ЛЕЙКЕМИЯ. БЕЛГИСИ – МУРУНДАН, ТИШТИН БҮЙЛӨЛӨРҮНӨН КАН АГАТ

Аймактарда онкологдор өтө аз болгондуктан лейкемия менен ооруган адамга убагында так диагноз коюлбай калуусу ыктымал. Баспай калып, мурдуларынан кан токтобой кете баштаганда гана кандын рагы экендиги аныкталып, онкология борборуна жиберилгендер бар. Лейкемия тууралуу маалыматты Улуттук онкология жана гематология борборунун Онкогематология бөлүмүнүн жетекчиси Шербет Жусупова берди.

ООРУ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНДҮРМӨ

Лейкемия (лейкоз, ак кан) оорусу эмнеден келип чыгат? Хромосомдук аппаратта (хросомдук топтом) мутация болгон бир клетка улам бөлүнүп отуруп, миллиарддаган санда көбөйөт. Алар кемик чучугунда, канда, лимфа бездеринде, көк боор жана боордо чогула баштайт. Нормадагы кан клеткаларынын өсүп-жетилүүсү токтойт. Башкача айтканда, кемик керектүү сандагы дени сак кан денечелерин иштеп чыгара албай калат. Организмде дени сак кызыл кан денечелери – эритроциттер, ак кан денечелери – лейкоциттер, кандын уюшуна жооп берүүчү тромбоциттер жетишпей баштайт. Ушунун негизинде ак кан оорусу келип чыгат.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Теринин, өңдүн бозорушу
  • Алдын кетүүсү
  • Жүрөктүн тезден согушу, демигүү
  • Баштын оорушу, айлануусу
  • Тамакка табиттин жоголушу
  • Лимфа бездеринин, боор, көк боордун чоңоюшу
  • Түнкүсүн кара тер басуу
  • Денеге көгөргөн, кызарган бүдүрчөлөрдүн чыгышы
  • Оозго, мурундун ичине, ичегиге, көтөн чучукка жаралардын чыгышы
  • Тиштин бүйлөлөрүнөн, мурундан, жатындан, бөйрөктөн кандын агышы
  • Иммунитеттин төмөндөшү, жугуштуу ооруларга туруштук бере албай калуу

ДАРТКА ЖЕТКИРҮҮЧҮ СЕБЕПТЕР

  • Вирустар
  • Химиялык заттардын терс таасири
  • Радиация (өзгөчө радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн жерлердеги)
  • Генетикалык мутациялардын укум-тукумдан берилиши
  • Денедеги залалдуу шишиктин айынан химия же нур терапиясын алуу
  • Тукум куучулук, гендик мутация
  • Химиялык дары-дармектер
  • Даун жана Блум синдрому, Фанкани анемиясы менен төрөлүү

ЛЕЙКЕМИЯНЫН ТҮРҮ

Курч кармаган жана өнөкөт лейкемия болуп бөлүнөт. Курч кармаган түрү лимфобласттуу, миелобластуу болуп ажыратылат. Лимфобласттуу, миелобластуу лейкемия да бир нече түргө бөлүнүп кетет.

ДИАГНОЗ

  • Кандын жалпы жана биохимиялык анализи.
  • Кемикти изилдөө. Төш сөөктүн же жамбаш сөөктүн кемигинен кичине кесип алынып, текшерилет.
  • Цитогенетикалык жана молекулярдык-генетикалык изилдөө.
  • Жүлүн суюктугун изилдөө. Суюктукта рак клеткаларынын бар же жок экендиги изилденет. Ошого жараша дарылоо ыкмалары иштелип чыгылат.

ДАРЫЛОО

  • Химия терапиясы. Рак клеткаларын жок кылуучу дары-дармектер берилет.
  • Биологиялык терапия.
  • Нур терапиясы. Рак клеткаларын жок кылууга багытталган нур терапиясында нур көбүнчө кемикке багытталат.
  • Кемикти аутотрансплантациялоо. Бул 2 этапта жүргүзүлөт.

Операциянын 1-этабы. Атайын дары бейтаптын колуна, жамбашына 15-20 күн катары менен сайылат. Бул аралыкта кемиктеги эне клеткалар (стволовые клетки) канга чыгат. Ошондо аппарат оорулуунун вена кан тамырына туташтырылат. Венадагы кан аппарат аркылуу өтө баштайт. Аппарат кандагы эне клеткаларды 5-6 сааттын ичинде атайын контейнерге чогултуп берет. Чогулган кан клеткалары гемофриз баштыкчаларына куюлуп, суюк азоттуу аппараттын ичине жайгаштырылат. Андагы температура -196 градус болот. Муздаган клеткалар суюк азотто бир нече айга чейин сакталып тура берет.

Оорулуу өзүн жакшы сезип калганда үйүнө чыгарылат. Бул аралыкта анын иммунитети төмөндөп кеткен болот. Андыктан башка ооруларга чалдыкпоого болгон аракетин жасоосу зарыл. Убагы менен врачка текшерилип, анализдерин тапшырып турат.

Операциянын 2-этабы. Бир айдан кийин бейтап келип, стерилизация жасалып туруучу палатага жайгашат. Анализдери алынып, текшерүүдөн өткөрүлөт. Операциянын экинчи этабынан 1 күн мурун оорулуунун венасына чоң дозадагы химиялык дары куюлат. Эртеси өзүнөн алынган эне клеткалар венасына куюлуп, кайтарылып берилет. Бир аптадан соң баягы чоң дозадагы химиялык дарынын таасиринен лейкоциттер өлөт. 7-10 күн өткөн соң лейкоциттер эне клеткалардан кайрадан пайда боло баштайт, акырындап нормага келет.

Операциядан кийин күнүгө 2-3 жолудан эң керектүү анализдер алынат. Анализдер 1 айга чейин алынып турат. Оорулууга грибок сымалдарга, вируска каршы дары-дармектер сайылат. Анан 1 ай убакыт өткөн соң иммунитет акырындап калыпка келе баштайт да, эне клеткалар жаңы, керектүү клеткаларды жаратууга өтөт. Оорулуунун абалы жакшырганда ооруканадан чыгарылат. Ай сайын анализдерди тапшырып, ар 3 айда төш сөөгүнүн кемигинен анализ алынып, текшерилип турат. Текшерүү 1-2 жыл ичинде бат-баттан жүргүзүлөт. Анан сейректей баштайт.

2-ыкма – аллотрансплантациялоо (бейтапты атайын даярдоодон өткөзүп, донордун кемигиндеги эне клеткаларды чогултуп, бейтаптын кан тамырына куюп берүү).

Биздин борбордо азырынча аллотрансплантациялоо операциясы жүргүзүлө элек.

Бул операцияны жүргүзүү үчүн кымбат аппараттар, тийиштүү күчтүү дары-дармектер керек. Медициналык кызматкерлер да атайын окуудан өтүүсү зарыл.

Мындай операциялар чет өлкөдө 80-120 миң доллардан жогору жасалат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан