ЖЫЛДЫЗДАРДЫН САНДЫКТАГЫ СЫРЛАРЫ

Жакында эле MTV телеканалынын ви-джейи Арчи өзү тууралуу ачуу чындыкты айтты. Ал өзүнүн бакма бала экенин жакында атасы менен үй талашканда гана билгенин коомчулукка жайды. Ал эми канчалаган атактуулар өздөрү тууралуу чындыкты айтуудан баш тартышканы менен, баары бир акырында ачыкка чыгып калууда.

ТЕРИ ХЭТЧЕРДИ 5 ЖАШЫНДА
ТАЯКЕСИ ЗОРДУКТАП...
"Отчаянные домохозяйки" ("Багынбас үй кожойкелери") сериалы аркылуу көпчүлүк тааныган актриса Тери Хэтчер "бул сырымды эч ким билбей эле койсо экен" деген. Бирок сырынын элге жайылуусуна бир нерсе түрткү болгон. Эмне экени сизге кызыкпы?
Терини 5 жашында таякеси Ричард Стоун зордуктап койгон экен. Катуу коркуп калган Тери бул тууралуу ата-энесине да айта албай, көп жылдар бою унчукпай келген. Бирок 2002-жылы Ричард "жашы жете элек бир нече өспүрүмдү зордуктаган" деген айып менен сот алдында жоопко тартылып, акталайын деп жатканда Тери башынан өткөн окуяны айтып салган.
"Менин башымдан өткөн окуяны ушул күнгө чейин унутууга аракет кылам, бирок жүрөгүмдө чоң так болуп калгандыктан, унутууга мүмкүн эмес экен. Бул сезим өспүрүмдөрдө да калды. Ал кылмышы үчүн жооп бериш керек",- дейт Хэтчер. 14 жылга эркинен ажырап, абакка камалган Стоун 1991-жылы рак оорусунан каза болгон. Кошумчалай кетсек, Ричард Стоун экономика илимдери боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты.

ЛЕЙТОН МИСТЕР ЖАНА
БОРИС МОИСЕЕВ АБАКТА ТӨРӨЛҮШКӨН
Голливуд жылдызы Лейтон Мистер менен орус ырчысы Борис Моисеевди эмне бириктирет дебейсизби? Алардын абакта төрөлгөнү.
Лейтон курсакта экенинде апасы баңгизат менен кармалып, 10 жылга эркинен ажыраган. Энеси темир тордон чыкканга чейин, чоң энеси тарбиялаган.
Ал эми Борис Моисеевдин апасы Геня саясий айып менен түрмөгө түшкөн. Ал кезде Борис апасынын курсагында экен. Ошентип, ырчы темир тор артында жарыкка келген.

14 ЖАШЫНДА ЭНЕ БОЛГОН ОПРА
"Forbes" журналы жакында эле Опра Уинфрини "Эң таасирдүү айым" деп белгиледи. Бул актриса жана телеалпаруучу 14 жашында эне болгонун көп жылдан бери жашырып келген. Бирок бул сырды анын бир тууган сиңдиси 19 миң долларлык гонорарга сатып, сыр ачыкка чыккан. Маалымат ММКларга тараганда актриса: "Ооба, 14 жашымда кош бойлуу болуп калгам. Бирок бала мөөнөтүнө жетпей төрөлүп, бир жума жашап чарчап калган",- деди.
"Опра ата-энеси ажырашканда чоң стресске кабылган. Анан апасынын башкага турмушка чыкканын чыккынчылык катары түшүнүп, үйүнөн качып, айтор, апасына жини келип жигиттер менен көп жүрүп, капыстан боюна бүтүп калган" деген маалымат да тарап келет. Опра тууралуу “өгөй атасы кол көтөрүп, анан да зордуктаган” деген да маалымат бар.

ТОБИ МАГУАЙР ТОНООЧУНУН УУЛУ
Өспүрүмдөрдүн кыялындагы каарман болгон "Человек-паук" ("Жөргөмүш-адам") тасмасынын баш каарманы Тоби Магуайр атасы банкты тоногону үчүн эки жыл абакта жатканын жашырчу. Туура кылат. Көпчүлүк аны кылмышкерлер менен күрөшкөн каарман катары билсе, өмүр таржымалындагы бул окуя ага карама-каршы келип жатпайбы. Бул жоругу үчүн атасына бир чети таарынса, бир чети аяйт. Эмнеге дебейсизби? Атасына дарыгерлер ашказанында рак оорусу бар экенин кабарлашканда акчаны кайдан табарын билбей, банкты тоноого аргасыз болгон. Бирок полиция кызматкерлери аны алыс узатпай эле кармап алышкан.

ЖЕК НИКОЛСОНДУН БИР ТУУГАНЫ – АПАСЫ
12 жолу "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлүп, анын үчөөнө жеткен 72 жаштагы атактуу актёр Жек Николсон атасыз өскөн. Аны энеси жана эжеси тарбиялаган. Энеси жана эжеси, ооба, көпчүлүк актёрдун жакындарын ушундай деп таанышчу. Бирок ал эжем деп келген адамы анын энеси, ал эми апам деп билгени таенеси болуп чыккан. Бул маалыматты "Time" журналы ачыкка чыгарган.
Николсондун апасы түнкү клубда стриптиз бийчиси болуп иштеп жүргөндө кош бойлуу болуп калат. Жектин апасы ал кезде өтө эле жаш болгондуктан, баланы жалгыз тарбиялай аларына көзү жетпей, апасына берип койгон. Муну Жек 37 жашка чыкканга чейин билген эмес. "Time" журналы аркылуу бул чындыкты билгенде көпкө өзүнө келе албай, сырды жашырып жүргөн жакындарына таарынган. Анысы аз келгенсип "мен бул баланын атасы болушум толук ыктымал" деп бир кезде апасы менен мамиле курган эки киши келип тынчын алган. Бирок Николсон "мага керек болгондо кайда элеңер?!" деп ДНК-тест тапшыруудан баш тартып койгон.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
info
2010-10-27 09:10:21
alexandra, бул маалымат бир гана ал жерде эмес, бардык дүйнөлүк сайттарга жарыяланган. Андыктан көчүрүп алды дегениңиз туура эмес.
0
Nuray
2010-10-31 21:45:05
heeey,menin commentterim kayda?! emne y4yn ö4yryp saldynar redakzija?! chy4alagndyn orduna sabattuurak jasgan jurnalistterdi chogutlkula!
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан