28-март күнү “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына карата жана Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган республикалык айтыш-2021 сынагынын жарым финалы, финалы болуп өттү. 27-мартта тандоо туру өткөн эле. Жан дүйнөбүздү азыктандыралы, улуу өнөр тууралуу элге айталы деп 28-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга бардык. Анда айтыштын жүрүшүн баяндап берели.
“СҮЙҮШПӨЙ ЭЛЕ ЫРДАЙЛЫ, ЗАЛДА КАЙНЕНЕМ ОТУРАТ”
Айтышты алп төкмөлөр Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев жана Асылбек Маратов ачып беришти. Калыстардын курамын филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Конкобаев, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Карбалас Бакиров, Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков, саясатчы Жылдызкан Жолдошева жана башкалар толукташты. Төрагасы филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов болду. 27-мартта өткөн тандоо туруна 42 төкмө катышып, 12си жарым финалга өткөн эле. Тандалып алынган 12 төкмө бул күнү чүчү кулак кармашып, ким менен айтышарын тактап алышты да, катары менен ыр чабышка өтүштү.
Көшөгөнү Нурайым Бактияр кызы менен Кадырбек Бейшенов ачты. Баса, төкмө кыздарыбыздын саны арбып жатканы ичти жылытчу сонун көрүнүш. Аккыз Абазбекова, Айсаба Базарбай кызы аттуу капилеттен сөз тапкан ак таңдай кыздарыбыз төкмөлөрдүн катарын толукташууда. Биз сыймыктанып гана колдоп турабыз. Кадырбек Бейшенов да бул көрүнүшкө басым жасап, “Майра өткөндөн кийин акын кыз чыкпайт дечү элек” деп кыстара айтты. Айтышып баштаганда эле Кадырбек Бейшенов Нурайым Бактияр кызына "сүйүшпөй" эле айтышууну сунуштады. “Анткени залда кайненем отурат” деп актанды эле, Нурайым “кайненеден коркосуң, анда кайраты жок жигитсиң” деп шылдыңга алды. Кадырбек Бейшенов “Кайненеден коркпогон залда эркектер бар бекен? Атаң да коркот апаңдан” деп абалдан чыкты.
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭЛДИ ЖАНДАНДЫРДЫ
Кийинки жуп Акматбек Султан уулу менен Темирбек Матыбаев болушту. Бул экөө “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз менен айтыштын демөөрчүсү жеке ишкер Мирбек Раимовду даңазалап ырдашты. Акматбек Султан уулу “Жер-Үй” боюнча айтып, “Биринчи алтын казылды. Эң сонун тарых жаралмак, ал алтындан эстелик койсок Элмирге” деп устатын эске салды.
Кубат Тукешов менен жаш акын Элмирбек Иманалиев айтышкан кезде зал жандана түштү. Кичинекей кезинде “Айтыш” фондуна келген Элмиш чоңоюп, келишкен жигит болуптур. Агаларынан ашса ашып, калышпай омоктуу кеп таштады. Көңүл бурчу жагдай, залды жандардырган дал ушул кичинекей Элмиш болду. Элди шаңга бөлөп, агасына куйкум сөздөрү менен тийише калып жатты. Кубат Тукешов “Торпок кезинде сүзбөйүн” деп инисин аяп, мактап, каалоо-тилек айтып ырдады эле, ал “Иниңден жан соога сурачудай ырдадың. Туура кылдың, агатай, болор иштин ыраатын, сиздей болжой билет кыраакы” деп агасынан ашып түштү. Элмиштин “Жарыгым устат өлгөн жок, мендей жаш акынга айланды” деп устаты, алп акын Элмирбек Иманалиев тууралуу ырдаганы айтыштын эсте калчу саптары болду.
“АЙТЫШ ДЕГЕН АЙТЫШ ДА, АЙТЫШКА КЕЛСЕҢ АЙТЫШ ДА”
Абдували Акимбеков менен Чагылган акын Болот Назаров чыкканда Абдували Акимбеков комузу жок төгүп, Тоголок Молдо, Жеңижок, Токтогул, Эстебес, Ашыраалы аталардын талантын айтып ырдады. Чындыгында Болот Назаровго көңүл бурбай ырдады эле, Чагылган акын “монолог кыла бербей, диалог кылалы. Айтыш деген айтыш да, айтышка келсең айтыш да” деп суранды. Бирок өнөктөшү ага анча көнгөн жок.
Кызыктуу айтышты бешинчи болуп чыккан жуп Баян Акматов менен Изат Айдаркулова да куруп берди. Бөлүнгөн 20 мүнөт убакытта экөө коомдогу көйгөйлөрдү айтууга, бири-бирине тийишүүгө, Баян Акматов ар кыл өнөрлөрүн көрсөтүүгө жетишти. Көп өнөрдүн ээсимин деп манас айтып, “күү черте алам” деп, “Маш ботойдон” үзүндү черте калды. Миграция тууралуу сөз козгоп, таланттуулар Мамел Исраиловдун, жаш Барпы Эламан Келдибековдун Орусияда иштеп жүргөнүн айтып кейиди. “Өкмөт, министрлериң өнөргө көңүл бөлбөсө, өлүш керек арданып. 500 чиновникке жеткен акчаңар 5 акынга жетпей калдыбы?” деп суроо салды. Теманы улай Изат Айдаркулова “Үй-бүлөсүн багам деп, үркөрдөй кыздар алыста. Өксүп жашка жуунуп, ызгаарда пол жуушуп, айланды көбү майыпка. Жүзүнүн өчүп кызылы, жүздөгөн кыргыз кыздары, жүктөлүп келди табытка” деп жүрөккө жетчү кеп таштады. Айтылгандардын тээ Ак үй менен Көк үйдө отурган чоңдорго жетишин да тилек кылалы.
ИДРИС АЙИТБАЕВ КЕЙИШТҮҮ ТАГДЫРЫН АЙТЫП БЕРДИ
Акыркы жуп – Идрис Айитбаев менен Тынчтык Эсенбай уулу. Ар кандай обонго салып ырдаган Идрис Айитбаев төгүп баштаганда эле көрүүчүлөрдү тартты. Тынчтык Эсенбай уулу ортодо Идрис Айитбаевге “Кемпир-Абад тууралуу кандай ойдосуз?” деп сурады эле, Айитбаев “Саясатты не кылам? Зарыл болсо Жылдыз эжеден сурап ал” деп багытты калыстар тобунда отурган Жылдызкан Жолдошевага бурду. Жылдызкан Жолдошева ордунан туруп, “Суу, жер, кен эгемендүүлүктү тастыктайт. Баары элибизде калса дейм” деп жооп берди.
Калыстардын берген упайы боюнча Идрис Айитбаев менен Баян Акматов 70, Акматбек Султан уулу 69 упай, ал эми Болот Назаров, Тынчтык Эсенбай уулу, Элмирбек Иманалиевдер 68 упайдан алышты. Айтыштын салты боюнча, бирдей упай алган төкмөлөрдүн улуусу жеңүүчү болот. Бул салтка таянып, Тынчтык Эсенбай уулу финалга чыкты.
Финалда Идрис Айитбаев менен Баян Акматов кез келди. Айитбаев жолдордун, жардамга муктаж элдин көйгөйүн көтөрдү. Акматов болсо, “Тоголок Молдодой мугалимсиз. Бирок затыңыз окшошпойт. Сиз андай азап тартпагансыз” деп агасына тийишти. Айитбаев буга жооп кылып бала чагында Кыргызстанды эңсеп ыйлаганын, студент кезиндеги оор күндөрүн айтып берди эле, Баян төкмө жөн турабы, “Кайгыңды айтып жатасың. Кайраты бар азамат, кайгысын элге билгизбейт” деп кайра башка тараптан алды.
3 ТӨКМӨНҮН УПАЙЫ ТЕҢ ЧЫКТЫ
Финалдагы коюлган баалардын жыйынтыгы менен Идрис Айитбаев, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу ар бири 70 упай, Тынчтык Эсенбай уулу 66 упай топтошту. Окшош упай алып калгандардын улуусу катары Идрис Айитбаев баш байгени илип кетти. Ал 200 миң сом, биринчиликти алган Баян Акматов 150 миң сом, 2-орундун ээси Акматбек Султан уулу 100 миң сом жана Тынчтык Эсенбай уулу 50 миң сом сыйлыкка татышты. Калган 8 төкмө 30 миң сомдон алышты. Баш байгенин ээси Идрис Айитбаев алган акчанын 20 пайызын өзүнө алып, калган 80 пайызын кайрымдуулукка жумшаарын айтты.
Перизат Музуратбекова