СТАДИОНГО ДЕП БЕРИЛГЕН ЖЕРГЕ ЧИНОВНИКТЕРГЕ ҮЙ КУРУЛГАНЫ ЖАТАБЫ?

Кыргызстанда заманбап, эл аралык стандартка жооп берүүчү бир да стадион жок. Бишкектеги көзгө басар жалгыз ат майдандан эскилиги жетип бүткөн. Заманбап спорттук комплекс куруу зарылдыгы көп жылдан бери айтылып, бирок сөз жүзүндө гана калууда. Спорттук шаарча куруу үчүн Бишкектин түштүк бөлүгүнөн берилген жерге эми мамлекеттик кызматкерлер үчүн үй курулат деген сөз чыкты. Футболго, спортко качан олуттуу мамиле жасалат? Кошуна өлкөлөрдү эле карап түздөнсөк болбойбу?

ЗАМАНБАП СТАДИОН КУРУЛАТ ДЕГЕН ҮМҮТ

2019-жылы январь айы, тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогуна катышты. Анда Улуттук курам мыкты оюн көрсөтүп, плей-офф баскычына чейин жетти. Бул окуя Кыргыз футболуна жалындуу үмүт жаратып, элге дем берген. Элге кошо өлкө жетекчилери кубанып, Кыргыз футболчуларына шарт түзүү зарыл экенине көз жеткен. Ийгилик жараткан футболчулар менен жолугушууда ал кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда аянттагы эл анын сөзүн бөлүп, "стадион!" деп кыйкырып, бийликке заманбап стадион салуу талабын койгон. Абылгазиев бул талапты колдоорун билдирип, эл алдында “стадион болот!” деп убада берип салганы бар. Муну уккан элдин, футбол өкүлдөрүнүн кубанычында чек жок эле. Көп өтпөй стадион куруу боюнча атайын токтом кабыл алынып, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ФИФАнын эрежелерине туура келген жаңы футбол стадионун куруу үчүн инвесторлорду издей баштаган.

Өкмөттөн ыкчам аракет жасалбай жаткан учурда кыргыздын мекенчил, патриот эр-азаматтары чыгып стадион куруу ишине акчалай жардам көрсөтөрүн айтышып, ал тургай айрым архитекторлор ФИФАнын стандарттарын изилдеп, ага ылайык өз долбоорлорун даярдап, стадиондун эскиздерин чийип беришкен. 35 миң адамды батыра алчу спорт комплексинин долбоорун сунуштаган архитектор Рахат Байтелиев өкмөт стадиондун курулушун колго алса, долбоор түзүү жаатында акысыз иштеп берүүгө даяр экенин айтып чыккан. Ушундай демди, маанайды пайдаланып калыш керек эле. Бирок өкмөт тарабынан андан ары кызыгуу да, ыкчам аракет да көрүлгөн жок. Айтылган сөз айтылган бойдон калды.

БӨЛҮНГӨН ЖЕР УЧУРДА СПОРТ АГЕНТТИГИНИН КАРАМАГЫНДА

Спорт шаарчасын куруу үчүн берилген 30 гектар жер тилкеси Чыңгыз Айтматов проспектиси, 86/2 дарегинде жайгашкан. Токтомго ылайык, «Бишкек штамп» заводунун карамагындагы жер аянты Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу «Спорттук мекемелер жана камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Ал жерге заманбап стандартка ылайык, 30-35 миң орундук футбол талаасы, спорт ордосу, муз аянты, бассейн жана мейманкана курулмак. Бирок учурда ал жерге спорт комплекси эмес, министрликтер үчүн имараттар, турак үйлөр курулат деген кеп айтылууда. Спортко, элдин кызыгуусу артып турган футболго эмнеден улам мындай салкын мамиле жасалууда? Бул боюнча Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги мындай маалымат берди: “Андай кептер айтылганы менен, эч кандай чечим чыга элек. Былтыр жарлык боюнча агенттикке 28 гектар жер расмий түрдө өткөн. Ошол бойдон биздин карамагыбызда турат. Эч кимге өткөрүлүп берилген жок. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Спорт агенттиги объектинин стандартын эле беребиз. Калганын мамлекеттик курулуш агенттиги же мэрия аткарат”.

Мэрияга кайрылып, бул маселе боюнча жооп алуу аракетибизден майнап чыкпады. Кыргызда "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дейт. Мындай кептер спорт күйөрмандарынын, анын ичинде футбол фанаттарынын, футболчулардын маанайын түшүрөрү ырас. Алыс барбай, кошуна мамлекеттерди эле карайлы. Казакстанда, Өзбекстанда заманбап спорт комплекстери, стадиондору турат. Тажикстан 2019-жылы 30 миңден ашык адам батчу заманбап стадион курууну баштаган, уланууда. Кыргызда жер бөлүнүп, иш кыймылдап калган маалда кайра токтоп калганы жатабы деп суроо салгандар арбын. Кыргызды ааламга таанытып жаткан спортчулар, алар ийгилик жаратса, мамлекеттин желегин желбиретсе жар салып, аларга шарт түзүүгө келгенде өкмөттүн кайдыгер карашы таптакыр туура эмес дегендер четтен чыгат.

"АККУЛА" АТ МАЙДАНЫН ФУТБОЛ АЯНТЫНА АЙЛАНДЫРАБЫЗ ДЕП...

"Аккула" ат майданы жеке ишкананын менчигинен мэрияга өткөнүнө деле 3-4 жылдын жүзү болду. Шаардын карамагына өткөндөн кийин ипподром оңдоп-түзөөдөн өтөрү, 3 миң көрүүчүлүк орун 5,5 миңге көбөйтүлөрү айтылган. Бирок азыр да авариялык абалда пайдаланылууда. Өлкөдө көк бөрү оюну жылдан-жылга кенен жайылууда. Февраль айында Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев ипподромду шаардын сыртына көчүрүп, ордуна футбол талаасын куруу маселеси каралып жатканын айткан. Көп өтпөй ипподром өз ордунда калары белгилүү болду.

ЖАҢЫСЫ САЛЫНБАЙ ЖЕ ЭСКИСИ ОҢДОЛБОЙ...

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча Улуттук курама командасы эл аралык беттештерди өткөрүп келген Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион стандартка жооп бербей калганы качан. Ал 1941-жылы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген. Быйыл туура 80 жыл болуптур. Стадион 1963, 1980 жана 2000-жылдары капиталдык оңдоодон өткөн. Бир жагын чаптаса, бир жагы урап жатканы – эскилиги эбак жеткени. Өп-чап кылып үстүртөн оңдоп жаткан түр көрсөтө бербей, заманбап стандартка ылайык жаңы стадион курган жакшы эмес беле? Мындай маселе канча жылдан бери айтылып эле келе жатат, бирок майнап жок. Стадион эл аралык талапка жооп бербегендиктен футбол боюнча Улуттук курама команда өз үйүндө эл аралык оюндарды кабыл албай калышы толук мүмкүн. Бул кайра эле мамлекеттин аброюна доо кетирет. Биздин спортчулар эмнеге башкалардай ийгилик жаратпайт деп суроо берерден мурун, спортчуларга мамлекет кандай кам көрүп жатат, алардын машыгуусуна тийиштүү шарттарды жаратып берип жатабы деп суроо салуу туура болорун убакыт көрсөтүүдө.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Өзгөлөр башкы приоритетке коюп жаткан спортту биздин өкмөт талкалап бүттүбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
maestro123
2021-04-05 12:19:05
Ошол чиновниктер көчөдө калса болмок.
+3
oopapa
2021-04-05 20:05:33
Марипов каякта журот.
+1
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан