КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Маржан ооруканага келип Батма жаткан палатага жетти. Бирок эмнегедир ичкери кирүүгө даабай палатанын жанында аркы-терки баса берди. Терең ойдон жанына келген кызды да байкабай калыптыр.

– Саламатсызбы, эже? Апамды сурап телефон чалып жаткан сиз белеңиз?- бул үндөн селт эте түштү.

– И-и, ооба, менмин,- шашкалактай сүйлөдү Маржан.

– 10 мүнөт күтө туруңуз,- кыз палатага кирип кетти. Маржан тынчсызданып бир ордунда тура албай жатты. Аңгыча телефону шыңгырап калды. Караса Казакстандан чалуу келиптир. Бир заматта оюна ар нерсе келди. Чалууну алганга колу барбай турду. “Болот. Эмне болду ага?”  Жамандыкты сезгендей жүрөгү шуу дей түштү. Маржан телефондун бетин басканча биринчи чалуу өчүп калды. Кайрадан чалуу келди.

– Алло,- деди үнү кирилдей.

– Маржан эже, сизби?

– Ооба.

– Болот ага...

– Болотко эмне болду?

Телефондун ары жагында сүйлөп жаткан кишинин сөзүн жулуп алды.

– Түндө жолдо кырсыктаптыр. Абалы оор, жанына келишиңиз керек.

Маржан дендароо болуп туруп калды. Тышка чыгып таксиге отуруп эле аэропортту көздөй жөнөдү. Санаасы санга бөлүнүп азыр эле Болоттун жанына жетип барууга ашыгып жатты. Бирок жол алыс. Тилекке каршы, Алматыга жакынкы аралыкта каттам жок экен. Бишкекке билет алды. Дароо Болоттун жардамчыларына телефон чалып Алматыга чукул каттамга билет керектигин, Болоттун ооруканага түшүп калганын айтты. Уулу Байэл тууралуу билүү бул жолу да ага буюрбады. Коркуусу, санаасы Ошко эмнеге келгенин унуткарып коюптур. Бир кезде эсине түштү. “Бул ирет болбоду. Кайра келермин” деди ичинен.

– Болоттун кайсы жакта, кайсы ооруканада экенин да так сурабаптырмын го,- телефонун алып чыгып жанагы номерге кайра чалды.

– Болот деги каякта?

– Алматыда. Сизди аэропорттон балдар тосуп алышат. Ооруканада мен болом сиз келгенче.

Ким менен байланышып жатканын деле билбейт, сураган деле жок. Эң негизгиси, жолдошунун жанына жетсе болду. Мындайда убакыт да өтпөй калат эмеспи. Оштон Бишкекке жетиш азап болду. Учак “Манас” эл аралык аэропортуна конору менен, Болоттун Бишкектеги компаниясынын аткаруучу директору Камчыдан чалуу келди. Ал жана Маржан чалганда дароо аэропортту көздөй жөнөптүр.

– Сиз жеттиңизби? Мен аэропорттомун.

– Келдим, каттам бар бекен?

– Бар экен. Билет алып койдум,- телефон менен сүйлөшүп келе жатып экөө жолугуп калышты.

– Кандайсыз?

– Кайдан жакшы болсун? Байкең кечээ эле жумуштарыма барайын деп шашып кетти эле.

– Айдын менен байланыштым. Азыр ал жанында экен. Жакшы врачтардын кароосунда деди. Сизге Айдын байланышты болуш керек.

– Канчада экен каттам?

– 40 мүнөттөн кийин,- деди Камчы колундагы саатын карап.

– Эх, мындай учурда 40 мүнөт кылымга тете болуп кетет экен.

– Мен сизге кофе алып келейинчи,- Камчы ары басып кетти. Маржан баласына телефон чалып Алматыга кетип жатканын айтты.

– Макул, балам, сарсанаа болбо. Мен жеткенде сага чалам. Наимага азыр айтпай эле кой.

– Келиңиз,- Камчы колундагы кофени Маржанга сунуп, шыңгырап жаткан телефонун алды.

– Салам алейкум, Баатыр байке.

– Камчы, мен Болот менен эртеден бери байланыша албай жатам.

– Ал ооруканада, бир аз кырсыктап...

– Эмне дейт?! Абалы кандай экен?

– Жандандыруу бөлүмүндө экен.

– Туй-атаа... Макул, байланышабыз.

– Жаңы өнөктөшүбүз Болот байкени сурап чалды.

– Мм,- деди аял суз гана. Учурашып жатканда эле ким менен сүйлөшүп жатканын билген. Убакыт келип Маржан Алматыга учакка отурду. Камчы аны салып жиберип, калааны көздөй сапар алды.

ххх

– Сага да киши таарынабы? Кантип ойлодуң? Эмне кылсаң да сага таарынбайм го дейм.

– Кабарсыз жоголуп кетсеңиз, анан башка эмне деп ойлоюн?

– Бир нерсе болгондур депчи?- деди Байэл күлүп тамашалай.

– Ойлодум антип деле. Бирок жаман ойлордон качып жатпадымбы. Анан таарынды дедим,- Аделянын сүйлөп жатканына эле эзиле берет жигит.

– Ал жакта телефон тартпай каларын билген эмесмин. Билсем, кечинде эле жазып коймокмун. Тоодон сага кабарымды билдирип коёюн деп көп эле аракет кылдым. Бирок байланыша албадым. Өзүм машыгып жатканым менен, оюмдун баары сенде болду.

– Арс байке дагы ушинтип тоого барып машыгып калчу.

Жигиттин акылына тык дей түштү. Бир жолу кызды анын жанынан көрбөдү беле.

– Аның ким?- кызганып жатканын билдирбегенге аракет кылды.

– Ал байкем болот. Атамдын досунун баласы. Биз кичинебизден чогуу өстүк. Бир жолу мен анын машыккан жерин көрүп келгем. Андан суранып жатып бир жолу араң бардым.

“Мм. Көрсө, Арсты менден сен жакшы тааныйт турбайсыңбы” деди жигит ичинен. Арс менен бир залда машыгып жүргөнүн, кызды ал жакка барганда көргөнүн да айткысы келген жок. Эгер бирге кезигип калышса эмне кылат, таң калып кутулат да.

– Баса, биз, кыздар, фонд ачтык. Жакында балдар үйүнө азык-түлүк алып барып, концерт уюштуруп бергени жатабыз, биз менен барып келбейсизби?- деди кыз. Байэлдин эсине балдар үйү түштү. Аларга да ишкерлер, студенттер, иши кылып көп эле адамдар келип турушчу. Бир жолу Түркиядан жардам келет деп аябай даярданышты. Чын эле даярданышкандай, абдан көп оокат-кече келди. Аппак шейшептер, сонун кийимдер, таттуулардын түрлөрү. Балдардын баары кудуңдап сүйүнүп турушту. Баягы келген кишилер кеткиче 2 керебетке шейшеп салымыш болуп, балдарга кийим, таттуу таратымыш болуп эле жүрүшүптүр. Алар кетери менен залда турган коробкалар директордун бөлмөсүн көздөй кетти. Бирден таттуу колуна тийип тамшанып турган балдардын колуна андан кийин ал таттуулардын бири да тийген жок. Көзгө сонун көрүнүп турган аппак шейшептерге бир күн да укташпады. Бөлүшүп алыштыбы же сактап коюштубу, айтор, балдарга колдонууга берилген жок. Көп убакыттан кийин бирден-экиден кийим тийди балдарга. Ушинтип киши барганда гана даамдуу тамактан ооз тийип калышпаса, адатта ичкен тамагынын супсактыгы көкөйүнө тийген. Ачкалыктан аргасыз алдында турган даамы жок тамакты ичкен күндөрүн эстеп кетти. Сууга чыланган супсак гречкадан көңүлү калып бүткөн. Азыр да гречканы көргөндө көзүн ала качат.

– Эй, эмне мени уккан жоксузбу?

– Уктум. Мен беттешке чыгам да жакында, убактым болбой калат го.

Чынында ал жакка баргысы келген жок.

– Макул. Кийин чогуу барабыз анда.

– Силер барсаңар азык-түлүк эмес, бир жегидей эле жакшы тамактарды алып барып, тамак уюштуруп, балдар жеп бүткөндөн кийин кеткиле. Алып барган нерсеңер балдарга жетпей калсачы?

– Ошондой да болмок беле?

– Болот, Аделя. Адамдардан баарын күтүүгө болот.

– Ошондой деңизчи,- ойлонуп отуруп калды кыз.

– Көп күнгө азык-түлүк алып барганча, бир жегидей даамдуу тамактарды алып барып, бир күн майрам кылып койгула,- дагы бир жолу кайталады.

ххх

Болот көзүн ачканда Маржан жанында отурган.

– Кудайга миң мертебе шүгүр. Бизди коркутпадыңбы. Сенсиз кантип жашайт элек? Иш эле дей бербей, өзүңө карачы.

Болот унчукпай Маржанды карап жатты. Жубайынын өңүнөн аза түшкөнүн байкады.

– Коркпо, мен дайыма жаныңардамын,- акырын Маржандын колунан өөп койду. Аңгыча эшиктен Баатыр менен Камчы кирип келишти. Маржан менен Баатырдын көздөрү чагылыша түштү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mariyam.70
2021-04-06 10:34:39
Жакшы
0
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан