(Башы өткөн сандарда)
Кыз бензиндин жытына думугуп жөтөлдү. Аскарды атып келгени да жигитти ишендирген жок. Биротоло түңүлгөнбү?
– Мейли, өрттөсөң өрттө! Бирок акыркы жолу бир угуп кой...
– Эмнени?
– Эй дос, угуп койчу! Угуп койчу! Шашпа... Бейкүнөө адамдардын жанын кыйган жатасың,- экөөнүн сөзүнө Бекжан чебелектеп аралашты.
– Мен андай болорун билген жокмун. Ошол түндү эстей аласыңбы? Мен Аскар сырага уу аралыштырганын билген эмесмин. Адегенде Саша байке кулап түштү. Бир аздан кийин сен сүйлөнүп жатып жыгылдың. А мен түшүнбөй эле элейип калдым. Карасам Аскар мени карап жылмайып туруптур. “Сен мени мененсиң да, туурабы?! Мен экөөбүз үчүн ушуга бардым. Артыкча кишилердин кереги жок. Бактылуу болобуз” деп колундагы канжар менен мангалдагы чокторду оодарды. Мен терс жооп берсем эле ошол жерден мени өлтүрөрүн түшүндүм. Айтчы, менде кандай жол бар эле?
Тилек мунун баарын укпастан өйдө көтөрүлүп, от коё берүүнү ойлонду. Бирок ичиндеги белгисиз бир күч Сабинаны угууга аргасыз кылды.
– Айтчы, эмне кылышым керек эле? Мен баары бир ага алым жетмек эмес. Ал баарыбызды алдады. Канча жылдан бери чогуу жүргөн Саша байкени күм-жам кылды. Мени эч ойлонбой эле өлтүрүп салмак...
– Сабина эмнеге биз уу кошулган сыра ичтик? Анткени билген эмеспиз. Туурабы? А сен ууланган жоксуң? Эмнеге? Анткени ууланбаганын ичтиң. Кантип таза сыраны айырмаладың?
– Мага сыраны Аскар сунуп жатты. Жакшылап эсте. Ал атайлап мага таза сыраны, силерге ууланганын бериптир. Ал муну мага өзү айтып мактанды.
– Хе...
– Тилек... Менде башка арга жок болчу. Эмне дээримди билбей турганда Саша байкенин оозунан ак көбүк атып титиреп жатып калды. Аз өтпөй кырылдап жан берди. “Азыр Тилегиң да өлөт” деди Аскар. Эң башкысы тирүү калышым керек болчу. “Ыңгайы келгенде Аскарды өлтүрөм, бирок азыр анын тилин алышым керек” деп дароо чечим чыгардым. Башка аргам жок болчу... Эмне кыла алат элем, айтсаң?! Ал Саша байкени сарайга сүйрөп жөнөдү. Сарайдын бир бурчунан кичинекей чуңкур казып, менин көзүмчө көмүп салды. Чыксак сен жаткан жериңден камыш аралап сойлоп кетипсиң. Сен жаш болгон үчүн ууну көтөрүп кеттиңби түшүнө албайм. Айтор, тирүү экенсиң. Аскар сен тарапты карай тапанча көтөрүп басканда “мен Тилекти өзүм өлтүрөм” деп тапанча сурадым. Ал колундагы эки пистолеттин бирин мага карматты.
– Аскарды атып салууга мүмкүнчүлүк бар болгон экен да? Сенин колуңда курал болгон турбайбы!- Тилек ойлуу үн катты.
– Балким, мүмкүнчүлүк бар болчу... Бирок...
– Бирок сага Аскар менен калып, акча чачып каалагандай жашап кетсе болот деген вариант көбүрөөк жакты. Мен аны түшүнүп эле турам.
– Тилек, сен ал кездеги менин абалымды түшүнбөй жатасың. Мен өң-алеттен кетип калгам. Колдорум токтоосуз титиреп жатты. Сага карай басып барсам, эсиңди жоготуп камыштын арасында жатыпсың. Дем алып жатканың билинди. 5-6 кадам арыраакта эле Аскар турган. Мен калтыраган колдорум менен пистолетти кармап алып Аскарды ата албасымды түшүндүм. Мен ага курал каратканча эле ал мени атып өлтүрмөк. Мен жерде жаткан сени каратып ок чыгардым. Өлтүрдүм деп Аскарды алдадым. Сени тирүү алып калуу үчүн ушинттим. Сени тирүү алып калуу үчүн Марска чалдым...
– А сен анын телефонун кайдан алып жүрөсүң?
– Саша байкенин ишеничтүү адамы сага тааныш Айка деген кызды жана Марсты башынан эле аңдып жүргөн. Алардын телефондору, даректери... Айтор, бардык нерсеси бизге маалым болчу. Саша байке “муну менттердин кадамын санап туруу үчүн жасап жатам. Тилекке айтпа, бизге ишеними кетип калат” деп эскерткен. Анын сага жамандык кылайын деген ою болгон эмес.
– Билесиңби, мен сага жолуккан, сени менен жүргөн күндөрдүн баарын сага кошуп өрттөп жиберейин деп чечип койгом. Андыктан сенин бир да сөзүң мага ынанымдуу болгон жок.
– Кандай түшүнбөйсүң... Сенин тирүү экениңди Марстын телефонуна чалып билдим. Аны белгисиз жаш бала көтөрдү. Ошондо эле телефонду ыргыткан адам сен дедим. “Саша байкенин үйүндө 50 миң доллар бар” деп буларды алдап алып келдим. Мени жалгыз жиберишпейт болчу...
– Ооба. Чын эле 50 миң доллар бар деп алып келген,- Бекжан дагы сөзгө аралашты.
– Колуңарда 700 миң туруп 50 миң доллар үчүн келдиңерби? Хе...
– Эй дос... Силер качып кетүүгө баары даяр. Бизди өлтүрбө. Акчанын баарын автобуска катканбыз. Эки адам Орусияга чейин байкалбай кете тургандай атайын орун даярдадык багаждан... Мен силерди алып чыгып кетем. Мага айырмасы жок. Аскарбы, сенби? Башкысы, долямды алам, силерди алып чыгып кетем... Ойлончу жакшылап! Бир мүмкүнчүлүк берчи өзүңө дагы, бизге дагы. Качып чыгып кеткиле да, каалагандай жашай бергиле!
– Сенин атың ким?
– Бекжан...
– Балдарың барбы?
– Албетте! 4 балам бар. Кичүү уулум 4-класста окуйт.
– Анда мындай... Азыр мен сени бошотом. Экөөбүз үйүңө барабыз. Сен уулуңду алып чыгасың. Автобустун багажында уулуң да кетет.
– Уулум... Уулумду аралаштырбай эле койсокчу?
– Уулуң болгону кепилдик болот. Мен сага башкача ишене албайм.
– Жарайт. Макулмун...
Тилек Бекжандын колу-бутун чечти. Бул учурда кыз башын жерге салган бойдон дым чыгарбай отурду.
– Бул кыз чындыкты эле айтты...- Бекжан бошонуп алып, корккон үн менен кыз тарапка ээгин жаңсап сүйлөдү.
– Эми аны убакыт көргөзөт. Кана мунун да колдорун чечип кой...
ххх
Сашанын эски, бирок тыкан бойдон турган үйүн заматта жалын каптап калды. Жалбырттаган отту боорунда миң түркүн кыла чагылыштырган кызыл Мерседес короодон чымын-куюн боло чыгып кетти.
Рулдагы адам газдан күчүн чыгара заматта асфальт жолго чыга түшүп, өзүнчө шуу үшкүрүп жиберип, ылдамдыкты кызыл чекке жеткире жөнөп берди. Канча жылдык айдоочулук тажрыйбасы болсо да Бекжандын машинага жаңы түшүп жаткандай көңүлү айланып, кара шилекейин кылт жута баратты. Деги бул эмне болгон киши? Жашоосунан түңүлгөн немеби? Эгер Мерседес учууга кудурети жетчү болсо, дароо асманга карай айдачудай мотордогу бардык күчтү трассага салып баратат. Деги аман жетсе экен!
А бул арада болсо Мерседестин багажында бензин жыттанып калган саамайын сөөмөйүнө ороп алып, караңгылыкта Сабина өз алдынча сонун кыялдарга батып баратты. Тилекке эч кандай таарынган жок. Анын ордунда баары ошентмек. Түшүнүүгө болот. Эң башкысы ал аны өлтүргөн жок. Ырас кайдыгер кишидей карамыш болуп жатат. Бирок көзүндөгү Сабинаны көргөндө чыга калчу учкундар дале турат. Кыз аны көрдү... Сезди.
– Бир аз жайлатып эле айдабайсыңбы, дос?- Бекжан айласы кете сурады.
– Жай жүрө турган кырдаал эмес.
– Түшүнүп турам... Бирок азыр МАИ тоссо эмне кыласың?
– …
– Багаждагы кызды көрүшсө даана ит болуп жүрбөйлү.
– Кам санаба, аларга токтобойм!- ылдамдыкты дагы жогорулатып айтты Тилек. Айткандай эле Балыкчыдан өткөндө "чырр" эте ышкырык чыгып, анан аз өтпөй сиреналардын чуулдаганы угулду...
– Ана, кууп келе жатышат!- деди Бекжан коопсуздук курун тагынып. МАИчинин Реносу чуулдаган сиренага өзүнүн ызылдаган мотор үнүн кошуп алып ызалангандай тызылдап келе жатыптыр...
(Уландысы кийинки санда)