ЦИКЛАМЕН ГҮЛҮН ӨСТҮРҮҢҮЗ

Курбумдун бул гүлүн көрүп “сүйүп” калдым. Таажысын тагынып такта отурган ханышага окшоп ачылган гүлгө кимдин көзү түшпөсүн? Бул гүлдү кантип өстүрүп, кам көрүү керектиги боюнча тажрыйбалуу гүл өстүрүүчү Гүлназ Эрматова кеңеш берди.

Цикламен көпкө чейин гүлдөп турган өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Гүлү менен сизди 5-6 айга чейин кубандырат. Гүлүнүн жеңил жыпар жыты бар. Жалбырагы да кооз, гүлдөбөй турса да бөлмөңүзгө көрк кошо алат.

Өстүрүү. Гүлдү уругунан өстүрүп, көбөйтсө болот. Топуракка нейтралдуу чым, кокос субстратын, ошондой эле үчтөн бир бөлүктөгү агроперлит, кум кошуп даярдап, уругун сээп, үстүн кара целлофан менен жаап коюу керек. 2 айда өсүп, жалбырак байлашат. Андан соң өз-өзүнчө идишке отургузабыз. Өтө терең болбогон жайык, кызылчасынан эки эли чоңураак болгон идиш сунушталат. Отургузуу учурунда кызылча сымал түйүлдүгү сыртка чыгып турушу керек. Бул өтө маанилүү. Эгерде гүл дүкөнүнөн сатып алганы жатсаңыз, ушул түйүлдүгүнө маани бериңиз. Гүл алгач түйүлдүгүн чоңойтуп отурат, андан соң жалбырактары көбөйүп, 10-12 айдан кийин гүлдөп баштайт.

Сугаруу, кам көрүү. Цикламенди жумасына 2 жолу, сабагынын түбүнө эмес, четине аз-аздан суу куюп сугаруу керек. Күн чыгыш же батыш тарапка, жайкысын түндүк терезеге – күн нуру түз тийбеген, бирок жарык жерге коюу керек. От жагылган бөлмөдө гүл ооруп кыйналат. Бул убакта көзгө көрүнбөгөн зыянкечтерди жок кылуучу химиялык препараттарды өлчөмүнө жараша сууга кошуп жалбырактарына чачып дарылаңыз. Айына бир жолу жер семирткич бергениңиз жетиштүү.

Эс алуу учуру. Цикламен гүлү салкын жерди сүйөт, +20 градуска чейинки жылуулукка чыдай алат. Эгер андан жогорулап баштаса гүлдөрү түшүп, жалбырактары саргайып “уйкуга” кирет. Тактап айтканда, кызылча сымал түйүлдүгү калат. Ага бул учурда кам көрүп, түйүлдүгүнө эки жумада бир аз-аздан суу куюп туруңуз. “Уйкуга” кеткен цикламендин күн салкындай баштаганда кайрадан жалбырактары чыгып, 2-3 айдан кийин гүлдөп баштайт.
Эгерде үйүңүз салкын болсо гүлдөп бүткөндөнкийин “уйкуга” кетүүгө камынбайт, жалбырактары жашыл бойдон тура берет да, 2 айдан кийин кайрадан гүлдөп чыгат.

Урук алуу. Урук алуу үчүн гүлдөп жатканда гүлүн чертип чаңдаштырып туруңуз. Урук байлап жаткан гүл урукту бышыруу үчүн азык-заттын баарын ошол жакка жумшайт. Ошондуктан аз гана убакытка гүлдөп калат. Эгер урук албай, 5-6 айга чейин гүлдөп турсун десеңиз, желекчеси түшүп, урук түйө баштаганда ал сабагын түбүнөн тартып жулуп салыңыз. Саргайган жалбырактарын да ушундай жол менен тазалап туруу сунушталат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
i-bilim
2021-04-06 10:17:42
Кооз гул турбайбыыы.
0
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан