаңыздын көзүнүн кыймылын, көрүүсүнүн деңгээлин, каректин абалын жана башкаларды текшерет. Так диагноз коюу үчүн невропатологдун жардамы керек болушу мүмкүн. Көздөгү булчуңдар туура эмес жайгашкан болсо, аны атайын көз айнек жана коррекциялоочу көнүгүүлөр менен калыпка келтирсе болот. Ал эми бала чоңоюп, 18-25ке чыгып калгандан кийин кылыйлыктан арылтуу кеч болуп калат. Себеби көз булчуңдары катып, калыпка келтирүү кыйындайт.

Аппараттык дарылоо ыкмасы (Сидоренко аппарат-көз айнеги, Синоптофор аппараты) да колдонулат. Бул көрүүнү калыпка келтирет.

Дарылоодогу дагы бир ыкма – операция жасоо. Жаш балдарга 4-6 жашында көзүнө операция жасатса жакшы. Операция оорунун оор-жеңилине жараша 1 же 2 этап менен өтүшү мүмкүн.

“МИОПИЯ ООРУМ МЕНЕН ӨЗҮМ ТӨРӨЙ АЛБАЙМБЫ?”

– Мен алысты жакшы көрбөйм. Диагнозум миопия. Учурда көрүүмдүн деңгээли -3 диоптрия. 7 айлык боюмда бар. Тааныштарым “бул ооруң менен операция жолу менен төрөбөсөң, көрүүң дагы начарлайт же көрбөй каласың” дешүүдө. Мен сөзсүз операция жолу менен төрөшүм керекпи?

Миранда, 28 жашта, Жалал-Абад

– Миопия – бул көрүүнүн фокусунун бузулушу, алысты жакшы көрбөй калуу (близорукость). Миопиянын 3 даражасы бар: -3 диоптрияга чейин жеңил, -3,25тен -6 диоптрияга чейин орточо, -6дан ары оор. Жеңил жана орточо даражасына төрөттүн залакасы жок. Жогорку даражасында төрөттүн айынан көрүүнүн начарлоо коркунучу бар. Эмне үчүн? Анткени төрөт учурунда бүт организмге, анын ичинде көзгө да катуу күч келет. Миопияда болсо көздүн ичке жука тор кабыкчасы ичкерип жана созулуп калган болот. Ага катуу күч келгенде кабыкча сыйрылып же айрылып кетет. Ушундан улам көрүү өтө эле төмөндөйт.

Сиздики миопиянын жеңил даражасы болсо, коркпой табигый жол менен төрөй берсеңиз болот. Антсе да гинекологго жана офтальмологго барып текшерилип, кеңеш алсаңыз ашыкча болбойт.

“КӨЗҮМДҮН АЛДЫНДА ЧЕКИТ КӨРҮНӨТ”

– Көзүмдүн алдында чекит көрүнөт. Мурун өлчөмү кичирээк болчу, бара-бара чоңоюп баратат. Көбүнчө өйдө караганымда абада жылып жүргөндөй сезилет. Бул эмне болгон оору?

Саадат, 45 жашта, Бишкек

– Сиздин баяндооңузга караганда –бул көздүн тор кабыгынын катмарланып кетүү оорусу. Көбүнчө жыгылып же сокку тийиппи, айтор, көзгө жаракат алуудан келип чыгат. Муну ушу бойдон тим койсо акырындап бир нерсени толук карай албай каласыз. Сиз текшерилип, дарыланып көрүңүз. Эгер оору өтүшүп баратса операция жасатуу керектелет.

“КӨЗҮМДҮН ҮСТҮ ТАРТА БЕРЕТ”

– Көзүмдүн үстү кээде 10 күндөп же андан ашык тартып калат. Бул оорубу? Эмне менен байланыштуу?

Медер, 43 жашта, Бишкек

– Нервдик чыңалууда, стрессте көздүн үстү тартары илимде аныкталган. Көз тартканда нервди тынчтандыруучу чөптөн жасалган дарыларды (глицин, вамелан) ичсеңиз болот. Эгер алар жардам бербесе, сизге неврологдун кеңеши керек.

“КОНЪЮНКТИВИТТИ ЗААРА МЕНЕН ЖУУСА КЕТЕБИ?”

– Агамдын көзү кызарып, канталап, чылпактап ооругандан көз доктурга барса конъюнктивит оорусу деп, дары жазып бериптир. Бирок агам бир жашар баласынын заарасы менен көзүн жууп, “ушинтип эле айыгат” деп дарыланбай жүрөт. Ушинтсе дарт айыгышы мүмкүнбү? Ооруну эмнелер козгойт?

Мираида, 21 жашта, Ош

– Конъюнктивит – көздүн былжыр кабыкчасынын сезгениши. Оору 3 түрдүү жол менен пайда болот. Аны бактерия же вирус козгойт, же аллергия жаратат. Дарттын белгилерине, сиз айткандай, көздүн кызарып, жаш агуусу, кычышып өйкөлүүсү, чылпактоо кирет. Заара менен жуугандан көз айыкпайт. Дарылабай койсо өнөкөт түрүнө өтүп, улам кармай берет. Ошондуктан азыр курч кармаган кезде дарылатып айыктырса, кийин кармабайт. Дары-дармек оору эмнеден келип чыккандыгына карата жазылат.

“КҮЙӨӨМ БУЛАҢКЫР КӨРҮП КАЛДЫ”

– Күйөөмдүн көзү кызарып, канталап, булаңкыр көрүп калган эле. Окулист кератит деген диагноз койду. Бул эмне болгон оору деп врачтан сурасак айткан эле, бирок жакшы түшүнө алган жокпуз. Андыктан бул эмне оору жана кантип дарылоого болот деген суроого жооп алгыбыз келет.

Алмагүл, 40 жашта, Ош

– Кератит – бул көздү сыртынан каптап турган тунук кабыкчанын сезгениши. Көрүү даана болбой булаңкыр тартып, кызарат, жаш агат жана оорутат. Оорунун жаралышына жаракат алуу же бактерия, вирус, козу карын сымалдар, мите курттар себепкер болот. Дарылабаса акырындап көрүү начарлай берет.

Дарылоодо оорунун келип чыгышына карап антибиотик, вируска каршы тамчылатма дарылар, дары майлар жана башкалар сунушталышы мүмкүн.

“КҮНДӨН, ЖАРЫКТАН КӨЗҮМ УЯЛЫП, ЖАШ КУЮЛАТ”

– Жаз келди дегиче күн нурунан көзүм уялып, жаш куюлат. Көзүмдү бат-бат ирмеп, бир нерсени бир мүнөткө кароо да мүмкүн болбой калат. Көз айнек тагынсам бир аз көзүм эс алат. Үйдө светтин жарыгынан да көзүм уялат. Бул күн нурунан аллергиябы? Эмне кылып дарылансам болот?

Гүлнур, 28 жашта, Ош

– Айрымдарда күндүн ультра сыя-көк нурларынан, өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан көздүн аллергия оорусу келип чыгат да, март айынан тартып октябрга чейин созулат. Сиз аллергологго, офтальмологго да көрүнүңүз. Алар текшерүүнүн жыйынтыгына карап кеңешип, таблеткаларды, тамчылатма дарыларды жазып берет. Сиз кара көз айнекти жаздан тартып кеч күзгө чейин тагыныңыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан