“АТЫРДЫ ЭРКЕК ӨПСӨ ЭКЕН ДЕГЕН ЖЕРИҢИЗГЕ СЕБИҢИЗ!”

Коко Шанель – француз модельери, Chanel мода үйүнүн негиздөөчүсү болгон. XX кылымда Европа модасына таасири тийген айым. Анын фирмасы чыгарган Chanel №5 атыры XX кылымдын бестселлерине айланган. Коко Шанелдин сулуулук, аял тууралуу цитаталарын сунуштайбыз.

  • Өзүн күтө билүү жүрөктө, жан дүйнөдө башталышы керек. Буларсыз кандай косметика болсо да күчү жок.
  • Жүз – бул ички жан дүйнөнү чагылдырган күзгү, ага өзгөчө көңүл бур!
  • 20 жаштагы бийкечте табияттан берилген өң болот. 50 жашта сулуу өң-түскө ээ болуу үчүн көп эмгек керек.
  • Аял жаман кийинсе кийимди эстеп калышат, аял кынтыксыз кийинсе аялды эстеп калышат.
  • Сулуу эмес аялдар болбойт, өзүнө кам көрбөгөн аялдар болот.
  • Эгер аял боёнбосо, анда ал өзү жөнүндө өтө жогорку ойдо.
  • Жакшы көрүү – илим, сулуулук – курал!
  • Атыр – бул көзгө көрүнбөгөн, бирок унутулбай турган өзгөчө модалуу аксессуар. Ал аялдын келгенинен кабар берет, кеткенден кийин да аны эстетип турат.
  • Атырды кайда себүү керек? Эркек сиздин кайсы жериңизден өпсүн десеңиз ошол жерге.
  • Кандай гана болбосун эркектин жашоосунда бир гана аял болот, калгандары анын көлөкөсү.
  • Аялды абдан кымбат костюмчалык башка эч нерсе картаң көрсөтпөйт.
  • Аялдар эркектерге караганда кече көйнөгүн кылдаттык менен тандашат.
  • Бийкечтердин иши канчалык жаман болсо, алар ошончолук жакшы көрүнүүгө тийиш.
  • Кол – аялдын визиттик карточкасы, моюн – анын паспорту, көкүрөгү – чет элдик паспорту.
  • Кийимдин ичинде аял бар экенин эч качан унутпагыла.
  • Алмашкыс болуу үчүн дайыма өзгөрүп туруу керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mubarak
2021-04-05 09:58:23
Кокурогу загран :)
-1
Shekeev969798
2021-04-05 22:28:49
Mubarak,)))
-1
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан