ӨЗҮН АДАМ АТАГАН НИВХ ЭЛИ

Нивх эли негизинен Орусия Федерациясынын аймагында жашаган эл. Эскиче аталышы – гиляк. Ыраакы Чыгыштын Приамурьесинин (Амур дарыясынын аймагы, Хабаровск крайы), Сахалин аралынын жана анын тегерегиндеги майда аралдардын түпкү жашоочулары.

ТИЛИ ЖАГЫНАН ЧУКЧА, КОРЯК ЭЛИНЕ ЖАКЫН

Улуттук тили – нивх тили. Элинин саны – 4652 адам (2010-жылы). Нивх деген өздөрүнүн тилинде “адам” дегенди түшүндүрөт.

Тили жана маданияты жагынан чукча, коряк элине жакын.

Нивхи элинен белгилүү жазуучу, публицист Владимир Михайлович Санги чыккан.

Кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзүнүн “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасында нивх элинин турмушун чагылдырган. Орустун улуу жазуучусу Антон Чехов убагында Сахалинге барып, 3 ай жүрүп, ал жактагы сүргүндө жүргөндөр, жергиликтүү калк жана башкалар боюнча көп нерселерди жазып келген.

Нивхтер илгертен балык уулоо менен алектенген эл. Андан тышкары тиричилигинде деңиз жаныбарларына аңчылык кылуу жана мөмө-жемиш, айрым өсүмдүктөрдүн тамырларын чогултуу, ит багуу башкы ролду ойнойт.

Сентябрда китке, октябрда нерпага аңчылык башталат. Убак-убагы менен чаналарга чегилген ит жана бугу жарыштарын өткөрүшөт.

ТАМАК-АШЫ

Чийки жана кургатылган балык (бышырылган жана куурулганын аз колдонушат) негизги тамагы. Тюлендин, бугунун, жапайы канаттуулардын этин да жешет. Нерпа майы тамак-ашка кеңири колдонулат. Суюк тамактардан горбушадан жасалганы – чо-пыньх, жапайы канаттуулардын этинен жасалганы – пый на пыньх деп аталат. Балык шишкебеги – ша чо, нерпанын бышырылган эти – е ланш туш, талкаланган брусника кошулуп берилчү балык тамагы – муви делинет.

ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРИ

Антон Чеховдун баяндоосунда мындайча жазылат: “Сахалин аралындагы нивхтердин диний ишеними боюнча аалам ортоңку, төмөнкү, жогорку, ошондой эле тоо жана суу дүйнөсү болуп бөлүнөт. Ортоңку ааламда адамдар, калгандарында духтар жашашат. Духтар менен түндүк молдосу (шамандар) сүйлөшүшөт. Диний жөрөлгөлөрү деңиз жээгинде өтөт.

Суунун пири – Тол-Ызнга. Анын урматына мурун майрам уюштурушчу экен. Суунун боюна чогулушуп, идишке тамыр, мөмөлөрдү салып, анан аны сууга агызып “бизди балык уулоодон жолдуу кыл, ден соолукту тартуула” деп суранышкан. Кийинки кезде эркектер жөн гана анын урматына деңизге стакандагы аракты төгүп, тамак-аштан ыргытып коюшчу болуптур”.

Нивхтер аюуну Тайганын ээси катары санашат. Мурун жазында ага арнап Аюу майрамын өткөрүп келишкен. Аюунун мамалагын кичине кезинде кармап келип, бир нече жыл багышат. Майрам учурунда ага атайын кийимдерди кийгизип, ар бир үйгө жетелеп барышат. Үй ээлери ага ар түрдүү тамак-ашты берип сыйлайт. Андан кийин аюуну курмандыкка чалышып, жебе менен атып өлтүрүшөт. Кесилген баштын алдына тамак коюп коюшат. Терисин сыйрып алышат.

Кийин аюуну атууга, кармоого тыюу салынгандан тартып бул майрам башкача жөрөлгөгө өтүп кеткен. Мөмөлөрдү чогулткан учурда дарактардын түбүнө аюулар жесин жана кубансын деп момпосуйларды же башка тамак-ашты калтырып кетишет.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан