Тагдыр адамга ар кандай сыноо берип сынайт. Каарманыбыз Айдана Демир да башына түшкөн мүшкүлгө чыдап, оорукчан апасынын өмүрү үчүн жандалбастоодо. Ал үчүн элден жардам суроого аргасыз.
“АПАМ 2005-ЖЫЛДАН БЕРИ ТӨШӨКТӨ”
– Мен 1989-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөм. Учурда Бишкек шаарында апам менен батирде турам. Апам Байбосунова Шабыркүл 1957-жылы туулган. Кант диабети менен жабыркап, 2005-жылдан бери төшөктө жатат. 2019-жылы атамды Бишкектен машина сүзүп кетип каза болуп калды. Ошол учурда мен Москвада иштечүмүн. 2020-жылдын декабрь айында бир тууган агам жүрөк оорусунан көз жумду. Апамды байкем каза боло электе жеңем экөө карачу. Азыр жеңем үч баласы менен өзүнчө турат.
“ҮЧ АГАМ КАЗА БОЛУП КАЛДЫ”
– Мурун Каракол шаарында жашачубуз. Атам менен апам кыш заводдо иштечү. Атамдын өнөкөт астма оорусу бар болгондуктан климат алмаштырыш керек болуп, 2000-жылы Бишкекке көчүп келгенбиз. Апам 1992-жылдан бери кант диабетинен жабыркайт. Ал төшөктө жатып калганга чейин заводдо иштеди.
Негизи төрт бир тууган элек. Үч агам каза болуп калды. Бир байкемди 19 жашында машина сүзүп кеткен. Экинчиси ооруп каза болгон. Үчүнчү агамды аман турса деп тилесек, ал да оорудан көзү өтүп кетти. Мен өзүм оор жашоонун айынан мектепти толук бүткөн эмесмин. Турмушка чыгып, бирок ажырашып кеткем.
Эми мага бир нерсе болбосо экен деп Кудайдан тиленем. Кокус кырсык болуп көз жумсам апамды карай турган эч ким жок калат.
“ЭТ КӨРӨ ЭЛЕГИБИЗГЕ КӨП БОЛДУ”
– Апам экөөбүз мен Москвада иштеп жүргөндө чогулткан акчам менен жан багып келген элек. Ал түгөнгөндөн бери тамак-ашыбыз жок отуруп калдык. Эптеп бир нан таап келип, аны апама берип, өзүм бирөөлөр таштап кеткен кыям менен чай ичип жүрөм. Эт көрө элегибизге көп болду.
Кант диабети менен ооруган адамдын териси өтө назик болот экен. Үч жылдан бери терисинин бир жери сыйрылса эле жара болуп кетет. Дарыгерлер “атопиялык дерматит” деген диагноз коюшкан. Териси жара болуп отуруп 10 чакты күндө айыгат. Бирок кайра эле башка жери башталат. Азыркы тапта бели, табарсыгы оорутат. Колу-буту жакшы иштебегендиктен өзү тамак иче албайт. Жанынан чыкпай карап отуруш керек. Жалаягын убагында алмаштыруу керек. Андыктан апамды үйгө жалгыз таштап иштеп кете албайм.
“АПАМ 2000 СОМ ПЕНСИЯ АЛАТ”
– Үчүнчү байкем каза болгондон кийин апамдын акыл-эси жайында болбой калды. Күндүз же түндө бир маал ойгонуп алып арбактар менен “сүйлөшөт”. Бая күнү “үйгө арстандар келди, сен бул бөлмөгө кирбе, мен өзүм жатам”,- дейт.
Кээде өзүнөн-өзү эле кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу салат. Аны тынчтандыруу кыйын. Врач жазып берген дарыны берип, 1-2 сутка уктатып, араң өзүнө келтирем. Апамдын ошондой ызы-чуусунун айынан бизди улам бир кожоюн батирден кууп чыгат. Сыягы, кошуналар кожоюнга айтып даттанышат окшойт. Ошентип кайра батир издемей башталат. Бир жолу кыштын күнү жууркан-төшөктөрүбүз менен көчөдө калдык. Апамды коляскасына салып, үстүнө төшөнчүлөрдү артып көчтүм. Азыркы жашап жаткан үйгө чейин бир нече жолу батир котордук.
Азыр жашап жаткан үйдө апамды жуунтуп-тазалаганга бардык шарттар бар. Бул үйдөн да куулуп калбай узак жашасак экен дейм. Апам 2000 сом пенсия алат. Ал дары-дармеги менен жалаягына да жетпейт.
“ЭЛДЕН ЖАРДАМ СУРООГО АРГАСЫЗМЫН”
– Атам жактан туугандарыбыз жок, анткени ал жетим эле. Тайларым колунан келишинче жардам берди. Айла жок элден жардам суроого аргасызмын. Апамды дарылатып, жок дегенде жашоосун 2-3 жылга узартсам дейм.
Жардам сурап социалдык тармакка кайрылсам “жалгыз апаңды бага албай эмне болдуң?” деп жүрөктү ооруткан сөздөрдү жазышыптыр. Жогоруда айтканымдай, иштейин десем апам каралбай калат. Карылар үйүнө таштаганга дитим барбайт, апамды багуу парзым. Элден жардам түшсө апамды дарылатып, жакшыраак тамак берип өмүрүн узартсам дейм. Биздин жакшылыгыбызды көрбөй ушинтип өтүп кетеби деп ичим өрттөнөт.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
KICB картасы
9417 2194 4732 7119 (Элкарт)
Тел.: 0707 81 81 50
Жолдубек Качкынбаев