БАРДЫГЫ ФУТБОЛ ТУУРАЛУУ

МЫКТЫ ФУТБОЛЧУ БИР ЖЫЛДА КАНЧА ТАБАТ?

Акча эч качан көп болбойт. Өзгөчө 35-37 жашында карьерасын аяктап жаткан көпчүлүк футболчулар үчүн. Ошондуктан, алар карьерасын аяктагыча жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө гана аргасыз болушпастан, жетекчиликтен чоң айлыкты да өндүрүп алууга умтулушат. Мыкты жана жолдуу оюнчулар миллиондогон долларга келишим түзүүгө жетишишет. Төмөндө дүйнөлүк жана Россиялык эң мыкты футболчулардын бир жылдык айлык акыларынын суммасы.

ДҮЙНӨЛҮК ФУТБОЛЧУЛАР

Михаэль Баллак “Челсинин” жана Германиянын курама командасынын жарым коргоочусу, 30 жашта, 10 миллион евро.
Андрей Шевченко “Челсинин” жана Украинанын форфарды, 30 жашта, 10 миллион евро.
Рональдиньо “Барселонна” жана Бразилиянын курама командасынын форфарды, 27 жашта, 9 миллион евро.
Фрэнк Лэмпард “Челсинин” жана Англиянын курама командасынын жарым коргоочусу, 28 жашта, 7,8 миллион евро.
Дэвид Бекхэм “Реалдын” жарым коргоочусу, 31 жашта, 6,4 миллион евро.
Уэйн Руни “Манчестер Юнайтед” жана Англиянын курама командасынын форфарды, 21 жашта, 5,2 миллион евро.
Жанлуиджи Буффон “Ювентустун” жана Италиянын курама командасынын дарбазачысы, 29 жашта, 4 миллион евро
Петр Чех “Челсинин” жана Чехиянын курама командасынын дарбазачысы, 24 жашта, 3 миллион доллар.
Европада айлык акы футболчулардын кирешесинин бир бөлүгү гана, калганын алар рекламадан табышат. Мисалы, Рональдиньо өткөн сезондо рекламадан 14 миллион евро, Бекхэм 11,5 миллион евро, Руни 10, 8 миллион евро акча тапкан.

РОССИЯЛЫК ФУТБОЛЧУЛАР

Анатолий Тимощук “Зениттин” жарым коргоочусу, 28 жашта, бир жылда 3 миллион евро табат.
Украиналык легионер, мурда “Шахтёрдо” экенинде бир жылда 0,7 миллион евро тапчу.
Андрей Аршавин “Зениттин” форварды, 25 жашта, жылдык тапканы 2,5 миллион евро. Павел өзүнүн кеңешчисинин акылы менен “Зениттин” жетекчилигин айлык акымды көбөй­тпөсөңөр, “Спар­такка” өтүп кетем” деп коркутуп, айлыгын көбөйт­көнгө жетишкен.
Фатих Текке “Зениттин” форварды,29 жашта, бир жылдагы маяналарынын сум­масы 1,7 миллион еврону тү­зөт.
Улуту түрк бул оюнчу эки сезондо эле 61 гол киргизүүгө убада берген. Бирок, азырынча анын эсебинде 10 чакты гана гол бар.
Дмитрий Лоськов “Локомотивдин” жарым коргоочусу, 32 жашта, жылдык маянасынын суммасы 1,5 миллион евро.
Аталган клубда 10 жылдан бери тер төгүп иштеп келет.
Сергей Игнашевич “ЦСКАнын” жана Россиянын курама командасынын коргоочусу, 27 жашта, 12 айда 1,5 милион евро табат.
Армян улутундагы бул футболчуга эгиз инилери дем берип, колдоп келет.
Алехандро Домингес “Зениттин” жарым коргоочусу, жылдык маяналарынын жалпы эсеби 1,5 миллион евро.
Аргентиналык оюнчу, мурун “ Рубинде” ойноп жүргөндө деле бир жылда ушундай өлчөмдөгү киреше тапчу. 2006-жылы Колумбиядан жана Татарстандан түшкөн келишимдерден баш тартып, “Зенитте” калууну чечкен.
Егор Титов “Спартактын” жарым коргоочусу, 30 жашта, бир жыл ичиндеги эмгек акысы 1,4 миллион евро.
Жаш кезинде аталган командада мыкты ойногонуна карабастан миллиондон аз тапчу. Азыр сиңирген эмгегине карап, мурункудай көр­сөткүч бере албаганына карабай клуб көп төлөөдө.
Павел Погребняк “Зениттин” форварды, 23 жашта, жыл ичинде жалаң маянасынан 1,2 миллион евро киреше табат.
Мурунку “Балтиканын” жана “Томскинин” оюнчусу жылдык кирешесин көбөйтүү үчүн дагы мээнет кылуусу талап кылынат.
Игорь Акинфеев “ЦСКАнын” дарбазачысы, 21 жашта, бир жыл эмгектенип тер төккөнү 1,2 миллион евро турат.
Учурда “Зенитчилерден” аз алып жатканы менен жай айынан баштап айлыгы көбө­йөт.
Даниэль Карвалью “ЦСКАнын” форварды, 24 жашта, 12 айдагы маянасын чогултканда 0,8 миллион евро болот.

ФУТБОЛДОГУ ВУНДЕРКИНДДЕР

  • Футболдогу вундеркинддердин ичинде 1-орунда Бразилиялык легендарлуу футболчу Пеле (Эдсон Арантис ду Насименту) турат. Ал 15 жашында (1955-жылы) белгилүү “Сантос” клубунда ойноп, 17 жашында Бразилиянын курама командасынын курамында Дүйнө чемпиону болуп калган. Пеле карьерасын аяктагыча 1363 матчта ойноп, 1281 гол киргизүүгө жетишкендигин кошумчалай кетели.
  • Россиянын Москвасында төрөлүп-өскөн Эдуард Стрельцов да карьерасын эрте баштаган. 16 жашында Эдуард (1953-жылы) “Торпедодо” ойноп, 18 жашында СССРдин курама командасына кабыл алынган. Бирок, өкүнүчтүүсү анын карьерасы аягына чейин Пеле сымал ийгиликтүү уланып барган эмес.
  • ХХI кылымдын вундеркиндине 17 жашында ЦСКАнын курамында Россиянын Чемпиону болуп калган (2003-жылы) дарбазачы Игорь Акинфеев кирет. Ал 18-19 жашында УЕФАнын кубогунун, Россиянын суперкубогунун ээси болуп калган. Игордун 4 жашында футболго башталган кызыгуусу ошентип, 2004-жылы «Жылдын дарбазачысы» наамын алып берген. Учурда көптөгөн футбол сүйүүчүлөрдүн кумири Игорь Россиянын курама командасынын дарбазачысы.

ФУТБОЛ ФАНАТТАРЫНЫН “СӨЗДҮГҮ”

Ар бир кыймылдын өзүнүн сөздүгү болот. Төмөндө футбол фанаттарынын сөздүгүнөн кыскача
Аргументтер – таштар, бөтөлкөлөр, союлдар жана башкалар
Акция – фанаттардын бир клубунун башка фанаттар клубуна каршы жүргүзгөн операциясы
Баннер – клубдун эмблемасы же фанаттар тобунун транспаранттары
Бас – автобус
Бомжпакет – кургак кесме пакети, мисалы “Кукси”
Балабол – телекоментатор
Гоп – тамак-аш, семечка
Демократизатор – менттердин резина дубинкасы
Ермак – чемпионат алыскы же жакынкы өлкөдө өтө турганына карабай оюнду көрүп, кумирлерин колдоо үчүн барган фонат
Бака – клубун өзгөрткөн фанат
Карлик – жаш, тажрыйбасыз фанат
Космонавт – шлем, бронежилет кийип, дубинка менен куралданган ОМОНчу.
Махач – мушташ
Махало – капталдан байкоочу судья
Менотавр – атчан милициялар
Профилакторий – медициналык соолуктуруучу жай
Секирик – бирөө жарымга кол салуу
Полис – милиционер
Кулдар – чет өлкөлүк легионерлер
Кара чыйырчыктын уясы – комментатордун кабинасы
Стадик – стадион
Скальпер – колдон билет алып сатуучу
Сфера – ОМОНчунун каскасы
Рычаг – кол же бут
Жебе – мамилелерин тактоо үчүн каршылашкан бир топтун экинчи топ менен жолугушуусу
Траблмэйкер – мушташ аракеттерин жакшы билген фанат
Тикет – матчка же поездге билет
“Утка”- стадиондогу орундук
Файер – факел
Фантомас – жаш, тажрыйбасыз күйөрман

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан