“АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-9” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА АРЗАН КРЕДИТТЕР БЕРИЛЕТ

"Айыл чарбасын каржылоо-9" мамлекеттик программасынын алкагында жылдык 6%дан 10%га чейинки жеңилдетилген пайыздык чендер менен, максаттуу тармактын негизинде мөөнөтү 60 айга чейин каралган кредиттер берилет:

Мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык 10%;

Долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалык субъектилер үчүн жылдык 8%.

Өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы төмөнкү чарба субъектилери үчүн:

1) сугат сууну үнөмдөөчү технологиялар (тамчылатып сугаруу, нөшөрлөтүп сугаруу);

2) күнөскана чарбалары;

3) интенсивдүү багбанчылык;

4) органикалык айыл чарба өндүрүшү.

Кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына 6% каралган.

Кредиттин мөөнөтү 18 айдан 60 айга чейин.

Кредиттин өлчөмү 150 (жүз элүү) миллион сомго чейин.


«Айыл Банк» – Сизге жакын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан