Гана өлкөсүнүн (Африка) борбордук аймагындагы Гомоа чыгыш округунун тургундары тирүүлөй көмүлгөн он айлык баланы таап алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
2021-жылдын 18-март күнү кечинде көлдүн жээгинде ойноп жаткан балдар кумга көмүлгөн он айлык баланы таап алышкан. Алар бул тууралуу чоңдорго билдиришкенде, алар дароо келип, баланы казып алышкан. Бирок анын каза болуп калгандыгы билинген.
Бала ак кездемеге оролуп, башы төмөн каратылып көмүлгөн. Анын оозу, мурду, көзү жана кулагы пахта менен жабылган.
Күбөлөр бул кылмыш “Сакава” шылуундарынын колунан келди деп шектенгендерин айтышкан. Алар африкалык салттуу ырым-жырымдарды аткарабыз деп Гананын атуулдарынан акча өндүрүп жүрүшкөн.
Ымыркайдын сөөгү полицияга экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн.
Жолдубек Качкынбаев