Күбүр-шыбыр кеп уктум...
Жанынан өтүп бара жаткан адамды жок дегенде бир кылчайтчу ай чырайлуу Анжеликаны айрымдар “жолдошу менен ажырашып кетиптир” деп жатышат. Бул сөздүн чын-бышыгы канчалык?
Татына жүздүү Анжелика турмушка чыкса да, канчалаган жигиттер, ал гана эмес, селкилер сулуулугуна ашык болуп келишет. Сахнага жарашкан жүзү, анан да аракети менен көп ийгиликтерге жетише алды. Көптөгөн күйөрмандарды топтогондон тышкары сулуулук салонун ачты, “Жылдыздар манежде” долбооруна катышып, “Цирк ханышасы” да аталды. Жаш туруп эки кыздын энеси болду. Башка бирөө илип кетет деген ою күч болду окшойт, күйөө бала Урмат мектепти бүтө элегинде эле эртелей көшөгөгө киргизип алды. Муну Урмат өзү да бизге берген интервьюсунда тастыктаган:
– Тагдыр ушул экен да. Балким, башка күйөрмандарынан мурун алып кетейин деп шашкандырмын. Анын үстүнө 80 жаштагы апамдын тилегин эртерээк орундатайын дедим. Апам: “Сенин келинчегиңдин колунан чай ичсем болот эле”,- деп кайра-кайра кулагыма куйчу.
– Ушундай татынакай, белгилүү ырчы кыз келинчегим болуп калат деп ойлодуң беле?
– “Ушул кыздын жанында жөн гана турсам” деп кыялданчумун. Кийин “Анжелика менен түштөнүүгө барсам...” дедим. Жакшы ниет кылсаң, баары болот экен, мына, эми минтип өмүрлүк жарым болуп отурат. Мен чексиз бактылуумун.
Жаш жубайлардын жакында 2-кызы жарыкка келди. Мына ушундай бактылуу үй-бүлөнүн очогу бузулду деген кеп шоу-бизнес чөйрөсүндө акыркы күндөрү байма-бай айтылууда. "Ошон үчүн Анжелика башка үйгө көчүп жатыптыр. Азыр депрессияга түшүп, капа болуп жүрөт. Журналисттер менен да, сахналаштары менен да кабарлашпай калганы ошондон улам" деген кеп-сөздөр ырчылар чогулган жерлерде көп айтылып жаткан. Балким, буга ырчы менен устатынын өткөн жылдагы кайым айтышуулары таасир эткендир. Атүгүл Айчүрөк Иманалиеваны коркутуп-үркүткөндөрдү да кыйыр түрдө Анжеликага байланыштыргандар болгон эле. Эсиңизде болсо, Анжелика “Камбаркан” фольклордук тобу менен Швейцарияга барып келген соң Айчүрөк айым төмөндөгүчө маек берген:
– Анжеликанын Швейцарияга чоңдор аркылуу барганы чын. Ким аркылуу барганын мен билем. Албетте, мындай жол менен ийгиликке жеткени эл алдында дагы, Кудай алдында дагы туура эмес. Анткени “Айчүрөк” эстрада театрына, “Айчүрөк тарбиялаган кыз” деп мага сөз тиет. Андыктан бардык ийгиликтерге өзүбүздүн күчүбүз менен жетишсек болот эле. Бул жөнүндө өзүнө да, күйөөсүнө да айткан күндөрүм болгон. Мен деле өзүм тарбиялаган кызды жамандагым келбейт. Болгону, менин башымды аттап, адам катары санабай кылган иштери ушуга жеткирип жатат.
Ошентип, гезит аркылуу бири-бирине сый-урматын да, таарынычтарын да билдирген экөө өз иштери менен алек боло тынчып калышкан.
Учурдагы күбүр кептердин чындыгын өздөрүнөн билели деп байланышка чыкканыбызда ырчы айым "бизди ажырашты деген кеп – ушак" десе, ырчынын жолдошу Урмат: "Анжелла эл адамы. Андыктан жакшы да, жаман да сөздөр айтылат экен. Мындай сөздөрдү ким чыгарат, такыр түшүнбөйм. Жакшынакай эле ынтымактуу жашап жатабыз. Жаап-жашыра турган маселебиз деле жок. Конокко келсеңер деле болот, келинчегим экөөбүз тосуп алабыз. Ажырашкандан Кудай сактасын. Болгону, азыр Анжелла эки бала менен үйдөн чыга албай, чыгармачылыктан бир аз алыс жүрөт. Буюрса, алдыда жакшы пландар бар",- деп жооп узатты.
Урматтын бул сөздөрүн угуп "ии" деп калдык. Боюна бою, оюна ою төп келген бул түгөйлөр андай кадамга барбайт эле дейбиз да. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген ушул тура.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg