РЕЗОНАНС ЖАРАТКАН ЧУУЛУУ ОКУЯЛАРДЫН АЯГЫ ЭМНЕ БОЛУП БҮТТҮ?

“Супер-Инфо” гезити өлкөдөгү резонанстуу окуяларды, кылмыш-кырсыктарды жарыялап, тергөө, сот иштерине назар салып турат. Бул санда буга чейин гезит бетине жарыяланып коомчулуктун талкуусуна алынган кылмыштуу окуялардын аягы кантип бүткөнүн жарыялайбыз.

КАЙЫН ЭНЕСИН ӨЛТҮРГӨН ЖИГИТ 20 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

“Супер-Инфо” гезитинин №918 санына “Күйөө бала кайын энесин өлтүрүп, кайын атасына бычак сайган деп шектелип кармалды” деген аталышта макала жарыяланган. Окуяны эске салсак, 2020-жылдын 1-июль күнү Сузак районунун Октябрь айылында 1957-жылы туулган О.О. аттуу аял өз үйүндө киши колдуу болуп каза тапкан. Мындан тышкары каза болгон жарандын күйөөсү, 1954-жылы туулган Д.О. дагы денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Кылмышка шектелип маркумдун күйөө баласы, Сузак районунун тургуну 2002-жылы туулган Т.А. кармалган.

Сузак райондук сотунун 25-ноябрь, 2020-жылдагы өкүмү менен, айыпталуучу Т.А. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1, 3, 9-пункттары (киши өлтүрүү, турак жайга кол тийбестикти бузуу жана башка), 144-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (уруп-согуу, кыйноо), 170-беренесинин 1-бөлүмү (киши уурдоо) менен күнөөлүү деп табылды.

Жазык Кодексинин 130-беренеси боюнча 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.

144-берене боюнча 4 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Башка берене боюнча 2000 сом өлчөмүндө айып салынган.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде белгиленген жазалар бири-бирине толук кошулуп, Т.А. 2000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылды.

МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН КИШИ ӨЛТҮРГӨН ЖИГИТ 4 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

“Супер-Инфо” гезитинин №920 санына “Чөп талаштан чыккан чыр. 40 жаштагы киши бычакталып каза тапты” деген аталышта макала жарыяланган. Макалада 2020-жылдын 11-июлунда Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну 1991-жылы туулган Замирбек Абаилдаев айылдашы З.У. аттуу жаранды ич ара пикир келишпестиктен улам бычактап өлтүргөн деп шектелип кармалганы айтылат. Айылдашын өлтүрүп, унаанын багажына салып жүрө бергени тууралуу сөз болот.

Жумгал райондук сотунун 2020-жылдын 20-ноябрында чыгарган чечими менен Замирбек Абаилдаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгү (аффект абалында киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылды.

16 ЖАШАР КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ ҮЧҮН 7,5 ЖЫЛ ЖАЗА

“Супер-Инфо” гезитинин №937 санына “16 жаштагы кыздын денеси суу сактагычтан табылды” деген аталыштагы макала жарыяланган. Эске салсак, 2020-жылдын 16-сентябрында Кара-Суу районундагы суу сактагычтан 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Ага чейин кыз үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан. Маркумга тийиштүү экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анын эки айлык кош бойлуу экендиги аныкталган. Кылмышка шектелип 2002-жылы туулган Арген Токтобаев аттуу жаран кармалган. Кыз менен жигит жыныстык мамиледе болуп, кыздын боюна бүтүп калган учурда жигит тараптан “боюңдагы баланы алдыр” деген кысым болгону тууралуу айтылат макалада. 16 жаштагы кыздын денеси суудан табылган. 6-ноябрда Кара-Кулжа райондук соту шектүүнү эки айлык мөөнөткө тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.

2021-жылдын 12-мартында Кара-Кулжа райондук сотунун чечими менен Арген Токтобаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренеси (жашы жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу) менен күнөөлүү деп табылды жана 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

ЖООКЕРДИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮ АДАМ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРӨБҮ?

Гезиттин №943 санында “22 жаштагы жоокер асынып каза болду” деген макала жарыяланган. Анда 2020-жылдын 21-декабрында Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Бексултан Адылбек уулу асынып каза болгону айтылат. Каргашалуу окуядан соң “жоокер өзүнө кол салды” деген версияга жоокердин жакындары макул болбой, аскердик мекеменин үстүнөн арыз жазабыз деген оюн билдиришкен. Кийин Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы 136-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөөнүн натыйжасында аталган кылмышка шектелип аскердик бөлүктө кызмат кылган лейтенант А.У. кармалат.

2021-жылдын 6-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту кылмышка шектелген А.Унун баш коргоо чарасын карап, аскердик бөлүктүн кароосуна тапшырып аны эркиндикке чыгарды. Маркумдун апасы шектүүнү бошотуп жиберген Биринчи Май райондук сотунун судьясынын үстүнөн арыз жазарын билдирди. Тергөө иштери аяктай элек.

3 ЭРКЕК ТАРАБЫНАН ЗОРДУКТАЛДЫМ ДЕГЕН ЖИГИТ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРДИ

2021-жылдын эң резонанс жараткан окуяларынын бири 19 жаштагы жигиттин 3 эркек тарабынан зордукталышы болду. Бул окуя гезиттин №948 санына жарыяланган. Окуяга кайрыла турган болсок, 2021-жылдын 26-январында Чаткал
РИИБине жаш жигит “үч эркек мени бир нече жылдан бери зордуктап келет” деп арыз таштаган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жабырлануучунун айтымында, 2011-жылы аны алгач 1990-жылы туулган бир тууган бөлөсү зордуктаган. Ал мезгилде жабырлануучу 11 жашта болгон. Ошондой эле аны 1995-жылы туулган дагы бир бөлөсү зордуктаган. Кийин 2000-жылкы кошунасынан кордук көргөн. Ал акыркы жолу 2021-жылдын 15-январында бир бөлөсү тарабынан зордукталгандан кийин үчөөнүн үстүнөн арыз жазуу чечимин кабыл алган.

Бул кылмыш иши боюнча Жалал-Абад ОИИББине кайрылганыбызда жабырлануучу тосмо арыз жазып бергендигин билдирди.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
sezima93
2021-03-29 15:07:42
Кана жанагы озгондо озбек жигиттер кыргыз баланы олтурду деген,ошону жазбайсынарбы ал эмне болду?
+1
Aibyikem
2021-04-01 08:33:13
Адам олтургондорго торт жыл, жети жарым жыл берген соттор аман болгула!
+2
Bak.taalai
2021-04-02 22:05:54
Ии курган бала неге тосмо арыз жазды коркутушту го зоокур эки буттуу макулуктар
+1
arimaz89
2021-04-03 05:22:56
Тиги бала тиги зөөкүрлөрдү каматып салыш керек болчу. Ал акмактарды да түрмөдө зордуктап оңуп калышмак. Зордуктоо кандай экенин билишмек зөөкүрлөр
+1
ooki8888
2021-09-20 21:18:50
Адам олтургонго торт жыл????!!! Ошо адамдын убалы уктатпасын, силердей сотторду!!!
0
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан