ӨЛДҮ ДЕЛГЕН ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ 17 ЖЫЛДАН КИЙИН ТИРҮҮ ТАБЫЛДЫ

Индонезияда цунами учурунда өлдү деп эсептелген полиция кызматкери Абрип Асеп 17 жылдан кийин тирүү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Асептин үй-бүлөсү аны 2004-жылы 26-декабрда болгон табигый кырсыктан көз жумду деп жүрүшкөн. Бир нече убакыт бою ал дайынсыз жоголгондордун тизмесине киргизилген, кийин аны өлдү деп эсептешкен. Көрсө, ал ушул жылдар аралыгында Ачех провинциясында жайгашкан психиатриялык ооруканада күн өткөрүптүр. Ал цунамини башынан өткөргөндөн кийин психикалык жактан жабыркап, ооруканага түшүп калган.

"Мен ишене албайм, 17 жыл бою ал жөнүндө эч кандай кабар болгон эмес, биз ал каза болду деп ойлогонбуз. Тирүү экенин билген эмеспиз",- деди Асептин жакындарынын бири. Психиатриялык оорукананын кызматкерлери буга чейин Асептин үй-бүлөсүнө бул кабарды билдирбегенинин себеби белгисиз бойдон калууда.

2004-жылы 26-декабрда Индонезияга жакын жерде күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн айынан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө цунами келип чыгып, андан 270 миңден ашуун адам каза болгон.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан